Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунан эвакуацияланган бейтаптардын абалы тууралуу билдирүүсү Фейсбукка жарыяланды. Министр өрттөн эки бейтап каза болгонун айтты.
Азырынча каза тапкан жарандардын тек-жайы жана ооруканадагы тилсиз жоого эмне себеп болгону так айтыла элек.
"47 бейтап бар эле, алардын 22и балдар. Бардык бейтаптар, анын ичинде жаңы операциядан чыккан, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган бейтаптар жакын жердеги Улуттук кардиология борборунун реанимация бөлүмүнө эвакуацияланды. Тилекке каршы, реанимациялык иш-чаралар маалында эки бейтап каза тапты. Калган бейтаптарга бардык жардам көрсөтүлүп жатат, оорукана зарыл дары-дармек, керектүү жабдыктар менен камсыз болду. Ушул тапта реанимацияда тогуз киши жатат. Алардын экөө чоң киши, жетөө бала. Алардын абалы туруктуу оор, реаниматологдордун такай көзөмөлүндө", - деди министр Чечейбаев.
Өрт жер төлөдөн чыгып, түтүн вентиляция аркылуу тараган.
Улуттук кардиология жана терапия борбору баш калаанын Тоголок Молдо - Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Шейшембинин кечинде ооруканада өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Фейсбуктагы барагына жазды.
"Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 260 адам эвакуацияланды. Тилекке каршы, эки адам каза болду. Өрттү өчүрүүгө жалпы алты бөлүм, эки автошаты, Бишкек шаардык "Куткаруу кызматынын" куткаруучулар, ыкчам тобу тартылды. Өрт саат 22:33тө басаңдап, 23:15те толугу менен өчүрүлдү", - деп билдирди Ажикеев.
Министр Ажикеев жарыялаган видеолордон өрт өчүрүүчүлөр түтүн каптаган имаратта иштеп жатканын көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт чыгып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.
Шерине