Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Эки окуучу каза таап, бир нече бала жабыркады. Мектептеги зордук-зомбулукка эмне себеп?


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалды. Өткөн аптада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташта окуучунун өмүрү кыйылды.

Нарындын Жумгал районунда да эки бала чатакташып, бири жараат алды. Баткен шаарында болсо өспүрүм теңтушун бычактаган окуя катталды. Биринин артынан экинчиси ачыкка чыккан мындай көрүнүштөр мектептеги рэкетчилик жана чоңсунуу маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.

Жаңы жагдайлар

Бишкектеги шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жал кичи районундагы №72 мектептин окуучусу, 15 жаштагы Аннас Айтбаевдин өлүмүнө шектүү катары ушул эле мектептин окуучусу кармалды. 4-февралда каза болгон баланын ата-энеси милицияга 10-февралда кайрылган. Алар уулу 21-январда мектептин дааратканасында сабалгандан кийин эс-учун жоготуп, Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана эки жумадан кийин эсине келбей каза болгондугун билдиришкен.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү факт боюнча кылмыш иши козгоп, тергөө иштерин Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы жүргүздү.

“Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 8-класстын окуучуларынан акча талап кылгандыгы аныкталган. Ал 8-класстын окуучусу А.А.нын денесине залал келтирип, ал эсин жоготуп, ооруканага жаткырылып, каза болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") жана 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында 2009-жылы туулган Т.И. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, – деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бишкектеги №72 мектептин 8-классынын окуучусу, маркум Аннас Айтбаев.
Бишкектеги №72 мектептин 8-классынын окуучусу, маркум Аннас Айтбаев.

Милиция тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгында шектүүнүн баңгизат колдонгону аныкталбаганын кошумчалады.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы окуя тууралуу пост жазып, ата-энелерге чакырык жасады:

Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

“Бул окуя жашы жете элек болобу, ар бир кылмыш жоопкерчиликке алып келерин дагы бир жолу көрсөттү. Ата-энелер, балдарыңарды көзөмөлгө алгыла, жаш кезде тагдырын талкалап албоого багыт бергиле!” – деп жазды Орунбеков.

Мунун алдында каза болгон окуучу Аннас Айтбаевдин ата-энеси “Азаттыкка” маек берип, баласы сабалганын аны жерге берген соң укканын айтышкан.

Аннастын атасы Дөөлөтбек Айтбаев уулу мектептеги уулуна дайыма зомбулук көрсөтүлүп келгенин белгилеп, ага далил катары баласынын телефонуна келген аудио билдирүүлөрдү көрсөткөн. Анда башка бир баланын "үкөм, үчүнчү күнгө чейин 500 сом даярдап койгула" деп жатканын угууга болот.

"21-январда болгон окуяны баланы жерге берген 5-февралдан кийин угуп жатабыз да. Алар бизге "дааратканадан өзү кулап түшүптүр" деп коюшкан эле. Кийин достору, классташтары биздин үйгө келишиптир. Алар "досубузду уруп, салык салышкан" деп айтып беришти. Ошол окуяга катышкан, таяк жеген балдар дагы бар", – деген Дөөлөтбек Айтбаев “Азаттыкка”.

Шектүү өспүрүмдүн жакындары же адвокаттары азырынча эч кандай комментарий берише элек.

Маркум окуучунун атасы Дөөлөтбек Айтбаев менен апсы Нуриза Эрмекбаева.
Маркум окуучунун атасы Дөөлөтбек Айтбаев менен апсы Нуриза Эрмекбаева.

Удаа катталган окуялар

Бишкектеги №72 орто мектептеги окуя узаган коомчулукта ызы-чуу жаратып жаткан маалда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Адылбек Султанов атындагы мектепте да ушундай эле окуя катталды.

12-февраль күнү саат 11:00 чамасында аталган мектептин 9-классынын жана 11-классынын окуучуларынын мушташынан 9-А класстын окуучусу Адилет Турдубаев жараат алып, ооруканада көз жумганы белгилүү болду. Азырынча анын жакындары окуя боюнча үн ката элек.

13-февралда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңеште бул окуялар тууралуу маалымат берип жатып, аталган мектептин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери иштен кеткенин айтты:

Догдуркүл Кендирбаева
Догдуркүл Кендирбаева

"Балдарга зыян келиши өтө өкүнүчтүү окуя. №72 мектептин кызматкерлери кызматтан кетти. Кара-Сууда дагы жети киши кызматтан кетти. Бишкекте 106 мектеп видеокөзөмөл менен жабдылган. Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлорунун санын көбөйтүп, мектептерди психолог менен камсыздоо да зарыл", – деди министр.

Бул кандуу окуялар талкууланып жаткан чакта, 14-февралда Баткен шаарында дагы бир окуя чыкты. 2008-жылы туулган М.Ч. жана А.Д. аттуу эки өспүрүм 8-февраль күнү таңкы саат 6:00 чамасында чырдашып, А.Д. аттуу өспүрүм теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жибергенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматта эки өспүрүм мектеп окуучулары эместиги, 9-классты аяктагандан кийин окуудан чыгып кеткени айтылат.

15-февралда Нарын облусунун Жумгал районунда өспүрүмдөр катышкан дагы бир чатак тууралуу белгилүү болду.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына ылайык, 13-февралга караган түндө Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу чатакташып, натыйжада балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Жабыркаган бала классташы менен уюлдук телефон талашып, уруша кетишкенин, классташы аны учтуу нерсе менен сол санына сайып, качып кеткенин айтып берген. Милиция жабыркаган өспүрүмдүн ата-энеси арыз жазуудан баш тартканын, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

17-февралда Ош облустук милициясы Өзгөн районунда окуучулар мушташып, бирөө жараат алып ооруканага түшкөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 17 жаштагы К.Э. аттуу бала ооруканага түшкөнү 14-февралда кабарланган.

“Окуя боюнча териштирүү учурунда, күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Э.ни ур-токмокко алышып, денесине жаракат келтиришкен”, - деп жазылган милиция тараткан маалыматта.

Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындай окуялар былтыр да, быйыл январда да катталган. Бишкек шаарындагы №13 мектепте окуган ата-эне Акыйкатчыга 17-январда кайрылып, даттанган. Алар эки уулу ийримге баратканда ошол эле мектепте окуган балдар сабаганын айтып беришкен. 22-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан улам 25-январда ооруканада каза болгон.

Коомдогу тескери түшүнүктөр

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков мектептеги балдар аралашкан бул окуяларга коомдогу көрүнүштөр таасир этип жатат деген пикирин “Азаттыкка” бөлүштү:

Асылбек Жоодонбеков
Асылбек Жоодонбеков

“Мектеп рекетчилиги улам айтылып, улам көтөрүлгөнү менен, басылбай келатат. Бир басаңдап, кайра күчөп жатат. Акыркы мезгилде жаңы фактылар чыга калып, ата-энени сыздаткан кесепеттерге алып келүүдө. Мунун баары коомдогу көрүнүштөр менен тыгыз байланыштуу. Тилекке каршы, бизде азыр акылга, мыйзамга таянган эмес, күчкө, бийликке таянган алдуулардын заманы болуп жатат. Кайсы бир катмарда болуп жаткан бул көрүнүштөр үй-бүлөлөрдүн ичинде зомбулуктар менен, мектептерде болсо ушундай чоңсунуулар менен чагылууда. Муну алдын алуу үчүн мамлекеттик органдар, мектептер тиешелүү чараларды көрүп жатышат, биз, коомдук адистер да колубуздан келишинче аракеттерди жасап келебиз. Бирок бул жерде ар бир адамдын аракети керек. Адистер адистей, мугалимдер мугалимдей, ата-эне ата-энедей, баарыбыз жапа тырмак киришүүбүз керек. Ар бир окуяны тыкыр иликтеп, тыкыр көзөмөлдөш керек. Башкысы, кайдыгерлик болбош керек”.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Милиция буга негизинен балдардын ата-энеси миграцияда жүргөнү таасир эткенин билдирген. Балдардын көбүнүн жакындары суицидге айлана-чөйрөсүндөгү буллинг, мектептеги рэкетчилик себеп болгонун айтышкан.

“Өзүн-өзү өлтүрүү, же илимий тил менен айтканда, суицид – бул ач кыйкырык, жан соога. Кыргызча айтканда “мага көңүл буруп койгулачы” деген кыйкырык. Буга көп себептер бар. Бул жааттагы илимпоздор айрым учурларда буга генетикалык себептерди да көрсөтүшөт, бирок ал миңдин бири. Бирок мындай кадамга барган балдардын көпчүлүгү ага ушул сыяктуу эле үй-бүлөдөгу зомбулук, мектептердеги буллинг же ушул сыяктуу окуялардан улам барышат. “Балдарга этият мамиле кылалы” десек болбой эле, “биз деле келтек жеп чоңойгонбуз”, “баланы уруп-сабап тарбиялаш керек”, “эркек деген эркектей болуш керек” деген сыяктуу түшүнүктөр менен жашап жатышат. Балага гумандуу мамиле кылбай, көбүрөөк авторитардык мамиле кылып жатышат. Азыр заман жана коом өзгөрдү, жаштар мурдагыдай эмес, илгеркидей “жунгли” мыйзамдары иштебейт. Балдар зомбулукту, терс мамилени, оройлукту көпчүлүк учурда көтөрө албайт. Муун алмашкан соң улуу муун артка кетпестен, алдыны ойлоп, балдарга мамиле кылууну үйрөтүш керек”, – деди эксперт Асылбек Жоодонбеков.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту быйыл январдагы билдирүүсүндө 2023-жылы өлкөдөгү мектептерде мониторинг жүргүзгөндө сурамжылоого катышкан окуучулардын 50% мектепте чоңсунуу, өкүмзордук же буллинг бар экенин айтышканын маалымат катары келтирген.

Мекеме мындан улам тиешелүү мамлекеттик органдарды мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого, аларды зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен жана укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргоого чакырган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG