Дарыгерлик Кыргызстандагы эң аз төлөнгөн кесиптердин бири. Иш жүзүндө ак халатчандардын айлыгы канча?
“Айлык көтөрүлүп, дарыгерлер аймактарга кайта башташты”
Маяна өскөнүн Алымкадыр Бейшеналиев акыркы айларда бир нече жолу кайталаган. Декабрда “Биринчи радиого” курган маегинде ал “дарыгердин айлыгы 2024-жылдагы эң чоң жетишкендик” деп баалаган.
Экс-министрдин айтымында, 1-июлдан тарта президенттин жарлыгы менен педиатр, анестезиолог-реаниматолог, неонатолог жана хирургдардын айлыгы 20% өскөн. Бишкек жана Ош шаарларында тез жардамда иштеген дарыгерлерге 20 миң сом кенемте кошулган. Ошондой эле аймактарда иштеген жаш адистер үчүн “Дарыгердин депозити” программасы киргизилип, 22 миң сом акы кошулган.
“1-сентябрдан тарта дарыгерлердин айлыктары дагы 50% көтөрүлдү. Медайымдардыкы 20%, кенже медперсоналдыкы 10% өстү. Ошондо азыркы кезде Ош жана Бишкекте тез жардамда иштеп жаткандар 50 миңден 70 миңге чейин алышат. Аймактарда мен айтып кеткен адистердин баары 60 миңден 120 миңге чейин алышат. Кадрлар тартыш деп келгенбиз. Айлык көтөрүлгөндөн кийин көп аймактарда кайра келип иштей башташты. Бишкекте дарыгердин дефицити чоң болчу, ошолордун 50% жаптык. Азыркы кезде дагы алып жатабыз”, - деген Бейшеналиев.
31-январда министр Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып 60 миңден 120 миң сомго чейинки айлыкты дарыгерлердин 40 пайызы алып жатат деп ишеничтүү айткан. Депутаттардын мындай айлыкты кимдер алып жатат деген суроосуна "менде абдан так маалымат бар, керек болсо фамилиялары менен берем" деп жооп берген.
Бейшеналиевдин маалыматында, учурда дарыгердин орточо айлыгы 38 миң сом, медайымдардыкы 25 миң сом, ал эми Бишкек жана Ош шаарларында тез жардамда иштегендер 50-70 миң сом айлык алууда.
“30 жылдык тажрыйбасы барлар да 30 миң сомдой алышат"
Көп өтпөй, 3-февралда Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан алынды. Ал мындай чечимди президент Садыр Жапаров жана өзү кабыл алганын айтты.
Бирок Бейшеналиевдин билдирүүсү кызуу талкууга түштү.
Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө кызматкерлеринин орточо айлыгы 26 103 сомду түзөт. Бул өлкөдөгү орточо маянадан 10 миң сомго аз.
Кыргызстандын медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова мурунку министрдин маалыматы чындыктан өтө алыс деп сындады.
Барыктабасова соцтармактарда дарыгерлерге кайрылып, колуна тийген маянасын көрсөтүүнү сураган. Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, январда дарыгер-ординаторго салыктардан кийин колуна 11 396 сом тийген. Медайым 14 443 сом, терапевт 17 606 сом, акушер-гинеколог 20 705 сом алган.
Арасындагы эң чоң айлык – 44 039 сом. Ал үй-бүлөлүк дарыгердин колуна тийген. Бирок дүмүрчөгүндө көрүнүп тургандай, бул кургак учук менен ооругандардын арасында 1,25 ставка менен иштеп, бөлөк жумуш менен айкалыштырып, эмгек тажрыйбасы, категориясы бар болгону үчүн акы кошулгандан кийинки маяна.
"Бул дарыгерлердин чыныгы алган маянасы" дейт Бермет Барыктабасова. Анын айтымында, 20-30 жылдык стажы бар медицина кызматкерлери да 30 миң сомдун тегерегинде алып жатышат. Ал эми мурунку министр айткан айлыктарга жетүү үчүн “ооруканада жашап алыш керек”.
“Алар маяна көтөрүлдү дегенде догдурлардын 5% гана көбүрөөк ала баштады деп айтпайт да. Калган 95 пайызын эмнеге айтышпайт? 60-70 миң сомдон эч ким алган жок. Улуттук статистика комитети орточо маяна 26 миң сом деп чыныгы маалыматты берип жатат. Көбү мындай сумманы да албайт. Өзгөчө жаш дарыгерлер”, - дейт адис.
“120 миң сомду төрт дарыгер алат”
5-февралда Жогорку Кеңеш саламаттык сактоо министрлигине Эркин Чечейбаевди бекитти. Депутат Дастан Бекешев ага кайрылып, дарыгерлердин маселесин чечүүнү өтүндү.
Бекешевдин айтымында, мурунку министр “өлкө жетекчилигинин койнуна кирип алып, дарыгерлер жакшы айлык алып жатат деп алдап келди”.
“Дарыгерлер аз айлык алып жатат. Сиз каржы министринен маянаны көтөрүп берсин деп күндө талап кылышыңыз керек. Ал акчаны тапсын. Баарына табылат да, эмне үчүн догдурларга табылбайт? Дарыгер дагы адам. Алар дагы үй салып, үй-бүлөсүн баккысы келет. Алар жанын эле сактабастан, адамча жашагысы келет. Ошону үчүн аларга жакшы маяна коюп бериш керек. Антпесе, алар фармкомпанияларга агент болуп иштеп, дарыларды таңуулап, түшүнүксүз операцияларды жасай беришет. Элден акча өндүрүү амалын издей беришет. Аларды камагандан мурун шарт түзүп бериш керек”, - деди Бекешев.
Депутат Бактыбек Чойбеков да дарыгерлердин айлык акысын көтөрүүнү суранды:
“Сизге чейинки министр аймактардагы догдурлар 100 миңден ашык маяна алат деп айтты эле. Мен бир үй-бүлөлүк дарыгердин айлыгын айтып коёюнчу. Оклады 22 880 сом. Эмгек тажрыйбасы үчүн 6864 сом. Категориясы үчүн 6000 сом. Жалпы 35 744 сом алат экен. Салыктан, Соцфонддон тышкары колуна 28 237 сом алат. Буга кантип жашайт? Кадрларды кантип сактайбыз анан?”.
Министр Эркин Чечейбаев 24.kg агенттигине билдиргендей, дарыгерлер бүгүнкү күндө ар кандай коэффициенттерди жана кошумча акыларды кошкондо 35-40 миң сом алууда.
“Мен финансисттерден маалымат сурасам, 120 миң сом айлык алган дарыгерлер чынында бар экен. Мага төрт дарыгерди айтышты. Алар бийик тоолуу аймакта, жогорку коэффициенттер, түнкү кезметтер менен иштешет. Алар иш жүзүндө ооруканада эле жашашы мүмкүн. Мына ошолордуку салыктан кийин 120 миңдей чыгат экен. Бирок өлкөдө дарыгерлердин орточо айлыгы 35-40 миң сом”, - деген Эркин Чечейбаев.
Жогорку Кеңештеги талкууда министр абалды “дарыгерлер бейтаптардан доолабаган, ал эми бейтаптар уялып, бере албагандай" кылып өзгөртүү керектигин билдирди. Маселени чечүү жолу катары ал ооруканаларга пайда табууга уруксат берүүнү сунуштады.
Чечейбаевдин пикиринде, клиникаларга мыйзамдуу түрдө киреше алууга уруксат берүү зарыл. Ал үчүн ооруканалар акысыз болбой, бейтаптар төлөп дарылангыдай система түзүү керек. Мындан тышкары, ооруканалар башка да кызматтардын эсебинен киреше тапса болот деди министр:
“Мисалы, бүтүндөй Эстонияда эки гана чоң оорукана бар. Бири борбор шаарында, экинчиси түштүк жагында. Бул эки оорукана бүт Эстонияны тейлейт. Бирок алар аябай чоң. Алардын таштанды өрттөөчү жайы бар. Башка уюмдардын таштандыларын өрттөп, акча алышат. Химиялык тазалоосу бар. Өзүнүн эле шейшептерин жуубастан, башкаларга да кызмат көрсөтөт”.
Жаңы министр айлыктарды көтөрүү анын негизги максаттарынын бири экенин айтты. Ал айрым ойлор бар, бирок терең анализ жүргүзүп, депутаттарга жана өлкө жетекчилигине маселени чечүү жолдорун сунуштайбыз деп ишендирди.
Шерине