АКШ, Катар жана Египеттин арачылыгы менен дээрлик бир жылдан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилген ок атышууну токтотуу келишими 19-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:30да башталышы керек эле.
Бирок келишим дээрлик үч сааттык кечигүүдөн кийин гана күчүнө кирди. Буга Кошмо Штаттар менен Европа Биримдигинде террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун жекшемби күнү барымтадан бошотула турган үч туткундун аты-жөнүн убагында бербегени себеп болду.
Израил ХАМАС келишимдин шарттарын убагында аткарбаганын жүйө келтирип, жекшемби күнү эртең менен Газанын аймактарына сокку урганы, андан бир нече адамдын өмүрү кыйылганы да кабарланды.
ХАМАС тобу үч израилдик туткундун ысымын саат 11:15терде гана Израил тарапка берип, расмий Тель-Авив ок атышпоо келишими күчүнө киргенин ырастады.
Кечке маал хамасчылар аталган тизмедеги Дорон Штайнбрехерди, Эмили Дамарини жана Роми Гоненди барымтадан бошотту.
- 31 жаштагы Штейнбрехер ветеринардык клиникада иштеп келген. ХАМАСтын жоочулары аны Кфар-Аза кибуцундагы батиринен барымтага алып кеткен.
- 28 жаштагы Дамари да Кфар-Аза кыштагында барымтага алынган. Ал Израилдин жана Британиянын жараны.
- Ал эми 24 жаштагы Роми Гонен "хамасчылар" Supernova фестивалына чабуул койгон маалда жоочулардын барымтасына алынган.
15 айдан ашык убакыттан бери радикал топтун барымтасында кармалып турган үч аялды "Кызыл чырым" эл аралык уюму Газа тилкесинен алып чыгып, Израилдин күчтөрүнө өткөрүп берди.
"Бошотулган туткундар чек арадан өтүп, Израилдин аймагына кирди", - деп жарыялады Израилдин армиясы.
Жаңы келишимге ылайык, Израил абактагы 90 палестинди бошотот деп күтүлүүдө.
Туткундардын арсар тагдыры
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Буга жооп катары Израил Газадагы чабуулдарын баштаган. Андан бери Газада 47 миңге чукул адамдын өмүрү кыйылганын ХАМАС башкарып келген тилкенин саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.
2023-жылдын ноябрь айындагы убактылуу ок атышпоо келишиминин алкагында, "хамасчылар" барымтадагы жүздөн ашуун адамды бошотуп, ага жооп катары Израил да 240 палестинди абактан чыгарган.
Эл аралык медиа каражаттары эсептегендей, Газада согуш башталгандан бери ХАМАС тобунун барымтасындагы дагы ондогон туткун же бошотулган, же куткарылган, же алардын сөөгү табылган.
Израил бийлиги учурда Газада 90дон ашуун туткун болушу керектигин, бирок алардын бир бөлүгү каза болгонун билдирүүдө.
Израилде барымтадагылардын жакындары жекшембиде күчүнө кирген макулдашууга үмүт артып турушат. ХАМАСтын туткунундагы 54 жаштагы Офер Калдерондун бөлөсү Ифат Калдерон акыркы туткун бошотулмайынча тынчтана албай турганын "Франц пресс" агенттигине айтты.
"Мен катуу кабатыр болуп турат. Себеби бөлөм Офер кандай абалда экенин билбейм. Ал туткундар боюнча келишимдин алкагында бошотулат делген алгачкы 33 адамдын арасында экен. Бирок мен акыркы туткун чек арадан өтмөйүнчө кубана албайм", - деди Ифат Калдрон.
Макулдашуунун чоо-жайы
Израил менен ХАМАС радикал тобу ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашууга жетишкенин сүйлөшүүлөргө арачылык кылган АКШ менен Катардын бийлиги 15-январда жарыялаган.
Ага ылайык, бул макулдашуу үч этап менен ишке ашат. Алты аптага созула турган биринчи фазасында ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып, тилкедеги буфердик аймактарга жайгашышы керек. Ошондой эле 33 туткун ХАМАСтын барымтасынан бошотулуп, Израилдин абагындагы ондогон палестиндер да эркиндикке чыгат жана газалыктардын үйлөрүнө кайтышына, тилкеге гуманитардык жардамдын жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Экинчи этапта согушту биротоло токтотуу боюнча Израил менен ХАМАСтын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат. Мындан тышкары Израилдин Газадагы калган күчтөрү чыгып кетет жана ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу мунаса туруктуу келишимге айланат.
Үчүнчү этапта каза тапкан туткундардын сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилет жана Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү иши башталат.
Газалыктардын кубанычы
Бул макулдашуунун жарыялангандан бери Газада жер которгон миңдеген тургундар өздөрүнүн шаар-кыштактарына кайта баштады. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму аба чабуулдарынан жана бомбалоолордон улам Газада 10 адамдын тогузу тилкенин ичинде жер которууга аргасыз болушу мүмкүндүгүн маалымдаган.
Андыктан ок атышпоо келишими кабыл алынганы кабарлангандан бери Газанын калктуу конуштарында майрамдык маанай өкүм сүрүп жатат. Ал түгүл 19-январда Хан-Юнис шаарында атайын жүрүш да уюштурулду.
“Абдан, абдан кубанып турам. Мен Газа шаарына кайтып барып, жерди өпкүм келип жатат. Газа шаарын, тууган-урукту сагындым. Каза тапкандар үчүн кабыргам кайышып турат”, - деп билдирди Газа шаарынан Хан-Юнис шаарына жер которууга аргасыз болгон Вафа аль-Хабил.
"Ассошиэйтед пресс" жаңылыктар агенттиги Хан-Юнистеги парадга ХАМАСтын курал көтөргөн, беттерин жапкан бир канча жоочусу эки автоунаа менен келгенин, жергиликтүү тургундардын бир бөлүгү аларды кубатташканын жазды. Газа шаарында да ушундай жүрүш өткөнү, арасында жихадчыл топтун желегин көтөргөндөр болгону кабарланды.
"Ассошиэйтед пресс" агенттиги Газа шаары менен Хан-Юнисте ХАМАС тобунун полиция кызматкерлери көчөлөрдө кайра пайда болгонун күбөлөргө жана аймактагы кабарчысына шилтеме кылып билдирүүдө.
Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин табылган мунаса келечеги азыр Газа менен Израилдеги кырдаалга көз салган эксперттердин көңүл борборунда турат.
Израил өкмөтүндөгү жүрүштөр
Би-Би-Си жазгандай, Израилдеги ашкере-оңчул деп сыпатталган "Оцма Йехудит" партиясы соңку макулдашууга каршылык иретинде коалициялык өкмөттүн курамынан чыкканын жарыялады.
Партиянын лидери, улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир кызматтан кетүүгө арызын тапшырды.
Бул жагдай Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун парламенттеги көпчүлүк коалициясынын келечеги тууралуу талкууларды күчөттү.
Бен-Гвир узактан бери ок атышпоо келишимине каршылыгын билдирип, Газада ХАМАСка каршы аскердик операцияларды улантуу зарылдыгын айтып жүргөн. Ал Нетаньяхуга жолдогон катында Израил өкмөтүн төңкөрүүнү көздөбөй турганын белгилеп, бирок соңку келишимди "террорчулуктун толук жеңиши" деп сыпаттады.
Мындан тышкары Бен-Гвирдин эки партиялаш да - мурастар боюнча министр Амихай Элиягу, Негев жана Галилея аймактары боюнча министр Ицхак Вассерлауф - отставкага кетти.
Кантсе да газалыктар, барымтадагылардын жакындары жана сүйлөшүүлөргө арачылык кылган дипломаттар соңку келишим Израил менен Газага тынчтык алып келет деп үмүт артып турушат.
Шерине