Кыргыз бийлиги өткөн жыл соңунда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Жемкорлукка каршы күрөш жарыяланып, жазасы катуулаганы менен кылмыштын бул түрү токтой элек. Эл аралык уюмдун рейтинги эмнеге негизделген жана кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы күрөшү канчалык натыйжа берүүдө?
"Коррупция үчүн жазасыз калууну токтотууга убакыт жетти"
Эл аралык Transparency International (TI) уюму 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин 11-февралда жарыялады. Кыргызстан 100 баллдан 25 упай алып, бул рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 146-орунду ээледи, 2023-жылы 26 балл менен 141-орунда болчу.
Transparency International рейтингде кайсы бир өлкөнүн ээлеген орду маанилүү эмес экенин, көрсөткүч алган упай менен эсептелинерин эскертип келет. Уюм айрым өлкөлөрдө жемкорлукка байланыштуу абал жакшырганы байкалганы менен, көп мамлекеттерде бул негизги көйгөй бойдон калып жатканын билдирди.
“Сот системасы мыйзамды бузгандарды жоопко тартып, аткаруу бийлигин көзөмөлдөп турбаса, коррупция гүлдөй берет. Адилеттик акчага сатылып же ага саясий топтор кийлигишкенде, карапайым адамдар жабыр тартат. Жетекчилер мыйзамдуулукту сактаган жана коррупцияга каршы күрөшкөн институттарга инвестиция салып, алардын көз каранды эместигине кепилдик бериши керек. Коррупция үчүн жазасыз калууну токтотууга убакыт жетти”, - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Башкы кеңсеси Берлинде жайгашкан бул уюм рейтингди аныктоодо мыйзам үстөмдүгүнүн жана адам укуктарынын абалын да эске алат. Уюмдун Чыгыш Европадагы жана Борбор Азиядагы кырдаалды талдаган баяндамасында Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктарынын күчтөнүшү менен парламенттин көзөмөл функциясы алсыраганы белгиленген. Ошондой эле “чет элдик өкүл” мыйзамынын кабыл алынышы жарандык коомго басымды күчөткөнү, өлкөдө активисттер менен журналисттер бутага алынып жатканы жазылган.
Күрөштүн жүрүшү тууралуу пикир бир кылка эмес
Айрым серепчилер Transparency International (TI) уюму чыгарган рейтингге байланыштуу комментарий берип, коомдук көзөмөлдүн, ачыктыктын жоктугу, маалыматтардын жабык болгону жана коррупцияга айыпталган айрым адамдардын мыйзамга ылайык жазаланбаганы буга таасирин тийгизгенин белгилеп жатышат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев соңку жылдары маалыматтын көбү жабык болуп калды деген пикирде:
"Эң биринчи көзөмөл бул жарандык коомдун, элдин көзөмөлү да. Акыркы жылдары ал алсызданып, мурдагыдай болуп активдешпей калды. Ошол дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Экинчиден, мурда маалымат бардык жерде ачык чыгып, көзөмөл болуп турган. Чиновниктер деле маалымат ачык чыгып, эл назарында болгондо жаман ишке бара албайт. Акыркы учурда бюджеттин ачыктыгы, башкалар деле ачык болбой калбадыбы. Канча көп адам байкап турса ошол жерде коррупция аз болот, бул эл аралык тажрыйба".
Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү Динара Ашимова уюмдун коррупция боюнча баасына макул эмес.
Эл өкүлү өткөн жылы коррупцияга каршы күрөшүүгө байланыштуу бир топ мыйзамдар кабыл алынганын, аткаминерлерге карата бир топ кылмыш иши козголуп, миллиондогон акча кайтарылганын мисал келтирип жатат.
"Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөш өтө бийик деңгээлде өтүп жатат. Бул убакка чейин практикалык жүздө мындай күрөш биз көрсөтө алган эмеспиз. Ошондуктан бул рейтинг бир аз туура эмес. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен деле биздин Кылмыш-жаза кодексибиз абдан катуу. Иш жүзүндө чоң натыйжа бере турган мыйзамдарды кабыл алдык. 2024-жылы резонанстуу кылмыш иштери козголду, көп адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, канчалаган миллиард акча кайтарылды бюджетке, менчикке өтүп кеткен мамлекеттин объектилери кайтарылып берилип жатат. Ушунун баары тең эске алынбаптыр", - деди Ашимова.
Катаал мыйзамдарга карабай коррупциялык көрүнүштөр өлкөдө токтобой жатканын парламенттин 12-февралдагы жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев айтты.
"Президентибиз коррупцияны токтотуу боюнча мыйзамга кол койду. Катаал, жазасы оор мыйзам экенине карабай, коррупция токтогон жок. Мамлекет жактан камсыз болуучу дары-дармек, жабдыктарды бейтаптардын өздөрүнө алдырышат экен. Жаңы дайындалган саламаттык сактоо министри ушуну эске алып, тармактагы коррупцияны токтотуу чараларын көрүшү керек", - деди депутат.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова коррупцияга каршы күрөш ачык коомдо жана мыйзам баарына тең иштеген учурда гана майнаптуу болорун айтууда:
"Коррупция менен күрөшүүдөгү негизги шарт - коом ачык күрөштү көрүп туруш керек. Көбүнчө мыйзамсыз байыган, мыйзамсыз мүлккө ээ болгондор, пара алгандар деп берип жатышат. Муну бөлүп-бөлүп караш керек. Негизги маселе мыйзам бирдей, баарына тең иштеш керек да. Мурдатан коррупцияга аралашып жүргөн адамдар кызматтан кетип, түрмөгө отуруп чыгып, кайра иши кыскарып кызматка келип калып жатпайбы. Бул жерде тең укуктуулук, мыйзамдуулук жок болуп жатат. Бир тараптуу, тандалма күрөш болгондой сезилет. Мисалы, мурдагы саламаттык сактоо министри кармалып, кийин министр кызматына кайра келди. Андан кийин Эсеп палатасы каржылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып чыкты. Бул коррупциялык күрөш эмес. Канчалык мыйзамдуу, адилеттүү болуп жатат? Бардык нерсе тымызын болуп, эмне үчүн камады, кайра эмнеге иши кыскарды, эмнеге кайра кызматтан алынды, биз билбей жатпайлыбы. Мамлекетке миллиондогон зыян келтирди деп, бирок айып пул менен жазаланып эркиндикте жүрөт. Жемкорлукту жок кылууда төрт шартты аткарышы керек. Алар: ачыктык, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, коомдун көзөмөлү. Булар жок болсо көзбоёмочулук болуп калат".
Ишкер жана экономист Манас Саматов мыйзамдагы жылчыктар коррупциянын токтобой жатышына себеп болууда деп эсептейт.
"Коррупциянын тамыры мамлекеттеги мыйзамдардын өзөгүндө жатат. Ал мамлекеттик кызматтын топурагынан өсүп чыгат. Мыйзамдарды кабыл алууда, мамлекет менен элдин ортосундагы мамиленин формуласын аныктоодо жемкорлукка жетелебей турган мыйзамдарды иштеп чыксак жакшы болот эле. Мамлекет тарабынан бөлүштүрүү, көзөмөлдөө болгондо, мамлекеттик ишканалар чарба иштерине киришкенде, ошол жерде коррупциянын уругу жерге ташталат. Негизинен бул абстракттуу түшүнүк. Муну таразага салып өлчөй албайсың. Бирок коомдогу ызы-чууга көңүл бурсак, артка кеткенибиз чын эле болуш керек".
Бийликтин аракети жана убадасы
Кыргыз бийлиги Transparency International уюмунун соңку баяндамасы боюнча комментарий бере элек. Бирок өлкө жетекчилиги коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу жүрүп жатканын баса белгилеп келет.
Өткөн жылдын соңунда президент Садыр Жапаров коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иштеп чыккан мыйзам долбоорун 25-декабрда карап, экинчи жана үчүнчү окууда колдогон. Мыйзамда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.
Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. Документте мындан башка да бир катар жаза чаралары каралган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев дээрлик ар бир жыйын, жолугушуу, чогулушта коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрүн кайталап келет.
Жыл жаңырганда, 1-январда атайын кызматтын жетекчиси түз эфир аркылуу мыйзамга түшүндүрмө берип, алдыдагы эки жылда коррупцияны толук жоюу ниети барын билдирген.
"Мындан ары коррупция менен кармалган адамдар сөзсүз түрдө түрмө мөөнөтүн алышат. Экинчиден, бул адамдын жакын туугандары, ата-энеси, өмүрлүк жарлары мамлекеттик кызматтан четтетилет. Өздөрү өмүр бою мамлекеттик кызматка ишке орношо албайт. Мыйзамдын катаалдыгы ушунда. Ошол себептүү, мамлекеттик кызматкерлер силерден коррупциялык элементтерге, коррупциялык кылмышка барбоону суранам”, - деген Ташиев.
Көп өтпөй, 16-январда ал Кыргызстанда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, ушу тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин кошумчалаган. Ташиев буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин айткан.
Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн
Transparency International жемкорлук индекси 0 упайдан 100 упайга чейин эсептелет. Дания (90 балл, 1-орун), Финляндия (88 балл, 2-орун) жана Сингапур (84 балл, 3-орун) жемкорлук аз алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди.
Чыгыш Европада Молдова 43 упай (76-орун) алып, бул багытта 2023-жылдагы өзүнүн позициясын оңдогон. Бул аймакта Босния жана Герцеговина (114-орун) эң аз (33) упай алып, жемкорлук боюнча абал эки позицияга төмөндөгөн.
Жемкорлук индекси боюнча рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен 40 упай менен Казакстан (88-орун) алдыда турат. Кийинки орунда Өзбекстан (121-орун), бул өлкөгө 32 балл берилген. Тажикстан (164-орун) 19, Түркмөнстан (165-орун) 17 упай алган.
Ал эми Венесуэла (10 балл, 178-орун), Сомали (9 балл, 179-орун) жана Түштүк Судан (8 балл, 180-орун) бул рейтингде акыркы орундарды ээлеген.
Transparency International 1995-жылдан бери жыл сайын дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жемкорлук индексин чыгарып келет. Бул изилдөө мамлекеттик сектордун кызмат көрсөтүүсүн эксперттерди, ишкерлерди, өкмөттүк эмес уюмдарды сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт. 2023-жылдагы рейтингде Кыргызстан 141-орунду ээлеп, 2022-жылдагы көрсөткүчкө караганда бир баскычка артка кеткен.
Кайсы өлкөнүн баллы көп болсо, ал жерде жемкорлук аз деп эсептелет.
Шерине