Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Суу кодексинен чыккан талкуу: Кумтөрдүн иши, эки мөңгүнүн эртеңи


Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсү. Архивдик сүрөт.
Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсү. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Суу кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу талаш чыкты. Тагыраагы, кодекстин текстине Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн казууга уруксат берген сөздү киргизүү сунушталганы ачыкка чыгып, каршылыктарды жаратты.

Мөңгүлөрдүн астын казууга 2017-жылы ызы-чуу менен уруксат берилген жана ал жерден алтын казуу азыр да уланууда. Бирок учурдагы бийлик сунуштаган кодекстин жаңы редакциясында ал киргизилген эмес болчу.

Чуунун төркүнү

Министрлер кабинети иштеп чыккан “Суу кодексинин" долбоору жана “Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2024-жылы апрелде Жогорку Кеңешке киргизилген. Документ былтыр ноябрда биринчи окууда, декабрда экинчи окууда алымча-кошумчалар менен жалпы палатада кабыл алынган.

Долбоор жалпы жыйынга үчүнчү окууга чыгаар алдында депутат Гүлкан Молдобекова дагы бир өзгөртүү киргизүү сунушун бергени маалымдалды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 10-февралдагы жыйынында комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев мындай деди:

Аманкан Кенжебаев
Аманкан Кенжебаев

“Бул жерде “мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка заттарды же материалдарды пайдалануу менен жасалган ишке, ошондой эле мөңгүлөрдүн абалына же аларда камтылган суулардын сапатына таасир этиши мүмкүн болгон ишке жана муз даярдоо менен байланышкан ишке тыюу салынат” деген сөздөрдөн кийин “Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн кошпогондо” деген сөздөрдү толуктап кетүү сунушталууда. Бул редакциялык гана оңдоо. Сунушту Гүлкан Сакеновна берген. Эгерде беренеге Давыдов менен Лысыйга тыюу салынып калса, анда Кумтөрдүн ишине кедергиси тийип калат экен. Бул азыркы кодексте бар”, - деди ал.

Жөнөкөй тил менен чечмелей турган болсок, азыр иштеп жаткан Суу кодексинин “Мөңгүлөрдү коргоо” деп аталган 62-беренесинде Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эришине алып келүүчү иш-аракеттерге тыюу салынары, бирок тыюу Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнө тиешеси жок экени көрсөтүлгөн. Бул 2017-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кумтөрду казууну улантуу максаты менен сунушталып, кабыл алынган. Кезинде ал нааразылыктар жана соттошуулар менен коштолгон.

2021-2022-жылдары Кыргызстандын азыркы бийлиги кенди Канаданын “Центерра Голд” компаниясынан өзүнө өткөрүп алган мезгилде так ошол мөңгүлөр боюнча доомат арткан. Кумтөр кыргыз өкмөтүнө өткөндөн кийин деле эки мөңгүнүн ордунан алтын казуу улантылган жана кодекстеги ага уруксат берген ченем кала берген.

2022-жылы мыйзамдардын баарын инвентаризациялоо жана жаңылоо аракетинин алкагында Суу кодексинин жаңы редакциясы жазылган. Кокустуктанбы, зарылчылыктан уламбы, айтор жаңы Суу кодексинде “мөңгүлөрдү эритүүгө тыюу салынат” деген беренеде Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнүн макамы өзүнчө белгиленбей калган. Бул эгер мыйзам кабыл алынып калса, автоматтык түрдө аталган мөңгүлөрдү казууга да тыюу салынып калат дегенди билдирет.

Биринчиси Суу кодексинин азыркы иштеп жаткан редакциясындагы (солдо), Министрлер кабинети сунуштаган жаңы редакциядагы (ортодо) жана депутат Гүлкан Молдобекова сунуштаган сунушундагы берененин тексти.
Биринчиси Суу кодексинин азыркы иштеп жаткан редакциясындагы (солдо), Министрлер кабинети сунуштаган жаңы редакциядагы (ортодо) жана депутат Гүлкан Молдобекова сунуштаган сунушундагы берененин тексти.

Өкмөт өкүлдөрү дал ушуну акыркы учурда гана түшүнүп, сунушту эл өкүлдөрүнүн атынан алып келген сыяктуу.

"Давыдов менен Лысыйды өзүбүз талкалай берелиби?"

Депутат Балбак Түлөбаев комитеттин жыйынында так ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлерин сынга алды.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

“Ооба, бул Кумтөр бизге өтө электе эле кодексте бар болчу. “Давыдов менен Лысыйды талкалай бергиле” деп, канадалыктарга уруксат бергенбиз да. Азыр Кумтөр бизге өттү да. Биз “экологияны, мөңгүлөрдү сактайбыз” деп өзүбүзгө алдык да. Давыдов менен Лысыйды эми эмне өзүбүз талкалай берелиби?”

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атын атабаган өкүлү Кумтөр Кыргызстанга өткөнгө чейин аталган эки мөңгү боюнча тиешелүү иштер жүргөнүн, курчап турган чөйрөгө келтирилген зыяндар аныкталып, иш сотко өткөрүп берилгенин, соңунда “саясий жол менен чечилгенин” билдирди.

Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсү. 2014-жылкы сүрөт.
Кумтөр кениндеги Давыдов мөңгүсү. 2014-жылкы сүрөт.

Суу ресурстары департаментинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн консультанты (жыйында аты-жөнүн атаган жок) эгер эки мөңгүнү казууга тыюу салынып калса, анда Кумтөрдүн иши токтоп каларын айтты.

“Жаратылыш ресурстары министрлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген редакцияга Юстиция министрлиги каршылык билдирип, бул вариантты алып салууну сунуштаган. Ошондуктан Жогорку Кеңешке аталган берене каралбаган ушул вариант кирип калган. А бул азыркы иштеп жаткан редакцияда бар болчу. Биз ошол эле пунктту калыбына келтирүүнү сунуштап жатабыз. Эгер биз жаңы кодексте сунушталып жаткан текстти алып салсак, анда Кумтөр эртең жабылып калат. Ал биздин экономиканын флагманы, салыкты көп төгөт. Тилекке каршы, ал мөңгүлөрдү булгап жатат”, – деди Суу ресурстары департаментинин атын атабаган эксперти.

Депутат Балбак Түлөбаев бул жоопко ынанбай, өкмөт өкүлдөрүн депутаттарды “экономика менен опуза кылып жатат” жатат деп сындады.

Дагы бир эл өкүлү Султанбай Айжигитов да бул тууралуу маселе көтөрүп, Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнүн азыркы абалы тууралуу өкмөт өкүлдөрүнө суроо койду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов ага минтип жооп берди:

Эделбек Кулматов
Эделбек Кулматов

“Бул боюнча адистер тагыраак жооп беришсин. Менин маалыматым боюнча, Кумтөрдүн бизге өткөнгө чейинки келтирилген зыяндан башкасы ошол эле абалда турат. Жалпылап айтканда, Кыргызстанда 10 миңден ашык мөңгү бар. Акыркы 15-20 жылда бардык эле мөңгүлөр эрип жатат”.

Депутаттар ага карабай соңку сунуш редакциялык оңдоп-түзөтүү эмес экенин белгилешип, ал өзүнчө мыйзам менен келиши же аталган кодекс кайрадан иштелип чыгышы керектигин белгилешти. Алар мындай типтеги өзгөртүүлөр үчүнчү окууда келгенин регламентке шайкеш келбеген көрүнүш катары сыпатташты.

Депутат Султанбай Айжигитов мыйзамды артка кайтарууну сунуштады:

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

“Бул жөн эле эки мөңгүнү бузганга уруксат берүүчү сунуш экен. Бул мыйзам долбоорун таптакыр кайтарыш керек. Мөңгүлөрдү сакташ керек деп келе жатсак, бул жерде ага тескери нерсени алып келип алышыптыр. Мен таң калып жатам, бул кантип үчүнчү окууга чейин келип калды? Суу деген алтындан кымбат нерсе. Бул долбоорду кабыл албаш керек”.

Мындан соң Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев Гүлкан Молдобекова сунуштаган вариантты добушка коюп, ал өткөн жок.

Андан соң Суу кодексинин баштапкы редакциясы добушка коюлуп, үчүнчү окуудан кабыл алынды.

Маселе кандай чечилиши мүмкүн?

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына качан чыгары белгисиз. Ал жактан кабыл алынар-алынбасы же ага президент кол коёр-койбосу да так эмес. Себеби документ бул үлгүсүндө кабыл алынса, анда Кумтөр кенинде ишти токтотууга туура келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев “Азаттыкка” берген комментарийинде буларга токтолду:

Алишер Эрбаев
Алишер Эрбаев

“Суу кодекси менен Жер кодексин жаңыдан кабыл алуу маселеси үч жылдан бери эле келатат. Бир нече жолу өзгөртүү, түзөтүүлөр, коомдук талкуулар болду. Соңунда Министрлер кабинетинин ошол учурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун колу менен келип түшкөн. Парламентте канча талкуулар өттү. Анан башында өздөрү ушундай сунушту берип, эки окуудан кабыл алынган. Экинчи окуудан 1 ай 11 күн өткөн соң редакциялык түрдө, ошол сунуш келип жатпайбы. Бул редакциялык оңдоп-түзөө эмес, эгер биз аны кабыл алып койсок, анда регламент бузулат деп айттым. Экинчи окууга кайтарган күндө да мындай өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Бул жерде аткаруу бийлигинде бир эле жолу калды, алар мындай сунуш алып келебиз дешсе же мыйзам долбоорун кайрадан сунуштап, кайрадан бардык процедуралардан өткөрүп алып келиши керек. Бул кайрадан үч айдан алты айга чейинки убакытты талап кылат. Бирок менимче, биз баары бир Суу кодексин жаңыдан кабыл алышыбыз керек. Анткени мурдагы кодекс өтө эскирген”.

Кыргызстандын бийлиги канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине 2021-жылы тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган.

Учурда “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканаларында Кумтөр кениндеги Борбордук, Сары-Төр жана Түштүк-Батыш деген тилкелерди иштетүүгө лицензиясы бар. Алардын аянты 16,3 миң гектарды түзөт. Аларда алтын азайып баратат.

Ушундан улам компания 2023-жылы Тоголок кенин казууга жана Жангарт аянтчасын чалгындоого лицензия алган. Маалыматтарга ылайык, чалгындоо иштери үч жылга созулат. Баштапкы эсептөөлөр боюнча Тоголок кенинде 17 тонна алтын запасы бар.

Кумтөр кени. 2021-жылкы көрүнүш.
Кумтөр кени. 2021-жылкы көрүнүш.

Эң башкысы, компания иштеп турса, кеп болуп жаткан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн алдын казууну уланта берүүгө туура келиши мүмкүн.

"Иш жүзүндө мөңгү дээрлик калбады"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кабыл алынган Суу кодексинин негизинде аталган мөңгүлөрдүн канча бөлүгү талкаланганы, азыр канча пайызы калганы тууралуу так маалымат жок.

Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков "Азаттыкка" сөз болуп жаткан эки мөңгүнүн азыркы абалы тууралуу маалымат берди:

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

"Мөңгү тууралуу маселе көтөрүп, аны сактоо жөнүндө айтылып жатканы туура. Ошол эле мезгилде муну Кумтөр кенинде алтын өндүрүү призмасынан да кароого туура келет. Кезинде Кумтөрдүн негизги бөлүктөрүндөгү алтындын баары казылып, калган кендин уюгу так ошол Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн алдында турары аныкталган. “Центерра” ал тургай аларды казууну 2012-жылдан бери акырындап жылдыра баштаган. Ошондон улам президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги 2017-жылы 4000-4200 горизонттордо жайгашкан мөңгүлөрдүн астын да казууга уруксат берип, ал толтура талкууларды жаратканын билебиз. Кен “Центерранын” колунда турган маалда алар мөңгүлөрдү башка калдыктар менен чогуу эле ташып чыгарып, бир жерге төгүп келген. Ошонун кесепетинен кендин 1 млрд тоннадан ашык иштетүүгө жараксыз катмары жылып кетип, натыйжада техника оңдоочу жайы талкаланып, көмөк чордонго, лагерге чейин жетип калган. Компания чоң чыгымга учурап, алардын баарын жылдырып тынган. Бул долбоор бизге өткөн соң Кыргызстандын адистери мөңгүлөрдүн астындагы руданы аларда мөңгүнү башка таза жерге жеткирип, жайгаштырып жатышат. Андан соң астында бургулоо иштерин жүргүзүп, кенди казып жатышат. Мен адис катары барып, мөңгүлөрдү өз көзүм менен да көрүп келип жатам. Иш жүзүндө мөңгү дээрлик калбады, жокко эсе болуп калды. 2012-жылдан бери казылып жаткан болсо 12-13 жыл болот экен, түгөнөт да".

2021-жылы кенден 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын Кумтөргө ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган.

2022-жылы 17,3 тонна алтын, 2023-жылы 13,5 тонна өндүрүлгөн. 2024-жылдын 10 айында 9 тонна 316 килограмм алтын өндүрүлгөн, 12 айдын эсеби чыга элек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG