Кыргызстанда 1-7-февралда рак ооруларынын алдын алуу боюнча жумалык өттү. Бул маалыматтык кампания учурунда өлкөдө онкологиялык илдеттер арасынан ашказан рагы биринчи орунда турары белгилүү болду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун соңку маалыматында, Жер шарында 1 миллионго жакын адам ашказан рагынан жабыркайт экен.
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда рак оорусу менен каттоодо турган 30 миңдей бейтаптын 12 пайыздан ашууну ашказандын залалдуу шишигинен жабыркайт. Дарыгерлердин белгилешинче, өлкөдө бул илдет менен ооругандардын басымдуусу эркектер.
“Сергек жашоо” подкастында биз ашказан рагын козгогон себептер тууралуу сөз кылабыз.
"Атамдын оорусун кеч билдик"
Биздин каарманыбыз Мирландын 60 жаштагы атасы өткөн жылы май айында ашказаны чыдатпай ооруганда Таластан борборго келген. Бейтаптын оор дартка чалдыкканы жеке ооруканадан текшерүүдөн өткөндөн кийин гана билинген.
“Бишкекке келгенден кийин менчик ооруканага барып, догдурга көргөздүк. Ошол жерден ашказанында шишик барын билдик. Анан Улуттук онкология борборуна жаткырдык. Операция болуп шишигин алышкан. Жакшы болуп калган. Ооруканадан чыккандан кийин Таласка кеткен. 15 күндөй жүрүп кайра химия алуу үчүн келгенде метастаза өсүп кетиптир. Эмне кыларыбызды билбей ыйлаган бойдон кала бердик”, - дейт Мирлан.
Бейтап операция болгонго чейин жергиликтүү догдурларга көрүнүп, бирок шыпаа тапкан эмес. Мирлан атасынын оорусу өтүшүп кеткенин аймактагы медицинанын чабалдыгынан көрөт.
“Атам Таластагы догдурга барган сайын ооруну басаңдаткан укол сайып коюшчу экен. Ошентип жүрө бербей мурда эле бул жакка келгенде балким дагы жашамак... Операция кылган догдурлар “ашказан жараат алган, шишик ошондон пайда болгон” деп айтыптыр. Бирок атам акыркы 20 жылдан бери ичимдикти, тамекини оозуна алган эмес. Эмнеге бул оору жармашканы биз үчүн да табышмак бойдон калды".
Ичимдик демекчи, жакында эле Кошмо Штаттардын башкы хирургу Вивек Мерти алкоголь ашказан рагы баштаган онкологиялык жети илдетти козгой турганын билдирди. Жаңы изилдөөлөргө таянган адис, Америка өкмөтүн ичимдикке каршы агартуу иштерин күчөтүүгө чакырган.
"Онкологияга келбей коркуп жүргөм"
Кыргыз дарыгерлери спирттик ичимдиктер менен катар куурулган, туздуу, сүрсүтүлгөн тамак-аш да ашказанга бычактай тийерин айтышат. Соңку жылдары бул тизмеге тез татымдар, газдалган суусундуктар кошулган.
Улуттук онкология борборунда жаткан Гүлсүн аттуу каарманыбызга ашказанынан операция болуп, ооруканада жатканда жолуктук. Ал ооруганга чейин туура эмес тамактанганын моюнга алды.
“Өзүм базарда кийим сатчумун. Эртең менен тамак ичпей кетчүмүн. Анан сыртта турганда кышкысын үшүп, ачка болосуң. Куурулган лагман, куурдак, бешбармак жеп алчумун. Кийин тамакты аш кыла албай, окшуй баштадым. Акыркысында кан кустум. Бейтапканага барсам, онкологияга багыттама беришкен. Коркуп, барбай жүрдүм. Чөп-чар ичтим. 105 килограмм элем башында. 25 килограммга арыктадым. Бул жакка абалым оорлошуп кеткенде келдим. Операциядан кийин дагы салмак таштадым, азыр акыбалым жакшы. Жакшы болуп үйгө чыгам деп турам”.
"Ашказан рагы башка органдарга да тарайт"
Дарыгерлердин белгилешинче, ашказан рагынын алгачкы стадияларында айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок Кыргызстанда бейтаптар арасында дарты өтүшүп кеткенде келгендер арбын.
Биз эл арасында ашказан рагынан жапа чеккендер эмне себептен көбөйүп жатканын Улуттук онкология борборунун башкы дарыгери, онкохирург Сүйүтбек Дөөлөтбековдон сурадык.
- Сүйүтбек мырза, Кыргызстанда ашказан рагы менен ооругандардын көбү эркектер экен. Эмнеге мындай болууда?
- Статистикага карап көрсөк, Кыргызстанда онкологиялык илдеттер арасынан ашказан рагы биринчи орунда. Андан кийин жатын моюнчасынын рагы, эмчек рагы анан өпкөнүн рагы турат. Өзүнчө бөлүп карай турган болсок, эркектер ашказан, өпкө рагынан, аялдар эмчек безинин рагынан көп жабыркайт.
Эркектердин ашказан рагына чалдыгышынын көп себептери бар. Бул эми тамактануу адатына да байланыштуу. Убагында тамактанбайт же ашыкча тоюп алат. Спирт ичимдиктерин көбүрөөк ичишет. Күчтүү, жарым фабрикаттарга, тамекиге жакын болушат. Мунун баары албетте, ракка алып келбейт. Бирок гастрит өңдүү ооруларды пайда кылып, ашказандын ички катмарында өзгөрүү пайда болот. Көңүл бурбай жүрө берсе, бара-бара ракка алып келиши мүмкүн.
Андан тышкары ашказандын жара, полип (өсмө) өңдүү оорулары бар. Аларды убагында дарылабаса, залалдуу шишикке айланышы ыктымал. Ген дагы роль ойнойт, эгер ата-энесинин бирөө ракка чалдыкса, кийин ал балдарына да өтүшү мүмкүн.
- Ашказан рагы химиотерапияга, радиотерапияга көп баш бербейт, көбүнчө хирургиялык жол менен дарыланат деп окуп калдым. Чын эле ушундайбы?
- Ашказандын рак оорусу диагноз коюлгандан кийин көбүнчө хирургиялык жол менен дарыланат. Өзүнүн атайын ыкмалары бар. Ашказанды толук алып салуу же жарымын алып салуу жолу менен айыктырса болот. Химиотерапия да колдонулат. Комплекстүү дарылоо деп коебуз. Операциядан мурда же кийин шишикке каршы химиотерапия колдонобуз. Айрыкча операциядан кийин кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн шишиктер калса, ошону дары менен жок кылабыз. Нур терапиясы да колдонулат, бирок анын операцияга караганда таасири азыраак болот. Андан тышкары иммунотерапия деген бар, операциядан кийин сөзсүз ооруга каршы иммунитетин көтөрөбүз.
- Ашказандагы шишиктин баарын рак дегенге болбойт да?
- Жана айткандай, ашказандын ар кандай оорулары болот. Ошону туура аныктоо керек. Биринчиден, адам өзүн жаман сезсе, себепсиз арыктаса, каны азайса, жашоосуна канааттанбай депрессия болсо, анда дарыгерге кайрылышы кажет. Биринчи рентгеноскопиядан өтөт, андан кийин гастроскопия деп коебуз. Гастроскопту жутканда шишиктин кандай түрү экени аныкталат. Эндоскопиялык изилдөө учурунда шишик бар экени аныкталса, биопсия алабыз. Ошол гистологиялык анализдин жыйынтыгы менен шишиктин залалдуу же залалсыздыгы, кокус рак деп чыкса, анын кайсы түрү, кандай формада экени аныкталат. Оору ашказандын өзүндө эле жайгашканын же башка органдарга таркап кеткенин билүү үчүн ультра үндүү текшерүүдөн өткөрөбүз. Ал жетишсиз болсо томографияга жиберебиз.
- Ашказандын залалдуу шишиги кайсы органдарга таркап кетиши мүмкүн?
- Метастаза деп коебуз, боорго, уйку безге, ичегилер тарапка да өтүшү мүмкүн. Кээде кан аркылуу лимфа органдарына чаап, моюн жакка кетет. Кээде киндик, табарсыкты карай тарашы мүмкүн.
- Адамдын оозунан жаман жыт чыкса, зарна болсо дарылануу керек турбайбы?
- Ашказанда кычкылдануу көп болсо, бара-бара жара пайда болушу мүмкүн. Бирок жара деле онкологиялык оору эмес экенин жогоруда айттык. Зарнаны баса турган, жараны айыктыра турган дарылар бар. Ошолорду берип ракка жеткирбей айыктырса болот. Онкологиялык оорулар пайда болгондо адамдын каны азаят, табити тартпай кескин арыктайт, маанайы чөгүп, жашоого көңүлү чаппай калат. Бул белгилер башка ооруларда деле болушу мүмкүн. Бирок көп учурда ушул белгилер менен келген бейтапты текшерүү учурунда, ашказан рагы аныкталып калат.
Дагы бир белгиси - катуу кусат, анткени ашказан менен кызыл өңгөчтүн бириккен жеринен тамак өтпөй калат, же ашказандагы тамак ичегиге өтпөй, кайра артка кетет. Оору өтүшүп, шишик канай баштаганда кан заңга аралашып чыгат.
- Хеликобактер деген бактерия ашказанды жара кылат деп окуп калдым.
- Хеликобактер пилори рак оорусуна алып келиши мүмкүн. Бул бактерия ашказандын ички былжыр челин өзгөрүүгө учуратат дагы, бара-бара рак шишиги пайда болот. Дүйнө жүзүндө бул бактерия 60-70% адамда болот. Ар кандай жолдор менен, айрым учурда оорулуу адамдын идиши аркылуу да жугат. Убагында дарыланса, бактерияны жеңүүгө болот.
- Кызыл өңгөч деп калдыңыз, айрым маалыматтарды окусам, ал сейрек кездешет экен.
- Ашказандын же өпкөнүн рак оорусуна караганда, кызыл өңгөчтүн залалдуу шишиги сейрек кездешери чын. Бирок бул дагы олуттуу дарт. Убагында байкап, дарылабаса, кийин айыктыруу кыйын. Анын дагы пайда болуу себептери өтө көп маселеге байланыштуу.
- Кыргыздар чайды ысык ичкенди жакшы көрөбүз го, ошол дагы таасирин тийгизет турбайбы?
- Албетте, сорпону, чайды ысык ичкенде кызыл өңгөчтүн ички катмары өзгөрөт. Түз болбосо да рактын пайда болушуна кыйыр таасир этет. Тамакты өтө ысык да, өтө муздак да жебеш керек. Анткени ал ички органдарга сөзсүз таасир этет.
- Тишти дарылатпай же тиши жок жүрүү дагы ашказанды оорутушу мүмкүнбү?
- Рак оорусуна алып келбесе да, тиш жок болсо адам тамакты жакшы чайнап жей албайт. Майдалап жебеген учурда тамакты ашказан сиңире албай, өнөкөт ооруларга алып келиши мүмкүн. Өнөкөт оорулар убагында дарыланбай калса, ракка алып келиши ыктымал.
- Ашказан залалдуу шишикке чалдыкканда алып салабыз деп жатпайсызбы? Ошол учурда тамак сиңирүү функциясын кайсы орган аткарат?
- Операция кылганда жоон ичеги менен ичке ичегини туташтырабыз. Албетте, бейтап мындай операциядан кийин жеңил тамак ичип, диета кармашы керек. Организм көнгөндөн кийин деле ачуу, майлуу тамактарды жебегенге аракет кылган оң. Операцияда кээде ашказандын же төмөнкү, же жогорку бөлүгү алынат. Калган бөлүгүн ичеги менен туташтырып коебуз. Толук болбосо да резервуар катары иштей берет.
- Ашказан алынгандан кийин өт иштей береби?
- Операция болуп, ашказан алынгандан кийин органдардын карым-катнашы өзгөрөт. Ашказандын жоктугу же толук иштебегени өткө дагы, уйку безге дагы таасир этет. Изилдөөлөр көргөзгөндөй, операциядан кийин өт тунуп, таш пайда болот. Ошон үчүн калыбына келтирүүгө же реабилитацияга маани беребиз. Тамак сиңирүүнү жакшыртууга, боордун, бөйрөктүн иштешине жардам беришибиз керек. Ушул дарылоо жакшы болсо, ички органдар өз функциясын мурдагыдай аткара баштайт.
- Рак шишиги алынып, сакайгандан кийин кайра пайда болгон учурлар тууралуу угуп калабыз го...
- Операциядан кийин бейтаптар дайыма көзөмөлдө болууга тийиш, текшерилип турушат. Кээде организм чабалданып, иммунитет уктап калышы мүмкүн. Ошондой учурда шишик кайра пайда болот. Клеткалардын биологиялык касиети да роль ойнойт. Кээде шишик химиотерапияны тоготпой, кийин ойгонушу мүмкүн.
- Рак оорусунун аң-сезим, эмоция менен байланышы бар дешет го.
- Түздөн түз эмес, кандайдыр бир деңгээлде таасири бар. Адам узак убакыт стресс абалында жүрсө, чарчап-чаалыкса да эс албаса, ооруга каршы күрөшкөн иммунитети түшөт. Нерв системасынын органдарды жөнгө салган ишине доо кетет. Организм чабал болгондо оорулар козголот. Сергек жашоо чоң мааниге ээ. Туура тамактанып, зыяндуу адаттарды азайтып же дегеле алардан оолак болуп, таза абада сейилдөө, кыймылда болуу көп ооруну алдын алат.
Подкасттын аудиосун бул жерден уга аласыз.
Шерине