Маркумдун сөөгүн апасына тергөөчүлөр бир аптадан кийин гана 24-февралда өткөрүп беришкен. Навальныйдын сөөгү Москвадагы Борисовское көрүстөнүндө жерге берилген. Аны менен коштошууга миңдеген киши барганын тарапташтары билдирген.
The Insider жазгандай, алгачкы жарыяланган расмий документтерде Навальныйдын өлүмүнө гипертония жана башка оорулары курчуп кеткени түрткү, ал эми жүрөк ритминин бузулушу негизги себеп болгону айтылган. Бирок аталган басылма айрым дарыгерлер менен байланышканда алар өлүм тууралуу баштапкы токтомдо сүрөттөлгөн симптомдор мындай версияны тастыктабай турганын, Навальный 2020-жылы ууландырылгандан кийин аман калган "Новичок" сыяктуу фосфорорганикалык зат менен ууландырылган болушу ыктымал экенин айтып беришкен.
Алексей Навальный саясатка 2000-жылдары келип, бара-бара Орусиядагы оппозициянын эң көрүнүктүү, жаш, ачык-айрым, шайыр лидери болуп калды. Төмөнкү сүрөткө ал жубайы Юлия менен 2013-жылы жапырт каршылык акциялар учурунда тартылган (алардын эки баласы бар).
2011-жылы 4-ноябрда Навальный орус улутчулдарынын "Орус маршы" митингинде сүйлөп жатат. "Орус маршына" катышканы үчүн көп ирет жеме уккан. 2011-жылдан кийин ал улутчулдардын иш-чараларына катышпай койгон.
2011-жылы 21-декабрда Навальный "Бирдиктүү Орусия" партиясы жеңген парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясына чыккан. Бул шайлоолор, ошондой эле кийинки жылдын жазында Владимир Путиндин кайрадан шайланышы Орусияда 2013-жылга чейин уланган жапырт каршылык акцияларынын башталышына түрткү берген.
2012-жылы Навальный Орусиядагы каршылык кыймылынын лидери болуп, эң көрүнүктүү саясатчылардын бирине айланган.
Бир жылдан кийин, 2013-жылы Навальный Москванын мэрлигине талапкер болуп, 27% ашуун добуш менен экинчи орунду ээлеген.
Навальный 2014-жылы 30-декабрда “Ив Роше” (Yves Rocher - кишинин ысымы, компания анын атында) иши боюнча өкүм чыккандан кийин. Саясатчыга каршы козголгон экинчи кылмыш ишинде ал алдамчылык боюнча айыпталып, 3,5 жылга шарттуу кесилген. Навальныйдын бир тууганы Олег ушул эле иш боюнча анык мөөнөткө кесилген. Экөө тең күнөөсүн четке кагып, муну саясий куугунтук деп аташкан.
Навальный 2015-жылы 1-мартта каршылык акциясына чыгууга аракет кылып жатканда полиция кармагандан кийин. 2011-2018-жылдары Навальный 10 жолу административдик камакка алынган. Бул мезгил аралыгында ал атайын абакта 192 күн отурган.
"Украинадагы согушту ким баштаганы анык белгилүү. Муну Путин жана анын жан-жөкөрлөрү баштады. Ал өзүнүн жеке басар бийлигин сактап калуу үчүн ушундай кадамга барды". Навальный "Свобода" радиосунун Москвадагы студиясында.
Оппозициялык саясатчы Борис Немцов сыяктуу эле, Алексей Навальный да февраль айында каза болду. Немцов 2015-жылы Кремлдин жанында атып өлтүрүлгөн. Навальныйдын тарапкерлери 2020-жылы ал “Новичок” менен ууланып, абакта кыйноого кабылбаса, тирүү калмак деп ишенишет. Сүрөттө: Навальный Немцовду эскерүү маршында. 2018-жыл, 25-февраль.
2017-жылы Навальный кезектеги президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Бүткүл Орусияда анын жактоочуларынын штабдары түзүлгөн. Ошентип, федералдык масштабдагы толук кандуу саясий күч катары Коррупцияга каршы күрөшүү фонду түптөлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Навальныйдын “Кировлес” иши боюнча соттолгондугуна шылтоолоп, талапкерлигин каттоодон баш тарткан.
Ошол эле жылы Навальный менен Коррупцияга каршы күрөшүү фонду премьер-министр Дмитрий Медведевдин "жашыруун империясы" жөнүндө "Ал силерге Димон эмес" аттуу иликтөө тасмасын чыгарышкан. Анда премьер-министр жана анын ишенимдүү адамдары кайрымдуулук фонддору аркылуу олигархтардан миллиарддаган рубль алып турган коррупциялык тармак түзгөнү далилденген. Тасманын чыгышы бүткүл Орусияда миңдеген адамдардын коррупцияга каршы нааразылык акцияларынын башталышына түрткү берди.
Навальныйга кол салуулар да болуп турган. Бул сүрөт 2017-жылы Москвада анын бетине жашыл дары (“зеленка”) чачылгандан кийин тартылган.
2018-жылы март айында Владимир Путин расмий маалыматтар боюнча 76% ашуун добуш топтоп, дагы бир жолу президент болуп шайланган. Навальный жана анын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Алар каршылык акцияларын добуш берүүгө чейин да, андан кийин да уюштурган. Навальный көп жолу кармалып, камакка алынган.
Бул сүрөттө: Навальный өзүнүн 2018-жылы 28-январда Москвадагы шайлоого катыштырылбаганына каршы уюштурулган нааразылык акциясында.
Москва. 2019-жыл, 12-июнь. Навальный баңгизат саткан деп айыпталган журналист Иван Голуновдун камакка алынышына каршы каршылык акциясында кармалган. Кийинчерээк Орусиянын укук коргоо органдары Голуновго каршы козголгон иш ойдон чыгарылганын моюнга алышкан.
2020-жылы Навальныйды өлтүрүү аракети болду - аймактарды кыдырып жүргөндө ууландырышты. Анан Германияга жеткирилип, ал жерден орусиялык атайын кызматтар жакпай калган адамдарды жок кылуу үчүн колдонушат деп айтылган "Новичок" уулуу заты менен ууланганы тастыкталган. Бул сүрөттө Навальный 15-сентябрда Берлиндеги “Шарите” ооруканасында үй-бүлөсү менен тартылган.
Бир нече айдан кийин Навальный Орусияга кайтып келерин жарыялады. 2021-жылы 17-январда ал Москвага учуп келер замат аэропорттон кармалды. Ошентип, саясатчы биротоло камакта калды.
Ошондон бери Навальный элге өзү отурган колонияларда өткөрүлгөн сот отурумдарынан видео аркылуу гана катышып турган. Бул сүрөт 2023-жылы 26-сентябрдагы сот учурунда тартылган.