Чырдын башы
“ЭлКат”– Кыргызстандагы эң алгачкы жана ири провайдерлердин бири. Ал коңшу өлкөлөрдөн интернет алып келип, өз кардарларына сатат. Компания өзү билдиргендей, анын магистралдык линиялары 2500 километрден ашып, өлкөнүн булуң-бурчундагы кайсы объект болбосун интернетке кошуп бере алат. “ЭлКат” 1994-жылы түптөлүп, былтыр 30 жылдыгын белгиледи.
Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча “ЭлКат” алгач мамлекеттик-жеке компания болуп түзүлгөн. Тагыраагы, 51% президенттин иш башкармалыгына, 49% “Компьютердик технологиялар борбору” (“Центр компьютерных технологий”) компаниясына таандык болгон.
1998-жылы “ЭлКаттын” ээлери алмашып, “Компьютердик технологиялар борборунун” ордуна “Айкөл-5” компаниясы үлүшкө кирет. УКМКнын версиясына ылайык, “Айкөл-5тин” ээлери президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери болгон.
Тергөө билдиргендей, 2006-2007-жылдары алар “бийликтеги коррупциялык байланыштарын пайдаланып”, мамлекетти “ЭлКаттын” курамынан чыгарышкан. Бирок эч кандай компенсация төлөнгөн эмес.
УКМК "ЭлКат" телекоммуникация тармагындагы стратегиялык маанилүү ишкана экенин, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирүүдө.
10-февралда атайын кызмат “ЭлКаттын” кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, үч адамды камакка алды. Алар – “ЭлКаттын” башкы директору Уланбек Толубаев, “Айкөл-5” компаниясынын ээлери Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелев. Соттун чечими менен алар 3-апрелге чейин тергөө абагына камалды.
УКМК кармалгандарды Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айыптады.
Максим Бакиевдин үлүшү
Айтылган айыптар боюнча “ЭлКаттын” учурдагы ээлеринин пикирин билүү азырынча мүмкүн болгон жок. Компаниянын өкүлдөрү жооп берүүдөн баш тартышты. Камакка алынган жетекчилеринин адвокаты Жибек Абдукаримова дагы азырынча эч кандай маалымат бербей турганын айтты.
Бирок ачык маалыматтарга ылайык, “ЭлКаттын” айланасындагы талаш-тартыш 2007-жылы бүткөн эмес. Тескерисинче, негизги окуялар ошол убакта башталган.
Маалымат каражаттары жазгандай, 2007-жылы президенттин уулу Максим Бакиев провайдерге көз артып, үлүшкө кирген. Ал үчүн “25-кадр” аттуу компания түзүлүп, ал “ЭлКаттын” 24,46% ээ болгон. Ошентип, “ЭлКаттын” эки кожоюну пайда болот:
- “ЭлКаттын” мурунку ээси “Айкөл-5” компаниясы (75,54%)
- Жаңы түзүлгөн “25-кадр” компаниясы (24,46%)
2010-жылы бийлик алмашып, убактылуу өкмөт “25-кадр” компаниясын улутташтырат. Башкача айтканда, “ЭлКаттын” 24,46% мамлекетке карап калат.
Бирок ошол эле жылы “Айкөл-5” сотко кайрылып, “ЭлКатты” толугу менен кайтарып берүүнү өтүнгөн. 2012-жылы Жогорку соттун чечими менен “Айкөл-5” кайрадан “ЭлКаттын” жалгыз кожоюну болуп калат. Провайдердин ээлери ушуну менен чекит коюлду деп ойлошкон.
Жарым миллиард сомдук келишим
2019-жылы чырдын жаңы толкуну башталат. Эми мамлекеттик “25-кадр” компаниясы сотко кайрылып, мурунку 24,46% үлүшүн кайтарып берүүнү талап кылган. “Айкөл-5”, албетте, буга макул болгон эмес.
Талаш төрт жылга созулуп, 2023-жылы эки компания тынчтык келишимин түзөт. Ага ылайык, “Айкөл-5” компаниясы “25-кадрга” 500 млн сом төлөп берип, ошону менен үлүш чыры чечилмек. “Азаттыктын” ишенимдүү булактары айтып бергендей, чынында “Айкөл-5ти” бул сумманы төлөөгө мажбур кылышкан.
Кандай болсо да, “Айкөл-5” жарым миллиард сом төлөп берүүгө макул болот. Эки компаниянын макулдашуусуна мамлекет өзү ортомчу болуп берет. Тагыраагы, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик арбитр болуп, 2023-жылы 20-октябрда “Айкөл-5” менен “25-кадр” тынчтык келишимин түзүшөт. Инвестициялар агенттиги “Азаттыкка” бул маалыматты тастыктады.
Келишимге ылайык, “Айкөл-5” компаниясы “25-кадрга” 2025-жылдын аягына чейин бир нече транш менен 500 млн сом төлөп бермек. Эки тарап талаштардын баарын токтотуп, мындан ары да эч кандай териштирүүлөрдү баштабайбыз деп макулдашкан.
“Азаттыкка” тийген дүмүрчөктөрдө жазылгандай, “Айкөл-5” бүгүнкү күнгө чейин 350 млн сом которуп берген. “ЭлКаттын" ээлери мунусунда да маселеге чекит коюлду деп ойлошкон.
Туманбаевдин дайындоосу жана 51% доо
Бирок 2025-жылы 10-февралда УКМК “ЭлКаттын” кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, “ЭлКаттын” башкы директору Уланбек Толубаев, “Айкөл-5” компаниясынын негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелевду кармап кетти. Алар 3-апрелге чейин камалды.
11-февралда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев “ЭлКаттын” жетекчисин алмаштыруу тууралуу чечимге кол койду. Тагыраагы, ал камакка алынган Уланбек Толубаевдин ордуна Нурадил Баясовду дайындады.
Учурда “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомунда мамлекеттин үлүшү жок. Мындан улам президенттин иш башкаруучусу кантип жеке компаниянын директорун алмаштырды деген суроо коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Каныбек Туманбаев же өлкө башчысынын администрациясы бул документти төгүндөгөн жок.
Ал эми Нурадил Баясов 12-февралда “Азаттыкка” аны президенттин иш башкармалыгы дайындаганын тастыктады.
“Убактылуу ушундай чечим кабыл алынды. Себеби укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ушул жуманын аягында тергөө иштери бүтсө, маалымат беришет го. Мен “ЭлКаттын” ишин туура алып кетүү жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дайындалдым”, - деди ал.
Баясов дагы “ЭлКаттын” 51% башынан эле президенттин иш башкармалыгына таандык болчу деп билдирди. Анын айтымында, “кийин ар кандай жолдор менен аны жеке колдорго чыгарып кетишкен”.
Буга чейин соттук териштирүүлөрдө жана 2023-жылы түзүлгөн тынчтык келишиминде 24,46% тууралуу сөз болуп келбеди беле, "Эмнеге кайрадан 51% деген доомат көтөрүлдү?" деген суроого Нурадил Баясов мындай жооп берди:
“Бул тарыхый маалымат, өзүнүн хронологиясы менен келгенде. Бул боюнча укук коргоо органдары маалымат берет. Биз азыр комментарий бере албайбыз”.
Жыйынтыгы кандай болот?
УКМК билдиргендей, учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүүдө. “ЭлКаттын” өкүлдөрү жана камакка алынган жетекчилеринин жактоочулары абалга баа берүүдөн баш тартышты.
“"ЭлКат” мамлекетке өтүп жатабы?" деген түз суроого Нурадил Баясов “Билбейт экемин” деп жооп берди. Ал “Айкөл-5” компаниясы буга чейин төлөп койгон акчанын тагдыры боюнча да маалымат бере албастыгын айтты.
Мамлекеттин “ЭлКатты” көзөмөлдөө аракети “Кыргызтелеком” жана “Акнет” компанияларынын окуяларын да эске салды.
2024-жылы өкмөт “Кыргызтелекомду” эл аралык трафикти камсыздаган жалгыз оператор катары дайындоону сунуштаган. Айрым адистер мындай демилге интернет трафигин көзөмөлдөөгө багытталган деп сындашкан.
Ал эми 2023-жылы “Акнет” провайдеринин негиздөөчүсү Кубан Ажимудинов жети жылга эркинен ажыратылган. Бул компаниядагы акционерлеринин чыры 2018-жылы башталган. Ишканада үч адамдын үлүшү бар экени, алардын бири Кубан Ажимудинов салык төлөөдөн качуу, документ жасалмалоо, куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана башка кылмыштарга шек саналып кармалган. Ал эми анын тарапкерлери “Акнет” рейдердик басып алууга кабылганын, Ажимудиновдун компаниядагы үлүшүн тартып алуу аракети болуп жатканын айтышкан.
Шерине