Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Шайлдабекова кетип, Шайназаров келди. Алдыдагы шайлоолор кандай өтөт?


Шайлдабекова жана Шайназаров
Шайлдабекова жана Шайназаров

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна Тынчтык Шайназаров шайланды. Дээрлик тогуз жылдан бери комиссияны жетектеп келген Шайлдабекова эки жолу президенттик, эки парламентик жана бир нече жолу жергиликтүү шайлоону өткөрдү.

2020-жылдагы талаштуу парламенттик шайлоо бийлик алмашууга алып келген. Аталган институт канчалык ачык-айкын иш алып барат? Шайлоого нааразылыктар эмнеден чыгат? Жаңы төраганын алдыдагы чоң шайлоолорго планы кандай?

Борбордук шайлоо комиссиясынын 10-февралдагы жыйынында Нуржан Шайлдабекова өз ыктыяры менен жетекчиликтен кетүү арызын бергени маалым болду. Ал 2016-жылдан бери шайлоо системасында бир топ иштер аткарылганын айтып, кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

"Шайлоо системасындагы оор маселелерди чечип келатабыз. Албетте бул реформаны жалаң эле Борбордук шайлоо комиссиясы жалгыз жасаган жок, саясий жетекчиликтин колдоосу болду. Өкмөт менен парламент тийиштүү чечимдерди, мыйзамдарды кабыл алып жатты. Жарандык сектор дагы колдоп жатты".

Шайлдабекованын жумуштан кетүү арызын комиссиянын баардык мүчөсү колдоп, добуш берди. Ал жыйындагы соңку сөзүн сүйлөп жатып, БШКнын мүчөсү катары төрагалыкка талапкер көрсөтүү укугу бар экенин белгилеп, Тынчтык Шайназаровду көрсөттү. Натыйжада Шайназаровдун талапкерлиги көпчүлүк добуш менен өттү.

Нуржан Шайлдабекованын чыйыры

2016-жылдан бери БШКнын төрайымы болуп келген 56 жаштагы Нуржан Шайлдабекова эки жолу президенттик, эки парламентик жана бир нече жолу жергиликтүү шайлоону өткөргөн.

Узарбек Жылкыбаев
Узарбек Жылкыбаев

Көрүп билип жүргөн киши катары мен жогорку баа берем. Мыйзам дегенде тикесинен тик турган адам катары билем. Принципке да турат. Ал эми эмнеге кетти деген суроо болушу мүмкүн. Ал жаран катары өзү чечет да”, - деди БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.

Дээрлик 9 жылдай жетекчи болгон Шайлдабекова үч президент менен иштешти. Ал төрайым болуп турган маалда БШКнын дарегине бир топ сындар да айтылган. Маселен, 2020-жылдагы талаштуу парламенттик шайлоо бийлик алмашууга алып келсе, Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышында эле 20дай депутат ар кандай жагдайда мандатынан ажыратылган. Мындан сырткары айрымдарынын диплому кайрадан текшерилип, депутаттык мандаттарынан кол жууган.

Ушундай узун жолду басып өтүп, бир эмес үч президент менен иштешип, далай шайлоолорду баштан өткөргөн жана коомчулукта "темир мүнөз айым" деп сыпатталып жаткан Шайлдабекованын күтүүсүз кызматын тапшыруусуна эмне себеп болгону айтыла элек.

Ал өзү жумуштан кетүү себебин тактаган жок.

БШК бийликке көз карандыбы?

Саясат талдоочу Эмил Жороев Борбордук шайлоо комиссиясы толук көз карандысыз инсититут катары калыптана электигин айтууда.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Техникалык жабдуу иштери жакшы болду. Жалпысынан алганда кошуналарга караганда бул жагынан бир топ алдыда экенибизди моюнга алыш керек. Маселе канчалык Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо системасы саясий таасирден, өкмөттүн тассиринен көз каранды же көз каранды эмес дегенде. Тилекке каршы меничме дагы деле көз карандылык бар”.

Комиссиянын төрагалыгына жаңы шайланган Тынчтык Шайназаров алдыдагы пландары тууралуу үн ката элек. БШКнын маалымат кызматынан билдиргендей, ал жакынкы күндөрү маалымат жыйынын уюштурат.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова БШКдагы өзгөрүүлөр тууралуу мындай деди:

Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

“Мен Шайлдабековага жакшы баа коймокмун, себеби бир топ иштер аткарылды. Шайлоо системасы электрондошту, адамдык фактор азайды. Бирок мен жалпы эле БШКны 100% көз каранды же көз каранды эмес деп айта албайм, анткени ал жердегилер шайланбайт, дайындалат да. Негизи суроо ушул жерде жатат”.

Тынчтык Шайназаров ким?

50 жаштагы Тынчтык Шайназаров 15 жылдай прокуратура тармагында эмгектенген. 2010-жылы Республика, 2015-жылы "Өнүгүү-прогресс" партиясы менен депутат болуп шайланган. Ал эми 2020-жылдан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, 2021-жылдан бери жетекчинин орун басары болуп иштеп келген.

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

12 кишиден турган Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөрү 5 жылга дайындалат. Алардын жарымын президент сунуштаса, жарымын Жогорку Кеңеш бекитет.

БШКнын 11-февралдагы жыйынында төраганын орун басары болуп Айдана Жупуева шайланганы маалым болду. Эми комиссиянын бул курамы алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүшү керек.

Ал кандай өтөт азырынча белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG