Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:09

"Иштеги ийгилик үчүн". Өзүнө өзү сыйлык берген өзбек акимдери


Сурхандарыя облусунун акими Улугбек Касымов жана президент Шавкат Мирзиёев. Мамлекет башчынын облуска иш сапары учурунда тартылган сүрөт. 2023-жыл, 14-март.
Сурхандарыя облусунун акими Улугбек Касымов жана президент Шавкат Мирзиёев. Мамлекет башчынын облуска иш сапары учурунда тартылган сүрөт. 2023-жыл, 14-март.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун акими Улугбек Касымовдун жыл башында ыйгара турган миллион сумдук сыйлыктары социалдык тармактарда чоң талкууга түшкөндөн кийин жокко чыгарылды. Кымбат балуу сыйлыктар анын орун басарларына жана район акимдерине берилмек.

Бул өзбек аткаминерлеринин бюджеттик акчаны өзүнө жана кол алдындагыларга сыйлык катары тараткан жалгыз окуя эмес.

Сыйлыкпы же жакырчылыкка каршы күрөшүүбү?

Улугбек Касымовдун 20-январдагы буйругу менен облус акиминин сегиз орун басарына, Термез шаарынын жана райондордун жетекчилерине сыйлык берүү пландалган. Жалпы суммасы 661 миллион сумга (51 миң доллардан ашык) бааланган сыйлыктарды каржылоо булагы катары облустук бюджеттин жыл башына карата өздөштүрүлбөй калган каражаты көрсөтүлгөн. Сыйлыктар "ишиндеги ийгиликтери" жана "милдеттерди өз убагында аткаргандыгы" үчүн берилмек.

Акимдин буйругу социалдык тармактарга жарыяланып, чоң талкууга жем таштаган.

Жергиликтүү басылмалар буйруктун мазмунуна эле көңүл бурбастан, ага "кызматтык колдонуу үчүн гана" деген гриф коюлганын жана "жашыруун маалымат" катары аныкталганын белгилешкен.

Расмий маалыматтар боюнча, 2024-жылы Сурхандарыя облусунун жергиликтүү бюджетинин кирешеси 3,1 триллион сумду, ал эми чыгашасы 4,9 триллион сумду түзүп, бюджеттеги тартыштык 1,8 триллион сумга жеткен.

Буйрук жарыялангандан кийин облустук акимчиликтин 12 аткаруу документи боюнча 48 миллион 795 миң сум (37,5 миң доллар) карызы бар экени, алардын айрымдары боюнча бир нече жылдан бери төлөм жүргүзүлбөй келгени белгилүү болду.

Коомчулуктун нааразылыгынан кийин Улугбек Касымов башында турган Сурхандарыя облустук администрациясы каражат башка максаттарга – "Жакырчылыктан бакубаттуулукка карай" программасына багыттала турганын жарыялады.

Экономика илимдеринин профессору, расмий катталбаган "Чындык жана тилектештик" социал-демократиялык партиясынын лидери Хидирназар Аллакулов Өзбекстандын тышкы карызы учурда 62 миллиард доллардан ашканын, бюджеттин дефицити 50 триллион сумду (3 миллион 853 миң 564 доллар) түзөрүн белгиледи.

Хидирназар Аллакулов.
Хидирназар Аллакулов.

"Сурхандарыя облусунун акими "14-январь – Ата мекенди коргоочулар күнүнө" карата өзүнүн орун басарларына жана район акимдерине 28 миллион 750 миң сумга сыйлык ыйгармакчы болот. Бул 2 217 доллар. Ошол эле учурда минималдуу керектөө чыгымдарын киши башына айына 669 миң сумга (50 доллар) көтөрүштү. Башкача айтканда, алар элге "айына 50 доллар тапсаң, анда сен мындан ары кедей эмессиң!" деп айтышат. Биздин жетекчилер бюджеттик каражаттарга өзүнүкүндөй эле мамиле кылышат", - дейт Аллакулов.

Смаил Оспанов.
Смаил Оспанов.

Ушундай эле пикирди учурда АКШда жашаган, мурдагы мамлекеттик ишмер Смаил Оспанов да карманат. Ал 1995-2002-жылдары Өзбекстандын Навои облусунун Канимех районунун акими, 2003-2004-жылдары Навои жана Ташкент облустарынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

"Негизи акимдер өздөрүнө өздөрү сыйлык берүүгө укугу жок. Акимчилик өндүрүштүк эмес, бюджеттик уюм. Администрациянын өзүнүн сыйлык берүү фонду жок", - дейт ал.

Өзүңдү өзүң сыйлай албайсың...

Улугбек Касымов кириптер болгондой окуя Өзбекстанда буга чейин да катталган. Коңшу өлкөдө өзүн өзү акчалай сыйлаган аткаминерлер аз эмес.

Жакында Ташкенттин Яшнабад районунун акими Бахтиёр Рахмонкулов өзүнө жергиликтүү бюджеттин кошумча булактарынан 62 миллион сум (азыркы курс менен 4800 долларга жакын) сый акы жаздырып алган. Кийин ал мыйзамдуу болгон деп жарыяланган.

Өткөн айда Кашкадарыя облусунун Мубарек районунун акими биринчи орун басарына 29 миллион сумга жакын (2 250 долларга жакын) сыйлык берип, 2023-жылы өзүн жакшы иштегендиги үчүн алгач 14 миллион 578 миң сум (1 120 доллар), андан кийин Конституция күнүнө карата эки айлык сый акы - 14 миллион сум (1000 доллар) менен сыйлаган.

Үч жыл мурун Ташкенттин Сергели районунун акими өзүнө 35 миллион сум (азыркы курс боюнча 2700 доллар) өлчөмүндө сыйлык берген.

Акимдерге каршы дооматтар администрацияларга кымбат баалуу унаа сатып алууга же шаңдуу иш-чараларды уюштурууга байланыштуу да айтылып келет. Жергиликтүү акимчиликтер мындай иш-чараларга комментарий берип жатып, алар көп учурда "бюджеттен тышкаркы каражаттардын" эсебинен жасалып жатканын айтып, башка маалымат беришпейт.

Январда Өзбекстанда мамлекеттик каражаттардын сарпталышына байланыштуу дагы бир жаңжал чыккан. Анда Өзбекстандын миңден ашык жогорку даражалуу аткаминери бюджеттин эсебинен өлкөнүн эң кымбат "Севарсой" лыжа базасында жаңы жыл тоскону белгилүү болгон. Буга премьер-министр Абдулла Арипов өзү буйрук бергени айтылат.

"Севарсой" лыжа базасы. Өзбекстан, Ташкент.
"Севарсой" лыжа базасы. Өзбекстан, Ташкент.

Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги менен Юстиция министрлиги былтыр жүргүзгөн иликтөөсүндө акимдердин кол койгон чечимдеринин 30% ашыгы жабык кабыл алынганы аныкталган. Алардын көбү мамлекеттик сатып алууларга жана бюджеттик каражаттарды сарптоого байланыштуу.

Смаил Оспанов мындай көрүнүштөр бийликтин aчык-айкын саясатына карама-каршы келерин, бирок ага каршы радикалдуу ыкмалар менен гана күрөшүүгө болорун белгилейт.

"Биринчиден, эбак чирип калган системаны өзгөртүү керек. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик бутактары иштебейт. Непотизм, коррупция жана бюрократия бардык жерде. Бул маселелерди чагылдырууга аракет кылган журналисттер куугунтукка кабылып же түрмөдө отурушат", - дейт Осанов.

Аким канча алат?

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чиновниктерге материалдык стимул берүү "паракорлукту алдын алууга, ал эми алардын жыргалчылыгы коррупцияны азайтууга жардам берет" деген идеянын демилгечиси. Бул тууралуу ал өз сөзүндө утур-утур айтып келет.

Өзбекстанда акимдердин канча айлык акы алары тууралуу расмий маалымат жок. Бирок өкмөттө иштеген аткаминердин бири "Азаттыктын" өзбек редакциясы - "Озодлик" радиосуна Мирзиёевдин бийликке келиши менен алардын маянасы "бир нече эсе көбөйгөнүн" айтты.

Элбек Шүкүров Ташкенттин Сергели районунун акими болуп турганда Ютубдагы Alter Ego каналына курган маегинде район жетекчилеринин айлык акысы 5 миллиондон 6 миллион сумга чейин (385-460 доллар) болушу мүмкүн экенин айткан.

Анын айтымында, акимдер арасында сый акы берүү жөн эле көрүнүш эмес, бул кадимки жазылбаган эреже.

"Эгер мен өзүмө сый акы бербесем, алар сөзсүз түрдө "ага айлыктын кереги жок экен, кимдир бирөө ага [пара] берип жатат" деп ойлошот. Өзүңө өзүң көбүрөөк сыйлык жазып берүү адилетүү эмес. Анткени алар [кызматкерлер] менден да кем эмес иштеп жатканын көрүп турам. Ошондуктан орточо сый акы берилет. Айрым кызматкерлер мага караганда көбүрөөк сыйлык алышат. Сумманы өзүм аныктайм. Алардын арасында чындап эле көп иштеп, өзүн жакшы көрсөткөндөр да бар", - дейт Шүкүров.

Аткаминерлердин кирешеси качан ачыкталат?

Мамлекеттик казынадан айлык алган өзбек аткаминерлердин жана башка кызматкерлердин кирешесинин ачык-айкындуулук маселеси 2017-жылдан бери расмий күн тартибинде турат. Ошондо биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде мындай категориядагы кызматкерлерди декларация тапшырууга милдеттендирүү зарылчылыгы жөнүндө сөз боло баштаган.

Юстиция министрлиги иштеп чыккан долбоордо "кенже адис" категориясынан башка мамлекеттик кызматкерлер жыл сайын мүлкү, кирешеси жана чыгашасы жөнүндө декларация, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн, анын ичинде ата-энесинин, жубайынын жана балдарынын (анын ичинде асырап алынган балдарынын) мүлкү, кирешеси жана чыгашасы жөнүндө декларация тапшырууга милдеттендирилет.

Президенттин 2019-жылдын 27-майында кабыл алган "Өзбекстан Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү тутумун мындан ары өркүндөтүү чаралары жөнүндө" жарлыгында кызматтагы кирешеси тууралуу декларация берүү жөнүндө маселе да баса белгиленген.

Буга чейин Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлиги "Мамлекеттик кызматкерлердин айрым категорияларынын мүлкүн, кирешесин жана чыгашасын декларациялоо жана зарыл болгон техникалык инфраструктураны маал-маалы менен ишке киргизүү жөнүндө" президенттин жарлыгынын долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Документте 2020-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстан мамлекеттик кызматкерлердин айрым категорияларынын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүн, кирешесин жана чыгашасын жыл сайын декларациялоо системасын этап-этап менен ишке киргизүүнү пландап жатканы айтылат.

Андан бери беш жыл өткөнү менен бул система дагы деле иштебей турат жана Өзбекстандагы мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси тууралуу маалымат бериле элек.

Бирок коңшу өлкөдө башка статистика бар. Расмий маалыматтар боюнча, былтыр өзбек аткаминерлери мамлекетке 3,6 триллион сум (болжол менен 278,5 миллион доллар) зыян келтирген, бул 2023-жылга салыштырганда 2,3 эсе көп.

2024-жылы Өзбекстанда 3 821 аткаминерге кылмыш иши козголуп, 4 906 аткаминер кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Соттолгондордун 71и республикалык, 410у облустук, 4425и министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн кызматкерлери болгон.

"Азаттык Азия" редакциясынын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Шерине

XS
SM
MD
LG