Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Грузия: Карын эне болом деп кулчулукка кабылгандар


Дубалга мында жашаган аялдар төрөгөн балдардын сүрөттөрү илинген.
Дубалга мында жашаган аялдар төрөгөн балдардын сүрөттөрү илинген.

Грузияга карын эне болуу үчүн барган бир нече тайланддык аял ал жакта барымтада калып, урук клеткалары алынганын айтып чыгышты. Бул окуя Грузияда соңку жылдары өнүгүп бараткан коммерциялык карын энеликтин көмүскө тараптарын ачыкка чыгарды.

Тайланддык На (аты-жөнү өзгөртүлдү) социалдык тармактардан Грузияда карын эне (суррогат эне) болууну сунуштаган жарнаманы көргөндө алгач жооп берген эмес. Кийин компания бардык чыгымдарын төлөп бере турганын, колуна 17 миң доллар акча берерин убада кылган. Тайландда бул сумма көптөгөн аялдардын жашоосун кыйла өзгөртүшү мүмкүн.

Бирок На Грузиянын баш калаасы Тбилисиге жеткенде, ага убада кылынган шарттар аткарылган эмес. Тайланддык келин маалымат каражаттарына курган маегинде учуп баргандан кийин анын паспортун алып коюшканын, кийин 30га жакын тайланддык аял менен бир үйдө жашоого мажбур болгонун айткан.

Ал үйдө жашаган аялдарды карын эне болууга эмес, ай сайын урук клеткасын берип, донор болууга мажбурлашкан. Нанын айтымында, бул клеткалар кийин жасалма уруктандыруу (ЭКО) процедуралары үчүн башка аялдарга сатылган.

Мындай айыптоолор Грузиядагы карын энелик тармагында иш алып баргандарды нес кылды. Анткени 2022-жылы согуштан улам Украинага бара албай калгандыктан, балалуу болууну каалаган көптөгөн батыштык жубайлар Грузияга келе баштаган.

Тайланд полициясы куткарган келиндер

На акыры Грузиядан качып чыгууга үлгүрүп, 2024-жылы сентябрда Тайландга кайтып барган. Мекенинде ал балдардын жана аялдардын укуктарын коргогон "Павена" фондуна башынан өткөн окуясын айтып берген.

Фонддун жетекчиси Павена Хонгсакуланын айтымында, На Тбилисиден кетерине жакындап калганда өзүнө окшоп алданган үч аялга кезиккен. Алар да урук клеткасынын донору болуудан баш тартып, бирок бошонуп чыгып кетүүгө акчасы жоктугунан өтө начар шартта жашоого мажбур болуп жүрүшкөн. Аялдар Нага кайрылып, көмөктөшүүнү өтүнүшкөн.

5-февралда Тайланддын полиция күчтөрүнүн башчысы Китрат Панфет полиция үч тайланддык аял менен байланышканын, алар Грузияга кытайлык кылмыштуу топтун карын эне болуу тууралуу сунушуна азгырылып барып калганы, андан соң донор болууга мажбурланганы аныкталганын билдирди.

Карын энелик акысын төлөө боюнча келишим кенедей кагазга жазылган.
Карын энелик акысын төлөө боюнча келишим кенедей кагазга жазылган.

Тайланддагы басылмалардын маалыматына караганда, келиндер Грузияга 12 миң доллардан 17 миң долларга чейин акча сунуштагандарга азгырылып барышкан. Аларды Тбилисидеги батирден быйыл жыл башында Тайланддын полиция департаментинин тышкы иштер бөлүмүнүн кызматкерлери куткарып чыкты.

Коммерциялык карын энелик дүйнөнүн саналуу гана өлкөлөрүндө – АКШда, Орусияда, Украинада жана Грузияда гана мыйзамдаштырылган. 2023-жылы расмий Тбилиси чет өлкөлүк жарандарга коммерциялык карын энеликке тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан, бирок парламентте колдоо тапкан эмес.

Коммерциялык карын энелик кызматта аял баланы болочок ата-энесине алар тогуз айлык чыгымдарын көтөрүп бергенден кийин, белгилүү бир суммадагы акчага төрөп берет. Мунун баары юридикалык келишимде жазылышы керек.

"Каалаган убакта кете аласың"

Тайланд полициясы үч келинди чыгарып кеткенден кийин, "Азаттыктын" грузин редакциясынын журналисти Нино Тархнишвили Тбилисинин түндүк-чыгышындагы Глдани районундагы эки кабаттуу үйгө барган. Дубалдар анда жашаган аялдар төрөгөн балдардын сүрөттөрү менен кооздолгон. Үйдө учурда дагы 30дай тайланддык келин жашайт.

Алардын бири 29 жаштагы Нара "Азаттыктын" журналистине жакында мекенине кетерин айтып берген. Ал карын эне болууга көптөн бери аракет кылып жүргөнүн, бирок боюна бүтпөй жатканын жашырган эмес.

Үйдө жашаган келиндердин арасында Нарадан башка эч ким англис тилинде сүйлөй албайт. Ал кимдир бирөө аны жe жанындагы аялдарды барымтада кармап турганын төгүндөдү.

"Биздин колубузда документтер, паспортторубуз бар. Кеткибиз келсе каалаган убакта чыгып кете алабыз. Тиги кыздар эмне үчүн "адам сатуудан жабыркадык" деп айтышканын түшүнбөй турам", - деди тайланддык Нара.

Ал Грузияга кантип келгенин мындайча түшүндүрдү:

"Үй-бүлөмдө каржылык көйгөйлөр бар болчу. Кичинекей балам бар, бул мыйзамдуу жол менен акча табуунун жакшы ыкмасы деп чечтим. Ошондуктан мен бул кытайлык компания менен байланышып, Грузияга келдим".

Ли Юан, Грузиядагы кытайлык компаниянын өкүлү.
Ли Юан, Грузиядагы кытайлык компаниянын өкүлү.

Нара 2024-жылы мартта Тбилисиде каттоодон өткөн кытайлык Babycam Medical Consulting Group LLC компаниясы менен келишим түзүп келген. Келишимде аялдар айына 300 доллардан 500 долларга чейин айлык алары жазылган. Көз жаргандан кийин ар бирине 11 миң долларга жакын акча убадаланган.

Аталган компаниянын Тбилисидеги өкүлү, кытайлык Ли Юан аялдарды эч ким мажбурлабаганын, алар менен келишим негизинде гана иштешерин айтты:

"Кыз-келиндерге келишимде көрсөтүлгөн сумманы төлөйбүз. Эч кандай мажбурлоо, ошондой эле урук клеткасын алуу болгон жок. Бул аялдар карын энелик кызматы үчүн гана келишет. Келишим бүткөндөн кийин алар убада кылынган сумманы алып, үйүнө кайтышат".

Юан Тайланд полициясы алып кеткен үч аял барымтада болбогонун айтты.

"Биз алардын кетишине тоскоол болгон жокпуз же акча төлөп берүүнү да суранган эмеспиз", - дейт компаниянын өкүлү.

Тергөө башталды

Грузиянын Ички иштер министрлиги адам сатуу фактысы боюнча иликтөө баштады.

"70ке жакын чет элдик жаран суракка алынды, бирок үч тайланддык аялдан башка эч ким арызданган эмес. Суракка алынган үч аял мындан ары карын эне болгусу келбей турганын, азыркы дарегинде жашоону каалабасын түшүндүрүштү. Ошол эле күнү укук коргоо органдарынын кызматкерлери үч аялды адам сатуудан жабыркагандардын баш калкалоочу жайына өткөрүп берген. Алар тиешелүү мыйзамдуу жол-жоболор аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетишкен", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Грузиянын тартип коргоо органдары Тайланд жарандарын Грузияга карын энеликке алып келген төрт чет элдик жаранды суракка алып, алардын уюлдук телефондору далил катары алынганын билдирди.

Учурда Грузияда көбүнчө чет элдик кардарларга кызматын сунуштаган 20га жакын клиника иштейт.

Тайланддык келиндердин дооматтары коомдо чоң резонанс жаратты.

Төрөт боюнча адис, дарыгер Кети Кантария аялдан урук клеткаларын алуу процедурасы тийиштүү протоколдор жана аялдын макулдугу менен лицензиясы бар клиникаларда гана жүргүзүлүшү керектигин баса белгилейт.

"Эгер бул эрежелер сакталбаса, анда башка медициналык процедуралар сыяктуу эле, бул да кыйын болушу мүмкүн", - дейт Кантария.

Кечиккен төлөмдөр

Грузияда карын эне болуп жүргөн чет өлкөлүк келиндер туш болгон башка көйгөйлөрү тууралуу "Азаттыкка" айтып беришти.

Журналисттер Тбилисидеги бир нече казакстандык аял менен маектешкенде, алардын айрымдары акысы толук бериле электигин айтышкан.

Алардын бири Анастасия үч айдан бери клиникадан убада кылынган акчасын күтүп жатканын айтты. Ошондой эле ага тамак-аш жана күнүмдүк керектелүүчү каражаттарга төлөм да берилбей жаткан экен.

"Мен аванс жана жыйым тууралуу маалымат алуу үчүн агенттикке кайрылдым. Агенттиктин негиздөөчүсү мага кыйкырды. Ал кеңсенин эшигин жаап алып, мени коркутту", - дейт Анастасия.

23 жаштагы казакстандык Анастасия.
23 жаштагы казакстандык Анастасия.

Эки күндөн кийин көз жарган аял "Азаттыкка" 30-январда компаниянын ээсинин тил катын көрсөттү. Анда акыркы төлөм ымыркай төрөлгөндөн жети күндөн кийин төлөнөрү жазылган.

Журналисттерге маек курган дагы бир казакстандык аялдын да аты - Анастасия.

Ал "кош бойлуу кезде баары сонун мамиле жасашарын, бирок бала төрөлгөндөн кийин мамиле дароо өзгөрөрүн" айтууда.

Грузиянын Репродуктивдүү медицина жана эмбриология ассоциациясынын төрайымы, Reproart клиникасынын директору Лика Чкония карын энеликти жактап, чет өлкөлүк аялдар кандайдыр бир процедураны баштаардан мурун өзүлөрү түшүнгөн тилде жазылган келишимге кол коюшу керектигин белгилейт.

"Мыйзамсыз бир нерсе болсо, аны тергөө аныктайт", - деди ал.

Ал бардык процедуралар эреже боюнча аткарылышын камсыз кылуу үчүн чара көрүлүп жатканын кошумчалады.

"Биздин клиникада адам сатуудан жабыркагандарды аныктоо методу азыртадан эле ишке ашырылып жатат. Бизде догдурлар толтура турган атайын кагаздар бар", - дейт Чкония.

Буга чейин, июнда башка бир түгөйлөргө бала төрөп берүү үчүн карын эне программасына катышып, Грузияга кеткен кыргызстандык келин көз жаргандан кийин акысын өндүрө албай жатканын айтып, "Азаттыкка" кайрылган.

Кытайлык үй-бүлөгө эгиз уул-кыз төрөп берген кыргыз жараны карын эне болуунун оош-кыйышы, тобокелдиктери тууралуу айтып берген.

Соңку учурда интернеттин кыргыз сегментинде карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG