Жамалдын сөзүнө караганда Мексиканын аймагында ара жолдо калган кыргызстандык көп. Алардын көпчүлүгү үй-бүлөсү, бала-чакасы менен баргандар, бирок артка кайткандар дээрлик жок. Чек арада калгандар Америка кирүүгө уруксат берет деп үмүт кылып, күтүп жатышат.
Өткөн айда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "АКШнын аймагында жүргөн жана бул өлкөгө барууну пландаштырган кыргыз жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону, өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү" эскерткен.
Жамалдын күйөөсү эки жыл мурда Америкага Мексика аркылуу кирген. Ал күйөөсү Кыргызстанда саясий куугунтукка кабылып, өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.
“Күч органдары бизге тынчтык бербегенинен ушундай кооптуу жол менен сапарга чыкканга мажбур болдук”, - дейт Жамал.
"Азыр үч балам менен Мексиканын Тихуана шаарында турам. Бул жакка биз январдын башында келгенбиз. Дароо эле батирге чыктык. Алгачкы эки күнү отелде жашадык. Кийин жарнактарды карадык. Орустар, армяндар, азербайжандар, кыргыздар жашаган район бар экен. Ошол жерге келип, батир алдык. Бир айга 1500 доллар экен. Башында келгенде “эмне мынча кымбат?” деп таң калдым. Бирок айла жок. Мейманканада жашасак мындан да кымбат болмок экен. Тихуана шаары абдан кымбат шаар экен. Тамак-аш кымбат. Көп акча кетип жатат. Биздин сом менен эсептегенде бир күндө 4-5 миң сом кетип калып жатат. Аргасыздан алат экенбиз.
“Каракчыларга тонолуп кала жаздадык”
“Биз Мексикага Бишкек-Алматы, Алматы-Бразилиа, Бразилиа-Мехико каттамдары аркылуу жеттик. Аба майдандан Uber такси чакырып, Тихуанага кетип баратканыбызда куралчан адамдар токтотушту. Баламды унаадан чыгарып, документтерин, сумкасын текшерип, “акча кайда?” деп сурашыптыр. Балам “акча апамда” деп айткан экен. Мени чыгарып, “акча бер” деп, документтеримди текшерип жатканда, коркконумдан ыйлап жибердим. Ошогобу, билбейм, сумкамдан акча таппагандан кийин бизди кое беришти. Көрсө таксинин айдоочулары “менде чет элдик жүргүнчү бар” деп каракчыларга кабар берет экен. Аэропорттон таксиге отурган көптөгөн кишилерди ошентип каракчылар тоногон учурлар болуптур”.
Ошентип Жамал балдары менен Тихуанага жеткен. Ал жакка барары менен мигранттарга башпаанек сурап, АКШга кирүүгө мүмкүнчүлүк берген CBP One тиркемесине катталып, чек арадан өтүүгө чакыруу күтүп жүргөн экен.
Бирок 20-январда АКШнын жаңы шайланган президенти Трамп ишке киришкен күнү бул тиркеме жабылган.
Жамал CBP One тиркемеси иштебей калганда ал жердеги мигранттардын баары нес болгонун айтат. Үч үй-бүлө уруксатты күтүп жатканда жолу жабылып, алардын бири - кыргызстандык үй-бүлө 20-январда АКШга кире албай калганын айтып берди.
"CBP One тиркемесине катталгандан кийин сүйүнүп отуруп калганбыз. Жолугушуу күнү белгилүү болсо, атабызга жолугабыз, аз калды деп жатканбыз. Бир аз күтсөк эле киребиз деп ойлогонбуз. Көңүлүбүз аябай түштү. Балдардын дагы көңүлү түштү. Жолдошум менен сүйлөшүп, бир сыйра ыйладым. Эми азыр чечилер, CBP One тиркемесинин ордуна башка нерсе чыкса керек деп күтүп отурабыз. Жолдошумдун АКШга кеткенине эки жыл болду. Биз артынан баратканбыз. Балдарым эки жылдан бери атасын көрө элек. Мен жолдошумду көрө элекмин. Балдарым атасын аябай сагынды. Кечээ бизде жарык өчүп калды. Ошондо балдар менен сүйлөшүп отуруп, “Эмне жөнүндө кыялданасыңар? Эмнени каалайсыңар?” деп сурадым. “Атабызды эртерээк көрсөк, атабызга эртерээк жетсек” дейт. “Эч нерсенин кереги жок, атабызга жетели” дешти.
Жамалдын айтканына караганда, күйөөсү эки жыл мурун үй-бүлөсүн таштап, АКШга кетүүгө аргасыз болгон. Буга анын мекенинде куугунтукка кабылганы түрткү болгон экен. Жамал күйөөсүнүн коопсуздугу үчүн көп маалыматты ачык айтуудан баш тартты. Ал күйөөсү Кыргызстанда коопсуздук кызматтарында эмгектенгенин, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин ишинен куугунтукталып, үй-бүлөсү дагы кысымга кабылганын айтты.
"2022-жылы жолдошум кеткенден кийин жакшынакай эле жашап жатканбыз. “Жолдошум кетти, эми баары тынч эле болот” деп ойлогонбуз. Анан менден сурап баштаганда мен үч баламды алып башка өлкөгө кеттим. Эки баламды окууга киргизгем. Ал жактан улутчулдук маселесинен улам балдарым окуй алышкан жок. Ошентип Кыргызстанга кайтып келгенбиз. “Баары тынчыса керек, канча жыл өттү” деп ойлогом. Келсек кайра башталды. Күйөөмдүн өкмөттө иштегени, Кыргызстанда жок болгону, кайсыл жакка кеткени боюнча суроолор болуп, артыбыздан түшүп, кысым биздин үй-бүлөгө, мага, улуу балдарыма көрсөтүлгөнү үчүн биз дагы аргасыздан жолго чыктык".
“Азаттык” бул маалыматты ырастай албасын эске салабыз.
Жамалдын айтымында, күйөөсү Америкага киргенден кийин адвокат жалдап, саясий башпаанек сураган. Бирок азыр анын сот иштери аягына чыга элек.
Учурда ал АКШда ар кандай жумуштарда иштеп, Мексикада ара жолдо калган үй-бүлөсүнө акча салып жатыптыр.
“Жакшы жаңылык күтүп отурабыз”
Жамал Кыргызстанга кайтуу жолун караштыра элек. Ал кандай болгон күндө да балдары менен АКШга кирүүгө аракет кылганы турат.
“CBP One тиркемеси жабылып калса деле эч ким артка кайткан жок. Бул жакта кыргыздар абдан көп. Көпчүлүгү үй бүлөсү менен келишкен. Көптөрүнүн акчасы түгөнүп жатат. Артка кетебиз десе деле билет алганга акчасы жок. Баарыбыз эле Америкага кирүүнүн мыйзамдуу жолун карап, маселени оң тарапка чечет деп отурабыз. Ушунча кишини талаада калтырбайт деп үмүт кылып жатабыз”.
Акыркы жылдары Мексика аркылуу АКШга барган борбор азиялыктардын саны арбыган. “Америка кыялына” жетеленгендер чытырман токойду аралап, деңизди желим кайыктар менен кесип өтүп, картелге тонолуп жатса да бул кооптуу жол менен Мексикага жетип, ал жерден CBP One тиркемеси аркылуу АКШга киргенге аракет кылышчу.
"Божомолдорго, элдин жана жаңылыктарда айтылган сөздөргө караганда “90 күндөй күтүш керек” деген маалымат болуп жатат. 90 күндөн кийин билинет деп жатышат. CBP One тиркемесин кайра иштетип башташат. Же ошого окшогон программа чыгарышат. Же башкача жол менен мыйзамдуу түрдө киргизе башташат деген маалыматтар болуп жатат. Бул эми так маалымат эмес. Эл арасында айтылып жатат. Маалымат күнүгө алмашууда. Кечээги жаңылык эски болуп калууда. Күндө эртең менен жаңы кабарларды карап жатабыз. Күн сайын, ар бир саат сайын жаңы жаңылык, жаңы мыйзамдар чыгып жатат", - дейт Жамал.
2025-жылдын 20-январында президент Дональд Трамп кызматка киришкен күнү тиркеме жабылып, ага чейин катталгандардын тизмеси жокко чыгарылган. Натыйжада АКШ Мексика менен чек арасына миңдеген аскер жайгаштырды. Ал жердеги дубалга тикенек зым орнотулуп жатканы кабарланды.
АКШнын өзүндө мыйзамсыз делген мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортациялар күч алууда. Президент Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.
Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жолдор менен гана барууну такай эскертет.
Шерине