Коомчулук элге таанымал адамдар социалдык жоопкерчиликти сезиши керек экенин белгилешүүдө. Ал арада Жогорку Кеңеште расмий каттоодон өтпөгөн бул криптоактивди жарнамалаган аттуу-баштууларды жоопко тартуу сунушталды.
"898 кишинин акчасы кайтарылды"
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги MCN coin криптоактивине акчасын алдаткан 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарылганын билдирди.
Социалдык медиада бул криптоактивге ири суммадагы акча салган адамдар тууралуу видеолор байма-бай чыгууда. Анткен менен алардын бири да ири суммага күйүп, алданып калганын айтып чыга элек.
Талас облусунун Жайна аттуу тургуну (аты өзгөртүлдү) август айында бул криптоактивге 30 миң сом салган. Ал MCN coin'дин уюштуруучусу кармаларга жакын өз акчасын чыгарып алганга үлгүргөнүн айтууда.
“Мен бир аз эле алгам. Августта 30 миң сом төгүп, 300дү алгам. Январда акча керек болуп сатып жибердим. 60 миң сомду Мбанктан которуп беришкен. Биздин көчөдөн мен эле кирипмин буга. Капчыкка 2800дөн салабыз деп убада беришсе, 500 миң сом алабыз деп кыялданып алганбыз да. Кечиге бергенинен салган акчамды кайра чыгарып алууга үлгүрдүм”.
Бирок ушул эле облустун атын атагысы келбеген тургуну бул криптоактивге акчасын алдаткандар көп эле болушу мүмкүн, көбү уялып ачык айтпай отурат дейт:
“MCN coin биздин айылга жайында келген. Башында келгенде ачыкка чыгышкан эмес. Ар кимдин үйүндө кечинде элди чогултуп, “600 миң төксөңөр, Бишкектен батир, 200-300 миң сом төксөңөр, машине аласыңар” деген үгүт жүрүптүр. Мен ага башында эле ишенген эмесмин. Айылдаштарга "ишенбегиле" деп айткам. Бирок эл деген эл экен. Бир топ киши акчасын төккөнүн угуп калдым. Эң кызыгы, аларга сабатсыз адамдар эмес, билимдүү делген мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер аралашып, аларды көрүп башкалар ишенип кирип кеттиби деп ойлойм. Декабрдын башында криптоактивдин кишилери “акча төккөндөрдү ташыйт” деп айылга спринтер алып келген. Ал үчүн айылдын Вотсап тайпасында “элди бөлүп атасыңар” деген ызы-чуу чыккан. Анан ал спринтер каттабай калды. Анан аягы бул болду да”.
Криптовалюта деген эмне?
Криптовалюта — интернетте гана жүгүртүлгөн санарип акча. Аны чыгаруу криптографиялык (“крипто” – “жашыруун”) усулдарга негизделет.
Токен — санарип дүйнөдөгү компаниялардын баалуу кагазынын (же акциянын) функциясын аткарган актив бирдиги.
Биткоин — дүйнөдө эң кеңири жайылган криптовалюта.
Кыргызстанда криптовалютанын Биткоинден тышкары TYVcoin, Tolkcoin, Elcoin, Altyncoin, Nephelicoin, Kgcoin өңдүү онго чукул түрү тараган. Соңку кезде криптовалюталарга миллиондогон каражат салып, акчасынан кол жууп калганын айткандар көбөйдү. Эксперттер өлкөдө криптобазарды жөнгө салган мыйзамдык механизмдин жоктугу жана бул тармактагы сабатсыздык көйгөйдү курчутуп жатканын айтууда.
Маселе парламентте көтөрүлдү
Ал тапта Жогорку Кеңеште MCN coin криптоактивин жарнама кылган аттуу-баштуу адамдарды да жоопкерчиликке тартуу демилгеси көтөрүлдү.
Мындай сунушту депутат Эмил Токтошев Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 10-февралдагы жыйынында киргизди.
“Аларды мамлекет көзөмөлдөбөйт. Бирок силер (ред.: Улуттук банк) маалымат берип турушуңар керек. Себеби мунун баары финансылык сабатсыздыктан келип чыгууда. Экинчиден, аттуу-баштуу кишилер да жарнама кылып, алар да түрткү болуп калууда. Ушул жагынан да укуктук жоопкерчилик каралып, мыйзамдын негизинде баары жооп бериши керек”, - деди депутат.
Элге аты чыккандардын жоопкерчилиги
“МедиаХабдын" журналисттери жарыялаган иликтөөдө өткөн жылы 13-декабрында MCN coin Бишкектеги ресторандардын биринде лотерея ойнотконун көрүүгө болот. Кечени тележылдыз, блогер Айзада Жамгырчиева алып барган.
Иликтөө чыккандан кийин алып баруучу Айзада Жамгырчиева Инстаграм баракчасына криптоактивди жарнама кылбаганын, “айрым журналисттер жана пабликтер атын колдонуп, сүрөттөрүн чыгарып, жалган маалымат таратып жатканын” билдирди.
“Мен MCN coin'ди жарнамалап же сатып алуу сунушун да эч кимге киргизген эмесмин. Ошол күнгө кайта турган болсок, мага "эки сааттык компаниянын ичиндеги кардарлар арасындагы лотерея жана кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү катышкан чоң концерттик иш-чара болот, алып барып бересизби?" деп кайрылышты. Мен ошол күнү бош болгондуктан, иш-чараны жөн гана алып бардым”, - деген Жамгырчиева.
Бирок “МедиХаб” иликтөө тобунун редактору Элвира Султанмурат кызы иликтөө чыгардын алдында Айзада Жамгырчиеванын жардамчыларына, акырында өзүнө да чалышып, жооп албаганын билдирди.
Журналист медиа өкүлдөрү, блогерлер социалдык жоопкерчиликти сезиши керек экенин кошумчалады:
“MCN coin'дин мыйзамсыз уюштурулган лотереясын белгилүү алып баруучу, алдында Инстаграмда 2,5 миллиондой катталуучусу бар Айзада Жамгырчиева алып барганын көрсөткөнбүз. Биз Айзада Жамгырчиеванын пиар-менежерине, жетекчисине "Финкөзөмөл криптоактив мыйзамсыз иштеп жатканын эскерткен, Айзада ал тууралуу билгенби?" деп кайрылганбыз. Жардамчылары биз менен байланыштырган жок, өзүнө да чалып жооп ала албадык. Бул жерде каралоо жок. Биз эмес, MCN coin'дин уюштуруучулары Айзаданын видеосун пайдаланып таратышты го. Демек, анын жүзүн пайдаланышты. Жамгырчиева бир катар мамлекеттик, расмий иш-чараларды алып барат, маданияттын мыкты кызматкери. Ошого жараша элдин ишенимин, социалдык жоопкерчиликти сезиши керек болчу”.
“МедиХаб” иликтөөсүндө MCN coin'ди жарнама кылгандар катары бир катар таанымал адамдардын атын атаган.
“Күнөөсүздүк презумпциясы бузулуп жатабы?
Бирок белгилүү адамдардын жоопкерчилигине байланыштуу маселеде журналисттердин иликтөөсүн сындагандар да жок эмес.
Медиасерепчи Илим Карыпбеков соңку кезде “күнөөсүздүк презумпциясы” бузулуп жатат деген пикирде:
“Күнөөсүздүк презумпциясы деген бар. Аны коом, баарыбыз, бийлик кошо биригип жокко чыгардык. Мисалы, мен бүгүн бир май куюучу компанияны жарнама кылдым. Эртең ал салык төлөбөй, шылуун болуп чыкса, мен аны азыр кайдан билем? Кеп ошондо. Бизди баса калып эле, сен ошентишиң керек болчу деп жатышат. Мага, мисалы, Айзада эмне кылып жатканы баары бир. Бирок жоопко тартуудан мурда анын элдин башын айлантканга кызыкдар болгонун аныктап, сот өкүм чыгаргандан кийин айтышыбыз керек болчу. Бүгүн укук коргоо органдары бирөөнү алып кетсе, баарыбыз эле кыйкырып жатпайбызбы. Коомдо сынчыл ой жүгүртүү деген жок болуп калды”.
MCN coin криптоактивин жарнама кылды деп сынга кабылгандар арасында өкмөткө караштуу “Эркин Тоо” гезити да бар. Аталган басылмага өткөн жылы октябрь айында криптоактивди уюштурду делгендердин үч маеги жарыяланган.
Журналист Арген Бактыбек уулу мамлекеттик басылманын кабарчылары маектешти текшербей туруп мындай интервью уюштурганын сынга алды:
“Эркин Тоонун" архивинен үч маек таптык. Ачык эле реклама болгон. Мактаган сыяктуу цитаталарды жазып беришкен. Мен мамлекеттик медиалар элди медиасабаттуулукка үйрөтүшү керек деп ойлойм. Булар кайра тескери иштерди кылып жатышат. Муну текшериш оңой болчу. Интернеттен coin дегенди караса эле, шылуундардын схемалары чыкмак. Айткандын баары эле криптовалюта болуп калбайт да. Азыр шылуундардын эпидемиясы жүрүп жатат. Казакстанда мындай ишмердикти жарыялаган блогерлер жети жылга чейин соттолот. Биздеги белгилүү адамдар да жоопкерчиликти сезиши керек. Мыйзам баарына бирдей иштеши керек”.
Бирок “Эркин Тоонун” башкы редактору Наралы Асанбаев гезит MCN coinди алууга үгүт кылбаганын билдирди:
“Биздин гезит, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” гезитинин макамы мамлекеттик. Бирок биз чарбалык эсеп жүргүзөбүз. Бул "өз арабаңды өзүң тарт" деген сөз. Маек октябрь айында жарыяланган. MCN coin'дин түзүүчүсү эмес, “Бир Аалам” компаниясынын түзүүчүсү Исрадин Субанбеков деп чыккан. Маекте "эмне болгон компаниясыңар, лицензияңар барбы?" деген суроолор бар. Жарнамалык негизде чыккан, акчасын төккөн, квитанциялары турат. Маекте “MCN coin'ди алгыла, миллионер болуп кетесиңер” деген бир дагы сөз жок".
Кыргызстанда буга чейин каржы пирамидасын жарнама кылган белгилүү адамдарды дагы жазага тартуу сунушталган. Буга байланыштуу "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда колдоо тапкан.
Буга чейин MCN coin'ге байланыштуу эки адам камалган. Бүгүн, 11-февралда Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков кармалганын айрым басылмалар жазып чыкты. Укук коргоо органдары бул маалыматты бышыктай элек.
Ички иштер министрлиги учурда криптоактивдин чет жакта эсеби бар-жогу текшерилип жатканын билдирди.
Шерине