Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Ататүрк паркы: Мэриянын билдирүүсү, Консоттун талкууга түшкөн чечими


Коллаж.
Коллаж.

Конституциялык сот Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагында жеке жактарга берилген жерлерди мэриянын карамагына кайтаруу боюнча арызды карап, корутунду чыгарды. Бишкек мэриясы анда калаа башчылыгынын парк боюнча чечимдери мыйзамдуу деп табылганын жарыя кылды.

Бирок Конституциялык сотко арызданган тарап чечимде ал жердеги мүлк ээлеринин укугу корголушу керектиги белгиленгенин айтууда.

Консоттун чечими

Конституциялык сотко Ататүрк паркынын четинде үйү бар болгон Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жана адвокат Самат Матцаков кайрылган. Арызда Бишкек мэринин Ататүрк паркы жөнүндө токтомунун мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү жазылган. Конституциялык сот 29-январда арызды карап, чечим кабыл алган.

Мэрия ошол чечимге таянып, парктагы жеке жактарга берилген жер тилкелерди кайтаруу чечими мыйзамдуу жана Конституцияга каршы келбейт деп таанылганын жазды.

“Конституциялык соттун чечиминде жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жергиликтүү аткаруу органдары жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ болушу керектиги, анын ичинде алар тарабынан кабыл алынган актыларды жокко чыгаруу укугу да белгиленгени көрсөтүлгөн.[...] Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде иш алып барып, жалпы пайдалануудагы жер тилкелерин мыйзамсыз колдонуу фактылары боюнча иштерди улантат”.

Мэрия эми алдыда кандай иш-аракеттер жүрөрү тууралуу суроолорго жооп бербей турганын, учурда соттук териштирүүлөр уланып жатканын билдирди.

"Мэриянын чечимин актаган бөлүк жок"

Анткен менен Конституциялык сотко кайрылган Курманбек Осмонов чечимде мэриянын чечимин актаган бөлүк жок экенин, мэрия туура эмес маалымат таратканын айтууда. Ал чечимдин толук варианты колго тийгенден кийин кеңири билдирүү жасай турганын тактады.

Курманбек Осмонов
Курманбек Осмонов

"Конституциялык соттун чечиминде мэриянын токтому мыйзамдуу жана Баш мыйзамга карама-каршы келбейт деген нерсе да жок. Мэриянын басма сөз кызматы атайлап же чечимдин маани-маңызын билбей, коомчулукту адаштырып жатат. Консоттун чечиминин толук текстин алгандан кийин биз аны түшүндүрмөлөр жана комментарийлер менен жарыялайбыз".

Мэрия Ататүрк паркындагы айрым тилкелер боюнча мурда кыскартылган иштер кайра карала баштаганын кошумчалаган.

Жогорку сот бул маалыматты ырастап, сөз 2007-жылы “Де Люкс строй” компаниясына берилген 0,25 гектар жер боюнча экенин билдирди.

“Былтыр 16-сентябрда шаардын административдик соту бул ишти кыскартып, кийин Бишкек шаардык соту да бул чечимди күчүндө калтырган. Иш 22-январда Жогорку сотто каралып, буга чейинки эки инстанциянын чечими жокко чыгарылып, иш Бишкек шаарынын административдик сотуна кайра кароого жөнөтүлдү”.

  • Бишкек мэри Айбек Жунушалиев былтыр апрелде убагында Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген. 1992-жылдагы токтомдо парктын аянты 107 гектар деп аныкталганын жана турай жайлардын жери паркка кайтарылышы керектигин айткан. Ал үчүн 43 гектар жерди кайтарып алуу боюнча токтом чыккан.

Бул жерде жашаган тургундар мэрдин чечимине нааразылык билдирип, сотко кайрылгандары да бар. Алардын бирине юридикалык жардам көрсөткөн адвокат Акин Токталиев жердин азыркы ээлери өз акчасына сатып алганын айтууда.

“Ким бул жерлерди мыйзамсыз берген? Ошолорду аныктап, соттоо керек. Алардын байлыгын алып, азыр үйү бузула тургандарга бериш керек. Ал да жетпесе, өкмөт кенемте төлөшү керек. Алардын баары мыйзамдуу алган. Өкмөт токтомун берген. Кийинки келген мэр аны жокко чыгара албайт. Жер кодекси деген бар, Конституция бар. Анда ар бир жеке менчиктин укугу корголот деп турат. Анан кантип корголуп атат, бул түшүнүк менен эле болуп жатпайбы”.

Мэрия бул жерде 198 объект мыйзамсыз экенин айтып, аларды паркка кайтаруу иши мыйзам чегинде жүрөрүн билдирип келет.

Ататүрк паркы: Мэрия 43 гектар жерди кантип кайра алат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:12 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG