Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:39

"Кундузду дагы туран жолборсундай жок кылдык"


Орто Азиянын дарыя кундузу. (коллаж)
Орто Азиянын дарыя кундузу. (коллаж)

Кыргызстанда кундуз калбай калганы белгилүү болду. Зоологдордун айтымында, бул сейрек жаныбардын жок болушуна адамдын ишмердиги түздөн түз таасир эткен. Кундуздун үзүлгөн тукумун кайра уласа болобу, ал үчүн кандай иш-аракеттерди кылуу керек?

Кыргызстанда дагы кайсы жапайы жандыктарды жок болуп кетүү коркунучу тооруп турат? “Жер эне” подкастында зоолог, биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков ушул маселе тууралуу айтып берет.

"Кундуздун жайыты тарып, жеми азайды"

- Аскар мырза, Кыргызстанда кундуз жок болуп кеткени маалым болду. Маекти ошол себептен ал андай жаныбар, анын жок болуп кетишине эмне себеп болду деген суроодон баштасак...

Аскар Давлетбаков.
Аскар Давлетбаков.

- Кундуз – суусар түркүмүнө кирген жырткыч жаныбар. Орто Азия жана Европа кундузу деп экиге бөлүнөт. Биздин чөлкөмдү жана Ооганстанды Орто Азия кундузу байырлайт. Бул жаныбар катаал шартта жашай алганы үчүн айрым элдерде өткүрлүктүн, чыдамкайлыктын символу болгон. Европада илгери кундуздун этин жешчү экен. Азияда аны жешкен эмес, бирок териси үчүн баалашкан. Андан азыр да тебетей, чыптама, жакалуу тон тигишет. Ошол териси анын жок болуп кетишине себепчи болду. Жаныбарлар кандай учурда кырылат? Биринчиден, табигый апаат болгондо. Бирок бизде кундузду тукум курут кылгандай жаратылыш кырсыгы каттала элек. Демек, киши колдуу болду.

- Биз, кыргыз жарандары анын жашай турган аймагын да жок кылып жаткан турбайбызбы?

- Кундуз өзү саздак, камыштуу жерде болот. Андай жерлер Ысык-Көлдө бирин-серин бар, Чүй облусунда камыштуу көлмөлөр дээрлик калган жок. Башка аймактарда кундуз дарыя жээгинен кездешчү. Бирок азыр суу боюндагы чакан токойлордун аянты кыскарып жатат. Буга малдын көбөйүшү себеп. Жайытта чөп калбаганы үчүн суу жээгинде оттоп, туягы менен да өсүмдүктөрдүн тамырын кошо эзип жатат. Кундуз балык жегени менен, ошол суу жээгинде төлдөйт. Жашай турган жери тарып жатпайбы анын. Үчүнчү себеп - суу ресурстарынын ашыкча коромжу болушу. Калктуу конуштар көбөйүп, айыл чарба үчүн жерлерди өздөштүрүп, токойго керектүү сууну сугатка буруп жатышат. Бадалдуу жээктердин, саздардын экосистемасы бузулду. Аны калыбына келтирүү өтө кыйын. Ушунун баары кундуздун жок болушуна алып келди.

- Кундуз мурда эле Кызыл китепке кирген турбайбы? Кайсы жылдарда толук жок боло баштады?

-Кундуз бир эле Кыргызстандын эмес, бүтүндөй Орто жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кызыл китебине кирген. Ал эми Европа кундузу кирген эмес. Бизде кундуз 80-жылдары эле сейрек кездеше баштаган. Анткени айлана-чөйрө булганып, аңчылык күч алган.

80-жылдары чыккан Кызыл китептин биринчи басылышына кундузду жоголуп бараткан түр катары киргизгенбиз. Экинчи басылышы 2007-жылы чыкканда “өзгөчө көңүл бурууну талап кылган жаныбар” деп кирген.

20 жылдай мурда Алайдагы Кызыл-Суу, Көк-Суу дарыяларынын жээгинде азыраак кундуз бар болчу. Мен өз көзүм менен көргөм. Акыркы жолу эл аралык уюмдардын колдоосу менен иликтөө жүргүзгөндө бул жаныбар жок болуп кеткени билинди. Ага чейин аймактарды кыдырдык, балким сакталып калды деген ой менен фотокапкан да коюп көрдүк, сурамжылоо жүргүздүк. Кышында атайын бардык, анткени кар түшкөндө кундуздун бар-жогун аныктоо оңой. Бирок учурата албадык. Эл арасында “кундузду көрдүк” деген адамдар болду. Бирок алар айткан америкалык норка болуп чыкты. Бул биздин жергиликтүү, эндемикалык жаныбар эмес. Илгери четтен алып келишкен. Эми кийинки Кызыл китепке кундуз "жоголуп кеткен түр" деп кирет. Аны кайра көбөйтүү үчүн өкмөт жакшы иштеши керек.

- Кундуз сууда жашап, балык менен азыктанат турбайбы. Өзү башка жырткычтарга жем болгон жокпу?

- Суу боюнда форель чарбаларынын көбөйгөнү да абалды оорлотту. Кайсы бир жылы сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Ушундай чарбалардын биринин ээси балыгын жеген эки кундузду атып салганын айткан. 2015-жылы дагы бир фермага барсак, кундуздун териси илинип турган экен. Көрсө, жээкке чыккан кундузду фермердин ити талап салыптыр. Терини кийин Кыргызстанда ушундай кундуз жашаган дегенге илимий далил болсун деп алып кеткем. Азыр зоологиялык коллекция катары сакталып турат.

Акыркы жылдары иттердин көбөйгөнү көйгөй жаратууда. Малдуу адамдар 10 чакты ит кармашат, бирок дурустап тамак бербейт. Бир жылы жайлоого барсам, бир койчунун 11 тайганы бар экен. Тайган идеалдуу аңчы да. Менин көзүмчө бир эчки менен тоо текени жара тартышты. Ага кундуз эмне болуп калыптыр. Экинчиден, элетте жолбун иттер да көбөйдү. Беш жыл мурда Таласка барганда беш-алты үйүр ит көргөм. Топтошуп алып, тоо-ташты аралап жүрүшкөн, азыр андан да көп болсо керек. Алар айлана-чөйрөгө жана жапайы жандыктарга кандай коркунучтуу экенин билесизби? Ошон үчүн бизге ит кармоо жөнүндө мыйзам керек.

Андан тышкары балык чарбаларына карата талапты жөнгө салуу үчүн нормативдик актылар зарыл. Биз ушул иликтөөдөн кийин Айыл чарба министрлигине жана Балык чарба департаментине атайын сунуштарды бердик. Эгер форель чарбалары тууралуу мыйзам кабыл алынса, биз балык баккандарга жырткычтардан жана канаттуулардан кантип коргонуу керек деген көрсөтмөлөрдү бермекпиз. Муну менен биз фермерди да, жапайы жандыктарды да коргоону көздөп жатабыз.

- Ар жылы суу киргенде ошол чарбалардын балыгын агызып кеткенин угуп калабыз. Биологиядан форель жырткыч экенин окуганбыз да. Алар суудагы эндемикалык балыктарды жеп жатса керек?

- Албетте. Мурда биздеги сууларда көк чаар (осман) эндемикалык балыгы бар. Акыркы жылдары ал түр азайып кетти. Союз маалында форелди башка өлкөдөн алып келип, көлдөргө коё берүү чоң жаңылыштык болгон. Азыр суу жээктеги чарбалардан агып кеткен форелдер башка абориген балыктарды жеп жатат. Кундуз өзү балык көп жерди байырлайт дебедикпи. Акыркы жылдары жеми азайды да. Эл дагы балыкты тор менен кармап жатат. Андан тышкары ток жүгүртүшөт. Электр кайырмагы менен балыкты тутуу оңой. Бул дагы жапайы жандыктардын тоют базасына оңбогондой зыян келтирүүдө.

- Кыргызстандагы кундуздун жоголуп кетиши коңшу өлкөлөрдөгү бул жаныбарларга да таасир этет деп жазылып жүрөт. Кантип таасир этиши мүмкүн?

- Бизге байкалбаганы менен, жаныбарлар арасында миграция болуп турат. Бул калыптанып калган табигый процесс. Жаныбарлар ошол жол менен кан жаңыртат. Бизде кундуз жоголсо, жакынкы жылдары Казакстанда жок болушу мүмкүн. Өзбекстанда азыраак сакталып калган күндө да имбридинг башталат. Бул жаныбарлар туюк чөйрөдө ич ара аргындашып, акырындап генетикалык сапаты начарлайт деген кеп. Иммунитет начарлаганда, алар кайсы бир ылаңга туруштук бере албай, өзүнөн өзү жок болот.

- Кундузду коңшу өлкөлөрдөн алып келип, кайра көбөйтсө болобу?

- Ал үчүн атайын кундуз фермасын ачуу керек. Мен буга жакшы мисал келтире алам. Мурда Кыргызстандын аймагында жейрендер бар болчу. Бир гана Нарын облусунда жок эле. Эгер адам тийишпесе, ал жакка деле бармак. 80-жылдары жейренди Кызыл китепке киргизгенбиз. 2000-жылдары Кыргызстанда бул жаныбар тукум курут болгон. Кийин Өзбекстан менен сүйлөшүп, эл аралык уюмдардын колдоосу менен 15 жейрен сатып алдык. Мурда жейрендер ары-бери өтүп жүргөн да. Ошол чоң түрдүн кайсы бир бөлүгү Өзбекстанда сакталып калган. Анан Тоңдо чарба түздүк.

Азыр ал жердеги жейрендер экинчи жолу төлдөштү. Бир-эки жылда жаратылышка кое беребиз. Бул реинтродукция же адамдын кийлигишүүсү менен ишке ашкан процесс. Кундузду дагы ошондой кылыш керек. Бирок аны алып келгенге чейин аларды коё бере турган аймактардын абалын изилдеш керек. Эгер ошол аймакта экосистема бузулса, кайра ордуна келтирүү кажет. Жээктеги жашыл аянттарды коргоого алып, суудагы жергиликтүү балыктарды көбөйтүү абзел. Ага чейин кундузду жабык жайда кармап, көбөйтүп алсак болот. Анан аймактарга алып барып коё беребиз. Бул жерде эң башкысы, ошол аймакта жашаган адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Ансыз кылган аракеттин баары текке кетет.

Алтайдан келген маралдар кооптуубу?

- Кыргызстанды кундузга окшош суусар да байырлайт эмеспи. Анын да териси баалуу. Ал барбы азыр?

- Суусардын биздеги түрү негизинен тоо-ташта жашайт. Бул жаныбар деле сууда сүзгөндү билет, бирок балык жебейт. Ошон үчүн дарыяга көп жолобойт. Анын дагы териси өтө баалуу. Аны дагы ошон үчүн жок кыларда Кызыл китепке киргизгенбиз. Азыр эмнеге суусар аман калып, кундуз жок болуп кетти деген суроо туулушу мүмкүн. Анткени суусар, көзгө көп чалдыкпайт. Адамдын буту баспаган жерлерди байырлайт. Түн ичинде жем издеп чыгат. Кундуз болсо күндүзү жортот. Баары аны көрүп турат. Ошон үчүн кармоо да, атуу да оңой.

- 80-жылдары Кыргызстанга ондатрларды четтен алып келишкен деп айтышат. Бул жаныбар деле сууда жашайт да. Кундуздун жемин кошо талашса керек.

- Өткөн кылымдын 1950-60-жылдары Советтер Союзунда жана бүткүл дүйнөдө жергиликтүү фаунаны аңчылык түрлөр менен байытуу деген программа болгон. Ошол программанын негизинде ондатрды, тыйын чычканды, зубрды, енот сымал итти, енотту, аңчылык үчүн куштарды алып келишкен. Алардын көбү биздин табиятка ыңгайлаша алган эмес. Бирок ондатр, америкалык норка, тыйын чычкан көнүп кетти. Анткени биздин жаратылыштагы ушул орундар бош турган. Ондатр балыкты кармаса жеши мүмкүн, бирок ал көбүнчө чөп менен азыктанат. Америкалык норка кургакта да, сууда да жашай алат. Канаттууну да, балыкты да, баканы да жейт. Енот-полоскун жаңгак токойунда сакталып калды, бирок анча көп эмес. Биздеги кыш катаал болгону үчүн көбөйө албайт экен. Ал эми зубрдун акыркысын 2000-жылы атышкан. Бирок аны сактап койсок деле болмок. Эртең Беловеж токоюнда (Беларус) кайсы бир себептен улам зубр жок болуп кетсе, бул жактан алып барып калыбына келтирүү үчүн резервдик түр болмок.

- Учурда Алтайдан алып келген маралдар Таластагы Беш-Таш коругунда жайылып жүрөт го...

- Ооба, аларды башында “жабык чарбада кармайбыз” деп алып келишкен. Эгер жабык чарбада кармай турган болсо, жаныбарларды сырттан алып келүүгө мыйзам уруксат берет. Биз, илимпоздор ошон үчүн макул болгонбуз. Көрсө, алар бизди адаштырган экен. Чарбадагы шарттын начардыгынан жаныбарлар жайытка чыгып кетти. Азыр ээн-эркин оттоп жүрүшөт. Мен муну биологиялык диверсия деп эсептейм. Ылаң алып келгенден тышкары, бул маралдар гибриддик түрлөрдү да пайда кылат. Натыйжада биз аборигендик фаунаны жоготобуз. Аборигендик фауна - бул ушул аймакка ыңгайлашкан, табият чынжырына катышып, өз милдетин аткарган жаныбарлар. Биз ошол жергиликтүү түрдүн генетикасын сакташыбыз керек.

Азыркы ички жана эл аралык конвенцияларга ылайык, жергиликтүү табиятта жок жаныбарларды алып келип, табиятка коё берүүгө болбойт. Анткени анын кесепети болот. Сырттан келген америкалык норка баарын жей турганын жана айтпадыкпы. Кошумча бир жырткыч пайда болсо, жергиликтүү фаунага күч келет. Ошол эле тыйын чычкан келгени айрым канаттуулар жок болду. Мурда шаарда таранчы, боз чымчык, ала чымчык дегендер бар эле. Азыр көрбөйсүң. Анткени тыйын чычкан канаттуунун жумурткасын да, балапанын да жейт. Андан тышкары өсүмдүктөрдүн өнүп келе жаткан уругу, көчөттөр менен азыктанат.

Башка жактан келген жаныбарлар түрдүү ылаңдарды да ала келет. Убагында Кристофер Колумб Америкага Европадан тумоону кошо ала барганын окугансыз да. Жергиликтүү элдин көбү иммунитети жок болгондуктан ооруп өлүшкөн. Жаныбарлар деле ошондой. Башка жактан келген ылаңга каршы иммунитети жок, кырылып калышы мүмкүн.

- Адамдар кан жаңыртууга аракет кылышат го. Жаныбарларда андай эмеспи?

Аскар Давлетбаков экспедиция учурунда.
Аскар Давлетбаков экспедиция учурунда.

- Биз, адамдар жаныбарлардан аң-сезимибиз менен айырмаланабыз. Ойлонуп, келечекке план курабыз. Ал эми жаныбарлар андай эмес, алар жергиликтүү экосистемада белгилүү бир ролду ойнойт. Бирок жаныбарлар дагы кан жаңыртат. Мисалы, Казакстандан бул жакка келет, бизден кайра Өзбекстанга өтөт. Орто Азиядагы жаныбарлар ушундай жол менен аргындашат. Ген аркылуу аларга ушул чөлкөмдүн жаратылышына ылайык жөндөмдөр өтөт. Бирок өтө алыс жактан алып келген жаныбарды жергиликтүү түр менен аргындаштырууга болбойт. Анткени ортодо тоо, чөл, токой өңдүү географиялык тоскоолдуктар бар. Ал жактан келген түр бул жактагы үйүргө кошулса, жергиликтүү ген жоголот. Географияда Орто Азия, Борбор Азия, Европа деп жөн эле жерден бөлбөйт да. Анын баары ошол аймактагы табигый циклге, өсүмдүктөргө, жаныбарларга байланыштуу. Орто Азиядагы жаныбардын эркеги куут учурунда миграцияга кетип, ургаачы издейт. Ошону менен аларда ген жаңырып турат.

"Карышкыр жок болсо, экосистема бузулат"

- Бизде карышкыр көбөйгөнү айтылып жатпайбы. Бул жырткычка Алтайдан келген маралбы же Кыргызстандын маралыбы, айырмасы жок да. Ага эң башкысы жем керек го.

- Албетте, карышкырга баары бир. Бирок ал жергиликтүү, Орто Азия чөлкөмүндөгү гана жандыктарды жеп көнгөн, алардын ылаңына каршы иммунитети калыптаган. Ал эми Алтайдан келген маралдын ылаңына каршы иммунитети жок. Кокус аны жесе, жырткыч ооруп калышы мүмкүн.

Биз карышкырды анча барктабайбыз, "зыянкеч жырткыч" деген да макам берип салдык. Мен өкмөттүн ушул токтомуна макул эмесмин. Табиятта пайдалуу, зыяндуу деген термин жок. Өсүмдүк, жан-жаныбардын баарын кудай жараткан. Алар бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, адамдын жашоосуна шарт түзүп жатат. Аларсыз биз жашай албайбыз. Адам жок болсо, өсүмдүктөр да, жаныбарлар да жашай берет.

Биоценоз деген эмне? Бул жаныбардын өсүмдүктөр жана айлана-чөйрө менен байланышы. Кайсы бир жаныбарлар жана кайсы бир өсүмдүктөр бири-биринен тышкары, айлана-чөйрө менен тыгыз аракетте болот. Процуденты деп коёт. Булар өсүмдүктөр. Абаны, сууну, жерден минералдарды алып, кайра жаныбарга тоютка айланат. Жан-жаныбарлар концументтерге кирет. Чөптү жейт, кайра жырткычка жем болот. Жырткыч өлгөндө, аны редуценттер чиритет. Редуценттер – бул микроорганизмдер. Ошол микроорганизмдин жардамы менен жаныбардын денесиндеги минералдар кайра топуракка сиңет. Аны өсүмдүктөр тамыр аркылуу алат. Табиятта бул процесс тынбай айланып турат. Ар бир жандыктын табиятта ролу бар. Мисалы, балыктар суудагы омурткасыз жандыктарды, балырларды жеп турат. Эгер балык жок болсо, суунун экосистемасы бузулат. Балык болсо кайра эле кундуздун жеми.

- Ал эми кундуз карышкырга жем болот да?

- Албетте, карышкыр кундузду кармаса жейт. Карышкырды жогорку үлгүдөгү жырткыч деп айткым келет. Жогору үлгүдөгү жырткыч дегеним, аны кууп жеген табигый душманы жок. Карышкыр өзү жайгашкан аймактагы тоют базасына көз каранды. Жем канчалык көп болсо, ага ошончо жакшы. Монтана штатындагы Йеллоустоун паркындагы окуяны уксаңыз керек. Америкадагы бул корукта 100 жыл мурда карышкыр жок болгон. Натыйжада корукта бугу-марал өтө көбөйүп кеткен. (Айтмакчы, биздин жергиликтүү бугулар алардын тууганы, генетикалык жактан жакын.) Бугу-маралдар көбөйгөндө, жээктеги жашыл аянттар какырайып, аны менен кошо суунун нугу өзгөрүп кеткен. Ал суулардан аюу балык кармап жеген, кундуз ж.б. жаныбарлар жашаган. Ошонун баары жок болгон. Жаратылыш чынжыры бузулганда, ушундай оор кесепеттерге алып келет. Айла кеткенде, корукка 1995-жылы 15 карышкыр алып келишкен. Алар чөйрөгө бат көнүп, штаттын бийлиги 70 жыл бою канча деген акча салып, оңдой албаган корукту аз убакытта калыбына келтирген. Суу мурдагы нугу менен агып, балык пайда болгон. Башка жаныбарлар кайтып келген.

- Бирок биздеги карышкырлар бир короо койду кырып жатпайбы. Малчы элдин кой-эчкисин бакса, анан карышкыр тийип төлөмөр болгону жакшыбы? Карышкырды бизде ошон үчүн аткыла дешет да.

- Ал фермерлерге менин да боорум ооруйт. Бирок бир нерсени түшүнгүлө. Жырткычтын кайсы гана түрү болбосун табиятта өз милдетин аткарат.

Үй жаныбарлары болсо адамга көз каранды. Алардын генинде өзүн өзү коргоо инстинкти жок. Аны адам коргошу керек. Азыр айтсам, мени жаман көрүшсө керек. Бирок бул жерде малын жегизген адам өзү күнөөлүү. Анткени малды жабык жайда кармаш керек. Короонун терезесин ачык койбой тор менен жабыш керек. Болбосо түндөп кайтарсын. Короонун сыртына ток жүгүртүп койсо болот. Токко бир урунган жырткыч ал жерге кайра жолобойт, анткени анда өзүн коргоо инстинкти күчтүү болот. Бир короо койго карышкыр тийгенде, мен кырдаалды билиш үчүн ошол жерге барам. Териштире келсек, кээде адам өзү күнөөлүү болуп чыгат. Малын карабай ачык таштап, ичип алып уктап калган болот. Карышкыр тийгенде, кой үркүп, көбү тебеленди болуп өлөт. Карышкыр - бул жырткыч. Жеми көз алдында турса, сөзсүз тиш салат.

- Демек, өкмөт малчыларга жырткычтан коргонууну үйрөтүшү керек тура?

- Туура. Андай окутуулар канча жолу болду. Канча деген бейөкмөт уюмдар ушул багытта иштеди. Канча деген сунуштарды бердик. Килейген министрлик, жергиликтүү департаменттер турат. Ошолор ишти жасашы керек да. Мамлекет элди окутууга жардам берсин. Анын ордуна карышкырды кырууга чоң акча бөлүп жатат. Бирок карышкыр аябай акылдуу жаныбар. Коркунучту алдын ала сезип, изин жашырып турат. Кыргызстандын 94% тоодон тургандыктан, аны кармоо же атып көзөмөлдөө кыйын. Карышкырды кырган акчаны илимге жумшаса, жырткычтын санын табиятка зыяны тийбегендей кылып чектөө, көзөмөлдөө сунуштарын бермекпиз.

Туран жолборсу кантип жок болгон?

- Беш-алты жыл мурда Нарындан бугу-маралдарды Аксыга алып бардыңыздар эле. Алар жергиликтүү климатка көнүп, жашап кете алдыбы?

- Бул программа жакшы иштеп кетти. Азыр көбөйүп жатышат. Нарында алар корукта кармалып турушту да, адамдан чочуркабай калышты. Аксыга жаңы алып барганда айылга түшүп, сарайга кирип кеткен учурлар болгон. Жергиликтүү эл аларды айдап жиберүү ордуна момпосуй, печенье берип жатышты. Анан “алып келип, ушинтип ачка калтырышты” деген тескери пиар көп болду. Ошон үчүн элге түшүндүрүү, агартуу иштери жүрүшү керек деп жатам да. Жаныбарлар жаратылышта өз алдынча жашоого көнүшү керек. Эл тамак берүү ордуна чыбык менен акырын чаап, үркүтүп койсо, айылга жолобой калмак. Жакында жергиликтүү адистер улагын ээрчитип жүргөн маралды көрүшүптүр.

Илимге акча бөлүнсө, биз дайыма барып көрүп турат элек да. Азыр эми Тоңдогу жейрендерди табиятка коё бергенче түшүндүрүү иштери жүрүшү керек. Бирок ага мамлекет каражат бөлө элек. Түшүндүрүү иштери жүрбөсө, эртең атып жегендер чыгат. Азыр эле “жейрендин эти даамдуу болсо керек” деген сөздөрдү көп угам. Биздин эл баарына керектөөчү катары карайт. Антпей, жаратылышка суктанып, эстетикалык рахат алганды да билишибиз керек. Ага бала кезден үйрөтүү зарыл.

- Бизде дагы бир сейрек жырткыч, күрөң аюу бар эмеспи. Ал дагы жоголуу алдында турат деп окуп калдым эле.

- Табиятта ушундай, жаныбар канчалык чоң болсо, ошончо аз төлдөйт. Алардын тукуму да аябай назик келип, жашап кетиши кыйын. Ошол себептүү күрөң аюу Кыргызстанда башынан эле көп болушу мүмкүн эмес. Анткени жем тартыш. Экстремалдуу шартта, башка жырткычтар менен атаандаштыкта жашайт. Аюунун мамалагы чоңойгончо аябай аялуу болот. Аялуу деген кандай? Энесин ээрчип жүрүп аскадан учуп же сууга агып кетиши мүмкүн. Бүркүт илип кетип, карышкыр же түлкү деле жеп коюшу мүмкүн. Бир аюунун үч мамалагы болсо, анын бирөө эле аман калып жетилет. Кээде андай да болбой калат.

- Акыркы жылдары ак илбирске көңүл бурулуп келет. Алардын абалы кандай?

- Ак илбирстин абалы азыр жакшы, саны көбөйүп жатат. Мен 1994-жылдан бери иштейм. Ал кезде союз кыйрап, абал чындап оор болчу. Илимий кызматкерлер жарым жылдап айлык албай калчу. Ошол жылдары эл аралык уюмдардын жардамы менен тоого барып, аркар-кулжаларды иликтеп жүрдүм. Эки жыл ичинде Караколдон бир эле жолу илбирстин изин көргөм. Мыйзам кабыл алынып, айып пулдун саны өскөндөн бери илбирстин саны көбөйүп калды. Кар түшкөндө капчыгайдан изин көрүп жатабыз. Бул жакшы көрсөткүч. 90-жылдарга караганда абал жакшы эле. Мамлекеттин жеке аңчылык чарбаларына ишеним артканы да жакшы натыйжа берүүдө. Алар өз аймагына браконьерлерди жолотпой, кайберенди да, илбирсти да коргоп жатышат. Ушунун өзү эле жырткыч менен анын жеминин ортосундагы байланыш үчүн жетиштүү.

- Кыргызстандын аймагында илгери жолборс да болгон турбайбы. Көркөм чыгармалардан окуп калабыз, бул жырткыч айрыкча Чүй өрөөнүн байырлачу экен.

- Жолборс толук жок болгон. 20-кылымдын башында, акыркы жолу 1919-жылы Токмоктогу азыркы парк турган жерден атышкан экен. Андан кийин койчулар Чүй суусунун жээгинен изин көргөнү тууралуу маалыматтар бар. Бир саякатчы Чүйгө келип, Сыр-Дарыяга чыгуу үчүн жол издеп, суу бойлоп жүргөндө кайда токтобосун жолборстун үнү угулуп турганын жазган жайы бар. Жолборс Кыргызстандын бардык эле аймагында болгон. Падышалык Орусиянын тушунда бир миллионер адам биздин аймактан жолборс кармап, Европага сатып турган. Бир эскерүүсүн окусам, Нарынга келип, жанына кыргыздарды ээрчитип чыккан экен. “Ичпеген, чекпеген, эр жүрөк, жердин уусун, жырткычтын сырын билген нарындык эркектерди ээрчитип чыктым” деп жазып жатат.

Жолборс негизинен Азияны байырлайт. Туран жолборсу - анын бир түрү. Орто Азияда ошол түр тукум курут болуп жатпайбы. Азыр изилдеп көрсө, генетика жактан туран жолборсу Орусия менен Кытайда сакталып калган уссурия жолборсуна жакын экен. Азыр Казакстан ошол жолборсторду алып келип, багып жатат. Ага чейин алар жолборс байырлай турган жерлердин экосистемасын, жаныбарлардын санын калыбына келтиришти. Бизде деле андай иштерди кылса болот. Бирок чиновниктер муну укса эле “элдин малына тиш салат да” деп коркушат. Эми ал жырткыч болгондон кийин албетте тиш салат. Бирок биз малды эле ойлой бербей, жаратылыштагы башка жаныбарларга дагы кам көрүшүбүз керек да. Казакстан ошондой иштердин арты менен куландардын санын да калыбына келтирди. Бизде деле илгери кулан болуптур. Куланак деген аталыш ошондон калган экен. Биз аны билбей калдык. Адам баласынын эс-тутуму аябай кыска тура.

Подкасттын аудиосун бул жерден угуңуз

"Кундуз туран жолборсундай жок болду"
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:57 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG