Бул боюнча өкмөттүк комиссиялар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар суу объектилеринин маселеси каралып жатканы кабарланды. Бул маалыматты кыргыз өкмөтү да ырастап, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тактады. Эки мамлекеттин чектеш аймактарында суу жана жол маселеси кантип жөнгө салынышы керек?
"Жумушчу топ суу, жол маселесин карап жатат"
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухридин 11-февралда маалымат жыйын берип, кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнүн, алдыда дагы карала турган бир канча маселе турганын билдирди. Ал бир катар суу объектилери дагы эле жумушчу топтордун кароосунда экенин, бул жайларды алдыда эки мамлекет кандай шартта колдонору тактала турганын белгилеген.
“Сүйлөшүүлөр аяктаганга чейин чек ара келишимине качан кол коюлары тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Келишимге кол коюу калган маселелерден көз каранды. Бул маселелер чечилгенден кийин келишим эки тараптын тең ички процедураларынан өтүшү керек”, - деди Сирожидин Мухридин.
Ал ошондой эле суу жана жол боюнча өзүнчө эки келишим түзүлөрүн кошумчалаган.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев Тажикстан менен чектеш аймактардагы суу жана жол маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Азаттыкка” ырастады.
“Баягыда чек араны тактап бүткөнбүз. Алардын арасында азыр чын эле бир-эки маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал деле бир-эки жолугушууда бүтүп калса керек. Бул чек арага тиешелүү жол, суу боюнча. Динамика оң эле, биз чек араны тактап бүттүк да. Анын баары чогуу кетет. Сөз ошол чек арага жакын аймактагы жерлер боюнча болуп жатса керек”, - деди Бөрүбаев.
Былтыр декабрь айынын башында Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасын тактоо толугу менен аяктаганын билдирген. Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-декабрда Баткенде жолукканы, бардык маселелерге байланыштуу орток пикир табылганы маалымдалган.
Ташиев Жогорку Кеңеште учурда юридикалык документтер даярдалып жатканын, ал парламентке жаңы жылда, январь айында жөнөтүлөрүн кабарлаган. Ошондо сүйлөшүү, такталган ар бир тилке тууралуу кеңири түшүндүрмө бермек болгон. Документ азырынча парламентке түшө элек.
"Чек ара тезирээк чечилсе деп отурабыз"
Чек ара тилкесинин кандай чечилгени жана суу, жол боюнча кандай чечим каралып жатканы тууралуу жергиликтүү тургундардын азырынча кабары жок. Баткендеги Орто-Боз айылынын башчысы Абдимитал Мазаитов чек ара чечилишин эле тилеп отурабыз дейт:
“Кандай болсо да тынчтык эле болсун деген ойдо калдык. Ызы-чуудан тажап бүтөт экенсиң. Короону тоскондой кылып, чек араны тосуп койсо, эки жак бири-бири менен иши болбой, тынч жашоо болсо деп калдык. Кандай чечилип жатканы боюнча эч маалыматыбыз жок”.
Баткен районундагы Ак-Суу дарыясы Түркстан тоо кыркаларынан башталып, Тажикстандын Ворух анклавын аралап агып, Головной деген аталыш менен белгилүү суу бөлүштүргүч жайга түшөт.
60 куймасы бар бул дарыя ошол жерден Кыргызстан менен Тажикстанга бөлүнөт. Кыргызстандын каналы келип, Төрт-Гүл суу сактагычына куюп, андан ары бир нече айыл аймактагы 10 миң гектардай жерди сугарат. Головнойдун жогору жагынан бөлүнгөн, Ак-Суу дарыясынын батыш тарабынан кеткен дагы бир канал аркылуу суу Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына барат. Мындан сырткары чектеш тилкелерде жайгашкан айрым айылдарга Ак-Суудан кичине арыктар аркылуу агып кирет. Дарыя андан ары агып, Өзбекстанга чейин жетет.
Баткен районунун мурдагы акими, эксперт Хаиталы Айкынов Головной аркылуу сууну бөлүштүрүүнүн көлөмү Совет мезгилинде айдоо жерлердин аянтына жараша аныкталып, ошол бойдон келатканын айтат. Азыр Кыргызстанда сугат жерлердин аянты кеңейген, ошол себептүү суу бөлүштүрүү эрежесин кайра карап чыгуу зарыл деген пикирде:
“Ал маалда эки өлкө тең СССРдин карамагында болгону үчүн ушундай чечим болгон. Бөлүштүрүү эки тараптагы айдоо жерлердин аянтына карап чечилген. Азыркы шартта биздин сугат жерлердин аянты көбөйгөн. Ушул жана башка факторлорду эске алганда да, сууну бөлүштүрүү эрежесин кайра карап чыгуу керек деп ойлойм”.
"Кошуна өлкөлөр суу саясатын иштеп чыгышы керек"
Ал эми Лейлек районундагы Козу-Баглан суусу Тажикстандын Гафуров районунун 13 айылдык жамааты менен Кожент шаарына жакын үч конушту сугат суу менен камсыз кылат. Ошондой эле Тажикстан менен чектешкен Кыргызстандын Арка аймагы Кайраккум суу сактагычынан калкыма насостук станция аркылуу суу алат. Буга чейин чектеш аймактарда сугат суунун талашынан жаңжал чыккан учурлар көп эле катталган. Убакыттын өтүшү менен климат өзгөрүп, суунун аздыгы бул аймактарда ого бетер сезиле баштады.
Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов кошуна өлкөлөр бул көйгөйдү жөнгө салып, коопсуздукту бекемдөө үчүн суу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди башташы керек деген пикири менен бөлүштү:
“Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу саясатын иштеп чыгуу керек. Ал жерде “меники-сеники” деп бөлүнбөшүбүз керек, анткени мындай жагдай абалды кайра курчутат. Тескерисинче, чогуу отуруп сүйлөшүп, милдеттерди бөлүшүп алып, бирге аракет кылуу керек. Мисалы, “Биз муну кылалы, силер бул ишти алгыла, эмне кыла алабыз? Буга канча каражат кетет? Керек болсо эл аралык уюмдарга кайрылалы” дегендей иш алып баруубуз зарыл. Борбор Азиянын суу саясатын ишке ашырган механизмдерди, принциптерди карап чыгуу зарыл. Биз ушуну көбүрөөк ойлошубуз керек”, - деди Мамытов.
Ал ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан же жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү ушул сыяктуу чектеш аймактардагы жолдордун макамы, анклавдарга кирип-чыгуу эрежелери, ал аймактарды кайтаруу боюнча биргелешкен эреже кабыл алып, иретке салуу керек деген пикирин кошумчалады.
"Жолду колдонуу келишим менен эле чечилет"
Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов жол маселесинде деле эки тарап келишим түзүп, аны бекем сакташы керек деген көз карашта:
"Мындай иштерди жасаганда ойлонуп туруп, келишим түзүү керек. Анда пайдалануунун жол-жобосун иштеп чыгып, анда эки жактын эли залал тартпагандай болуусу шарт. Бул талаптарды эки жак тең сакташы керек. Бул өтө татаал маселе эмес. Баары ошол келишим аркылуу чечилиши керек. Улам эле жагдайды пайда кылып, улам өзгөртпөй, анын баарын эске алып келишимге киргизип, сакташ керек. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар. Айрым трассалар үч-төрт мамлекет аркылуу өтөт. Аны келишим менен чечип алып эле пайдаланып жатышат. Бул жолдорду биз мурда Совет мезгилинде, ага чейин эле пайдаланып келгенбиз да. Ошондуктан артыбызга карап, алгылыктуу тажрыйбаларды колдонсок деген ойдомун”.
Чек аранын айынан эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирип, анда эки тараптан тең ондогон адамдардын өмүрү кыйылган. Буга байланыштуу Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган.
Шерине