Чукул жыйын
Европа өлкөлөрүнүн жетекчилери келерки аптада Парижде чогулуп, Украинадагы тынчтык келишимин талкуулай турганын Би-Би-Си жекшемби күнү жазды. Маалыматка караганда, жолугушууга катыша турганын Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Британиянын премьер-министри Кир Стармер ырастаган.
Ага Польшанын премьер-министри Дональд Туск да катышары күтүлүүдө. Жолугушууга дагы кимдер чакырылганы жана анын форматы белгисиз.
Politico бир күн мурун Франциянын президенти Эммануэл Макрон дүйшөмбү күнү Парижде Евробиримдиктин лидерлеринин чукул саммитин өткөрөрүн жазды.
The Telegraph басылмасы британ премьер-министри Кир Стармердин алдыдагы жолугушуу тууралуу пикирин жарыялады:
"Бул биздин улуттук коопсуздугубуз үчүн өмүрдө бир жолу боло турган учур. Биз азыр ал коопсуздукка Орусия коркунуч жараткан реалдуулукта жашап жатабыз".
Жекшемби күнү Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Мүнхенде коопсуздук боюнча конференциянын алкагында чогулуп, мындан аркы стратегияны ортого салары кошумчаланды.
Айрым серепчилер, шашылыш жыйынды АКШнын акыркы күндөрү, анын ичинде Мүнхен коопсуздук конференциясында Европа өлкөлөрүнө жасаган катаал билдирүүлөрүнө жооп катары сыпаттап жатышат.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Кит Келлог ишембиде Евробиримдиктин өкүлдөрү Украинада ок атышууну токтотуу боюнча сунушталган сүйлөшүүлөргө киргизилиши күмөн экенин билдирген.
"Биз үстөлгө отуруп сүйлөшүү жөнүндө сөз кылып жатабыз. Мен бул жерде маанилүү маалымат чогултуу үчүн келдим. Мен дипломатмын. Ал үстөлдө Украина, Орусия жана ортомчу катары АКШ болот ".
Келлог "Европа биримдигинин өкүлдөрү болобу?" деген суроого: "Мен реалдуу көз караштагы адаммын. Менимче андай болбойт", - деп жооп берген.
Ал эми АКШнын вице-президенти АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Мүнхенде сүйлөгөн сөзүндө Европа өлкөлөрүн сынга алып, демократиянын принциптери бузулуп жатат деген тынчсыздануусун билдирди.
АКШнын вице-президентинин бул сөзүн Германиянын канцлери Олаф Шольц ишембиде Мүнхен коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып сынга алды:
"Орусиянын жеңиши жана Украинанын кыйрашы Европаны тынчтыкка жана тартипке алып келбейт. Биз Украинага таңууланган тынчтыкты эч качан колдобойбуз. Биз ошондой эле Европа менен АКШны коопсуздуктан ажыраткан кандай гана чечим болбосун макул болбойбуз. Мындан бир гана Путин пайда көрөт", - деди Шольц.
Жей Ди Вэнс - Ак үйдүн Мүнхендеги конференцияга катышып жаткан эң жогорку өкүлү.
Буга чейин Трамп Украинанын коопсуздугунун негизги кепили Евробиримдиктин өлкөлөрү болушу керектигин бир нече жолу баса белгилеген.
Путин менен Трамп жолугат
Ал тапта Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин жолугушуусу февралдын аягына чейин Сауд Арабиясында өтүшү мүмкүн экенин Bloomberg агенттиги ишембиде өз булактарына таянып жазды. Агенттиктин маалыматына караганда, келерки жумада Сауд Арабиясында эки өлкө бийликтеринин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү жолугушуп, президенттердин жолугушуусуна даярдык көрүшөт. Трамп менен Путин жолугушуусунун башкы темасы Украинадагы согуш болмокчу.
Сауд Арабиясында АКШ жана Орусиянын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу тууралуу мурдараак Трамп ишарат кылган. Ал жолугушууга Украинадан да өкүлдөр катышарын айткан.
Bloomberg жазгандай, Киев азырынча сүйлөшүүлөргө даярдыктар тууралуу кабарсыз. Европа өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү да мындан маалыматы жок.
Ак үй менен Кремль азырынча агенттиктин маалыматына комментарий бере элек. Бирок АКШдагы Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Майкл Маккол келерки жумада америкалык делегация Сауд Арабиясына Орусия жана Украина расмийлери менен сүйлөшүүгө жана Трамп-Путин жолугушуусуна даярдык көрүүгө барарын айтканын Reuters жазды.
Агенттик ошондой эле Сауд Арабия бийлиги тараптардын Эр-Рияддагы жолугушуусуна уруксат бергенин жана ага даярдык көрүлүп жатканын билдирди.
Маалыматтарга ылайык, америкалык делегациянын курамына президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц, атайын чабарманы Стив Уиткофф кириши күтүлүүдө. Politico басылмасы курамда конгрессмен Маккол менен мамлекеттик катчы Марко Рубио да болорун жазды.
Bloomberg ошол эле учурда орусиялык делегациянын курамында Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков, тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин жана Путиндин башкы финансисти Кирилл Дмитриев болорун маалымдады.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Вашингтон менен Москванын өкүлдөрүнун жолугушуусу тууралуу үн каткан жок. Бирок Песков "Трамптын телефон чалуусу АКШ менен Орусия маселелерди диалог аркылуу чече турганын билдирет жана Трамп каалаган учурда Орусияга келсе болот" деп билдирген орусиялык телеканалдардын бирине.
Евробиримдик жана Киев АКШ менен Орусия Украинага пайдасыз келишим түзүп алышы ыктымал деп кооптонууда. Украин президенти Владимир Зеленский: "Украина эч качан артыбыздан, биздин катышыбыз жок түзүлгөн келишимди кабыл албайт", - деп белгиледи.
Орусия Украинага басып киргенине 24-февралда 3 жыл болот.
Шерине