Ал арада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташ катталып, 9-класстын окуучусу ооруканада көз жумду. Окуя катталган эки мектептин тең жетекчилери кызматтан алынганы белгилүү болду.
"Баламдын токмоктолгонун аны жерге бергенден кийин билдик"
4-февралда каза болгон Аннас Айтбаевдин атасы Дөөлөт Айтбаев менен апасы Нуриза Эрмекбаеваны Бишкек шаардык милициянын алдынан жолуктурдук. Алар бул жерге акыйкаттык издеп келишкен экен.
Дөөлөтбек Айтбаев уулу Аннас мектептеги зомбулуктун айынан каза болду деп эсептейт. Буга далил катары баласынын телефонуна келген аудио билдирүүлөрдү көрсөтүп жатат. Ал жерден башка бир баланын "үкөм, үчүнчү күнгө чейин 500 сом даярдап койгула" деп жатканын угууга болот.
Айтбаевдин айтымында, баласы 21-январда №72 мектептен сабалып, 4-февралда ооруканадан каза болгон. Бирок Аннастын токмоктолгонун аны жерге бергенден кийин гана угуптур:
"21-январда болгон окуяны баланы жерге берген 5-февралдан кийин угуп жатабыз да. Алар бизге "дааратканадан өзү кулап түшүптүр" деп коюшкан эле. Кийин достору, классташтары биздин үйгө келишиптир. Алар "досубузду уруп, салык салышкан" деп айтып беришти. Ошол окуяга катышкан, таяк жеген балдар дагы бар. Болгон маалыматтарды күч органдарына өткөрүп беребиз".
15 жаштагы Аннас Жал кичи районундагы №72 мектептин дааратканасынан сабалганы, анда 9-класстын окуучулары өзүлөрүнөн бир жаш кичүү балдарды токмоктогону айтылып жатат. Жыйынтыгында Аннас эс-учун жоготуп, ошол эле күнү кечинде реанимацияга түшүп калган.
Нуриза Эрмекбаева уулунун мектептин дааратканасында сабалганын директор, мугалимдер башынан эле билгенин айтат:
"Эртең менен баламды саат сегизде мектепке таштап кеткем. Андан кийин 10:37де класс жетекчиси "бала дааратканадан жыгылып түштү" деп чалып калды. Келсем, дарыгерлер бар экен. Бардыгы жакшы экенин айтышты. Баламды үйгө алып кетейин десем, баса албай калды. Ошол күнү кечинде эле реанимацияга түшүп калды. Биз ошол жерде баламдын оорусу менен 15 күн чуркадык. Дарыгерлер таң калып, “баланы уруп койгон эмеспи?” деп сурашкан. Ошондо директору менен мугалимдер “баланын сабалганы айтылып жатат” деп койгондо, дарыгерлер башкача дарыламак. Булар жоопко тартылсын!”.
Бул факт боюнча "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшү Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө да алынганы айтылды. Ал эми шаардык кеңештеги “Эл үмүтү” фракциясы көчмө жыйын өткөрүп, окуяга тиешелүү адамдар жоопко тартылышын талап кылууда. Шаардык кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу буларды айтты:
“Бул жерде кызматтык шалаакылык бар. Мектеп жетекчилиги чоң кемчилик кетирген. Мындан тышкары "Тез жардам" кызматы да жакшы көңүл бурбай кетип калып атат. Андан кийин №3 балдар ооруканасында да 18 саат жатып калат. Үчүнчүдөн, ошол мектептеги өспүрүмдөр менен иштеген инспектордун да чоң күнөөсү бар. Жогоруда аталган кызмат адамдары убагында чара көргөндө, бала аман калышы мүмкүн эле да. Бишкек боюнча 121 мектеп бар. Андагы рэкетчилик менен күрөшпөсөк болбой калды. Буга чара көрүш керек".
13-февралда №72 мектепке барганыбызда, шаардык мэриядан текшерүү келгенине күбө болдук. Алар мектеп окуучусу каза болгон окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок сөз болгон мектепте билим алган башка бир окуучунун апасы келип, анын баласы да көптөн бери чоңсунууга кабылып жүргөнүн айтып берди.
“Экинчи класста окуган баламды төртүнчү класста окуган бала уруп жатыптыр. Ошон үчүн келгем. Ал бала жок экен. Мугалимдер болсо менин баламды күнөөлөп коюшуптур”, - деди өзүн Азиза деп тааныштырган айым.
Кара-Суудагы каргаша
12-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Адылбек Султанов атындагы мектепте да ушундай эле окуя катталды. Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 11:00 чамасында аталган мектептин 9-классынын жана 11-классынын окуучулары мушташып, натыйжада 9-А класстын окуучусу Адилет Турдубаев жабыркаган. Бала ооруканада көз жумган. Азырынча көз жумган баланын жакындары окуя боюнча үн ката элек.
Бул окуядан кийин бир топ кызматкерлер, жалпы жонунан жети адам иштен алынганы белгилүү болду. Мисалы, мектептин директору Нурланбек Калмурзаев, орун басарлары Улпатхан Жунусалиева жана Гүлсүнай Кулболдиева, мектептин социалдык педагогу, мушташка катышкан балдардын класс жетекчилери менен чогуу кызматынан четтетилди.
13-февралда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңеште буларды айтты:
"Балдарга зыян келиши өтө өкүнүчтүү окуя. № 72 мектептин кызматкерлери кызматтан кетти. Кара-Сууда дагы жети киши кызматтан кетти. Бишкекте 106 мектеп видео көзөмөл менен жабдылган. Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлорунун санын көбөйтүп, мектептерди психолог менен камсыздоо да зарыл".
Ички иштер министрлиги 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын кабарлаган соң, суицидге барган айрым балдар мектептеги чоңсунуунун (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салганы тууралуу жакындары билдиришкен. ИИМ мындай окуяларда балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн.
Шерине