Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Өзбекстан: Алламжоновго кол салуу аракети үчүн 10 киши кесилди


Комил Алламжонов. Архив
Комил Алламжонов. Архив

12-февралда Өзбекстандын аскердик соту президенттин администрациясынын башчысынын мурдагы орун басары, өзбек президентинин мурдагы маалымат катчысы Комил Алламжоновго кол салуу аракети үчүн деген негизде 10 кишини узак мөөнөткө абакка кести.

Өлкөнүн Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Шухрат Расулов, Исмоил Жахонгиров жана Шохрух Ахмедов 23 жылдан, Жавлон Юнусов 18,5 жылга, Дониёр Ташхожаев жети жылга эркинен ажыратылды.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренесин боюнча айып тагылган. Арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, кыйноо, тергөөгө тоскоолдук жаратуу, кылмыш тууралуу кабарлабоо, кызматынан кыянат пайдалануу, өлкөгө кирип-чыгуу эрежелерин бузуу тууралуу беренелер бар.

Сот калган беш киши да ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылганын кабарлады, бирок алардын аты-жөнүн ачык атаган жок.

"Озодлик" радиосу жазганына караганда, Шухрат Расулов президенттин коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери болгон. Дониёр Ташхожаев былтыр ноябрга чейин Ташкенттин Ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары болчу. Ал бул кызматта өзбекстандык блогер Абдукадир Муминовго жана "Долзарб 40 кунлик" деп аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы козголгон кылмыш ишин тергөөнү жетектеген. Укук коргоочулар Ташхожаев Ташкент шаардык ички иштер мекемесин жетектеп турганда оор кыйноолорду жасаганын айтып келишет.

"Чындыктын бети ачылды"

Ал эми Комил Алламжонов өзү Жогорку соттун чечими тууралуу "чындык ачыкка чыкты" деп белгиледи.

"Соңку беш айда эмнелерди баштан өткөргөнүмдү өзүм, үй-бүлөм жана мага эң жакын адамдар гана билишет. Чындык ийилгенде ийилип, бүгүлгөндө эки бүгүлүп, бирок сынган жок. Бети ачылды", - деп жазды Алламжонов Телеграм каналына.

"Озодликтин" Өзбекстандын Аскер прокуратурасындагы булагы маалымдагандай, жабык отурумда Кылмыш-процессуалдык кодекстин 19-беренесине ылайык адегенде негизги жабырлануучу, 40 жаштагы Алламжоновдун көрсөтмөсү окулду.

Ошондой эле бул кылмыш иши боюнча күбө катары катышкан Алижон Ашуровго жана башкаларга козголгон иш өзүнчө тергелип жатканы айтылды.

Былтыр ноябрь айынын аягында Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов, анын жеке коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Алижон Ашуров жана ушул эле мекеменин, Ички иштер министрлигинин он чакты жогорку даражалуу аткаминери кызматтан алынган.

Алардын айрымдарынын аталган кылмыш ишине байланышы бар экени айтылган. Бирок расмий маалыматтарда бул жапырт кармоо менен Алламжоновго кол салуу аракетинин байланышы ачык айтылган эмес.

"Кудуреттүү кеңсенин" кадыры

Түрмөгө кесилген Дониёр Ташхожаев жана президенттин коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Шухрат Расулов былтыр декабрда кармалган.

Маалыматка караганда, полковник Ташхожаев ишкер Жавлон Юнусовдун кылмыштарын жашырууга айыпталган. Юнусов опузалоо жана коркутуп-үркүтүү аркылуу белгилүү ташкенттик ишкерлердин мүлкүн тартып алып турганы, ал эми Ташхожаев анын бул кылмыштарын жашырып турганы маалымдалган.

"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" радиосунун иликтөөсүндө Комил Алламжоновго кол салууга шектелип кармалган жана Жогорку соттун өкүмүндө аты аталган беш киши Ташкенттеги "кудуреттүү кеңсе" менен түздөн-түз байланышта болгону айтылган.

Комил Алламжоновго кол салуу аракети. Коллаж.
Комил Алламжоновго кол салуу аракети. Коллаж.

"Озодликтин" өзбек өкмөтүндөгү жана күч түзүмдөрүндөгү булактары жергиликтүү ишкерлер менен аткаминерлерге кысым көрсөтүп жатканы айтылган "кеңсени"- президент Шавкат Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, анын кичүү күйөө баласы Отабек Умаров менен байланыштырат.

Умаров жана башка расмий өкүлдөр "параллель өкмөт" жана "мамлекет ичиндеги мамлекет" деп сыпатталган "кудуреттүү кеңсе" тууралуу маалыматка комментарий бере элек.

Жергиликтүү басылмалар Алламжоновго кол салуу аракети тууралуу маалыматтарда Отабек Умаровдун жана аталган "кеңсенин" атын аташкан эмес.

Жогорку соттун билдирүүсүндө Алламжонов эмне себептен бутага алынганы же кутумдун артында ким турганы да айтылган жок.

Рамзан Кадыров Алламжоновго сөөмөй кезеген

Алламжоновго кол салуу эл аралык талашка да себеп болду. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзбекстандык аткаминерлерге кол салууга катыштыгы бар деп шек саналган чечен тектүү эки орус жараны издөөгө алынганына комментарий берип, жабыркагандарга сөөмөй кезеген.

Ал былтыр декабрда Алламжонов менен Перспективдүү долбоорлор боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Дмитрий Ли "бардык интригалар, жалаа жана спекуляциялар (чайкоочулук) үчүн" жооп берерин жазган. Ага чейин маалымат каражаттары кабарлагандай, расмий Ташкент Алламжонов менен Лиге кол салууга аракет кылган деген шек менен чечен тектүү эки кишиге издөөгө салган.

"Мен Комил Алламжонов менен Дмитрий Лиге жабырлануучунун ролун ойнобоону сунуштайм. Эмнени пландап жатсаңар, убагында токтотконуңар оң, антпесе бардык интригалар, жалган жалаалар жана божомолдор үчүн жооп берүүгө туура келет. Эми мен салтка ылайык жооп берип жатам", - деп жазган Кадыров ишти алып барган тергөөчүлөргө кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуштаган. Бирок чечен лидери өзбек аткаминерлерине кандай дооматтары бар экенин тактаган эмес.

Өзбекстанда өткөн соңку парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү башталарына бир нече саат калганда болгон жана өлкөнүн жакынкы тарыхындагы эң чуулгандуу окуя катары каралып жаткан Алламжоновдун өмүрүнө кол салуу аракетине расмий Ташкент азырынча комментарий бере элек.

Алламжонов кол салууга былтыр 26-октябрда, Өзбекстандагы парламенттик шайлоону утурлай болгону кабарланган. Президент Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саиданын жакын санаалашы деп айтылып жүргөн Алламжонов жабыркаган эмес.

Кийинчерээк бул окуяга катышы бар деген шек менен бир нече киши кармалганы кабарланган.

"Озодлик" радиосунун журналисттери өз иликтөөсүндө кармалгандардын бири Шохрух Ахмедовду түрк бийлиги буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун оппонентине кол салууну уюштурууга тиешеси бар деп айыптаганын аныкташкан.

Өзбекстандагы "Взгляд" басылмасы чечен тектүү эки шектүү Өзбекстанга Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөнүн жазган. Тактап айтканда, бирөө "Достук" чек ара бекетинен, экинчиси мыйзамсыз өткөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бул кабардын чын-төгүнү тууралуу маалымат бере элек.

Саида Мирзиёева жана Комил Алламжонов.
Саида Мирзиёева жана Комил Алламжонов.

Президент Mирзиёевдин тун кызы Саида Мирзиёеванын жакын адамы катары каралган Комил Алламжонов 2018-2022-жылдары президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана жалпы коммуникация агенттигинин директору болуп иштеди. 2022-жылы администрациянын башчысынын коомдук пикирди изилдөөгө жана маалыматтык саясатка жооптуу орун басары болуп дайындалган.

Кийин администрациянын Маалыматтык саясат департаментин жетектеп, бул кызматтан былтыр сентябрь айында кеткен. Алламжоновдун кызматтан кетиши башка ишке өтүү катары көрсөтүлгөнү менен башкаруучу үй-бүлөнүн ичиндеги ажырымдын белгиси катары мүнөздөлгөн.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG