3-февралда Тажикстандын Юстиция министрлиги Вахдат шаарындагы №3/2 абагында тополоң чыгып, жазасын өтөп жаткан үч адам каза болгонун, абактын үч кызматкери жараат алганын билдирди.
Анда соттолгон адамдардын тобу "колдо жасалган куралдары" менен түрмөнү кайтарган кызматкерлерге кол салганы айтылды. Маалыматта алар "абактан качуу үчүн кызматкерлерди өлтүрүүнү максат кылышканы" белгиленди.
"Кол салууда үч кызматкер оор жараат алды. Алар курал колдонууга аргасыз болушкан. Натыйжада үч кылмышкер өлтүрүлүп, калгандары кармалды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Абактагы тополоң тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы да жазып, редакцияга түрмөнүн короосунда беш адамдын сөөгү жаткан сүрөт келгенин билдирди. Azda TV телеканалы жети кишинин аты-жөнүн жарыялады.
Көп өтпөй "Pamirinside" Телеграм-каналы да абакта жети киши каза болгонун ырастаган сүрөттөрдү жана алардын аты-жөнүн жарыялады.
Журналисттер мүрт кеткен эки кишинин баш кийиминдеги жазууларга көңүл бурган. Анда "Ислам мамлекети" террордук (ИМ) тобунун эн белгиси жазылган.
Азырынча окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат айтыла элек. Тажик бийлиги кол салган топтун ичинде тогуз киши болгонун белгилеп, бирок ысымдарын жана алар качан, кандай айып менен камалганын ачыктаган жок.
"Кандуу спектакль"
Вахдаттагы колонияда каза тапкандардын саны тууралуу расмий маалымат журналисттердин айткандарына дал келбейт. Оппозиция өкүлдөрү түрмөдө өлтүрүлгөндөрдүн саны расмий маалыматтагыдан көп экенин 3-февралда билдиришти.
Чет өлкөдөгү оппозициялык партияларды жана кыймылдарды бириктирген Тажикстандын Улуттук альянсынын төрага орун басары, бозгундагы Шарофиддин Гадоев Вахдат шаарындагы абактагы тополоңду "тажик атайын кызматынын спектакли" деп сыпаттады.
"Тополоң версиясы акылга сыйбайт. Анткени алар тыкыр көзөмөл астында тургандыктан качууну уюштура алышмак эмес. Сөөктөрдүн биринин башында ИМдин символу түшүрүлгөн баш кийим табылганы андан да шектенүү жаратууда. Камактагы адам мындай буюмду тыкыр текшерүү турганда кантип алмак эле? Албетте, бул "буйрутма реквизиттер" спектаклдин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн коюлган. Бул жөн гана тажик режиминин кезектеги спектакли", - деп жазды тажик оппозиционер Гадоев.
Ал ошондой эле Вахдаттагы тополоңду тажик бийлигинин "эл аралык коомчулукту манипуляциялоо, калкты коркутуу жана Дональд Трамптын жаңы администрациясынан каржылык колдоо алуу максатында жасаган атайын операциясы" деп сыпаттады.
"Ислам мамлекети" террордук уюмунун Сириядагы жана Ирактагы бөлүмү АКШ башында турган коалиция тарабынын 2019-жылы талкаланып, дээрлик жок кылынган. Бирок жикчил топтор, анын ичинен "Вилаят Хорасан" (ИМ-К) Ооганстан менен Пакистандын аймагында террордук аракеттерин жүргүзүп келген.
"ИМдин" Ооганстандагы мүчөлөрү Түштүк Азияда, Иранда жана Орусияда жапырт өлүмгө алып келген теракттарды ишке ашырууда.
Эксперттердин айтымында, 2024-жылы 22-мартта Москвага жакын жердеги "Крокус Сити" концерттик залындагы терактка "Ислам мамлекети-К" тобу айыпталып жатканы анын дымагы жана мүмкүнчүлүгү артып, тамырлап аткан уюмдардын сап башына чыкканын айгинелейт.
Абактарда тополоң чыккан
Вахдат шаарындагы жаза аткаруу мекемесинде буга чейин да тополоң чыгып, каза болгондор катталган. 2019-жылы 19-майда кечинде чыккан тополоңдо 32 киши көз жумган. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкерлери.
Анда түрмөдө жок кылынгандардын кеминде 17си "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү катары мүнөздөлгөн. Дагы беш киши Тажикстанда тыюу салынган оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрү катары көрсөтүлгөн.
Ошондой эле 2018-жылы 8-ноябрда да Кожент түрмөсүндө тополоң чыгып, аны басуу учурунда расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки түрмө кызматкери курман болуп, дагы бешөө жараат алган.
Анда тажик бийлиги айыпталуучулар тополоң уюштурууга төрт ай даярдык көргөнүн билдирген. Козголоң үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алган. Бирок камактагылар террордук топтун өкүлдөрүнөн эч кандай тапшырма албаганы кабарланган.
Коженттин абагындагы буга чейинки тополоңго түрмө кызматкерлердин камактагыларга катаал мамилеси себеп болгону айтылган. Буга байланыштуу түрмөнүн сегиз кызматкери камалган. Алардын арасында абактын жетекчиси Файзулло Сафарзода да бар.
2023-жылы "Тажикстандын улуттук альянсы" уюму укук коргоо уюмдарын өлкөдөгү түрмөлөрдөгү кырдаалга, айрыкча саясий туткундардын абалына дыкат көңүл бурууга чакырган. Чет өлкөлөрдө негизделген тажикстандык төрт оппозициялык топтун башын бириктирген уюм тажик абактарында кармалып отурган саясий туткундардын саламаттыгына, алардын медициналык жардам алуусуна көзөмөл жүргүзүү зарыл болуп жатканын билдирген.
2024-жылы январь айында Тажикстандагы абактарда 13 500дөн ашык, тергөө абактарында 1 300дөн ашуун адам кармалып турганы жөнүндө расмий маалымат чыккан.
2024-жылы апрель айында АКШнын Мамлекеттик департаменти "Тажикстанда түрмөлөр ашыкча толуп кеткен" деген атайын отчетун жарыялагандан кийин, расмий Дүйшөмбү эл аралык жолугушуулардагы билдирүүсүндө "абактардын айрымдары жаңы, андагы шарттар эл аралык стандарттарга ылайыктуу" деген таризде жооп кайтарган.
Шерине