Мындай чечимдин максаты эмнеде? Убагында төлөп жүргөндөргө карата акыйкатсыздык болбойбу?
Кимдер бошотулат
8-январда президент Садыр Жапаров салыктарга байланыштуу бир нече чечимдерин жарыялаган. Алардын бири - 2022-жылга чейин төлөнбөй калган карыздар жокко чыгарылат. Өкмөт эки ай ичинде амнистиянын жол-жоболорун жазып, карыздан бошотулчу субъекттерди тизмектеп чыгышы керек.
Салык кызматы “Азаттыкка” кабарлагандай, амнистиянын алкагында 20 миңдей салык төлөөчүнүн карыздары жоюлушу мүмкүн. Буга кимдер кирет?
Амнистия 2022-жылдын 1-январына чейин төлөнбөй калган карыздардын бардык түрлөрүн камтыйт. Ал компанияларга, жеке ишкерлерге жана катардагы жарандарга да тиешелүү. Бирок маанилүү бир жагдай – салык төлөөчү өзү тааныган карыздар гана жокко чыгарылат.
“Башкача айтканда, салык төлөөчү өзү “ооба, карызым бар, бирок аны төлөй албай жатам, күтө тургула” деген карыздар гана жоюлат. Ал эми жашырып, отчётторун бербей жүргөн болсо, анда ал карыздар кала берет”, - деп “Эл аралык ишкерлер кеңешинин” аткаруучу директорунун орун басары Жанабил Давлетбаев “Азаттыкка” чечмелеп берди.
Ири карызы бар субъекттердин тизмеси ай сайын расмий жарыяланып турат. 2022-жылдын 1-январына карата эң чоң карызы бар ишканалар төмөнкүлөр болгон:
- “Бишкек машина куруу заводу” ААК - 111 млн сом
- “Бишкек штамп заводу” мамлекеттик ишканасы – 94 млн сом
- “Олан Трейд” ЖЧК – 87 млн сом
- “Эверест Транс компани” ЖЧК – 83 млн сом
- “Голден Стейт” ЖЧК – 67 млн сом
Буга кошумча, 2025-жылга чейин унаа салыгын төлөй электер да карыздан бошотулмай болду. Акыркы жылдын салыгын төлөбөгөндөрдүн гана эмес, буга чейин жылдап төлөбөй келгендердин карыздары да жоюлат.
Бирок бул жерде да бир маанилүү жагдай – соттун чечими чыга элек карыздар гана жокко чыгарылат. Эгер унаа ээси салыгын төлөбөй жүрүп, сот аны өндүрүү боюнча чечим чыгарган болсо, мындай карыз төлөнүшү керек. Башкача айтканда, бүгүнкү күнгө чейин карызын жашырып, сотко жеткирбеген жарандар эми мыйзамдуу түрдө эч нерсе төлөбөйт.
Жогоруда айтылгандардын баары биригип 20 миңдей субъектти түзөт. Алардын жалпы карызы 11 млрд сомдон ашат. Бирок бул сумма өзгөрүшү мүмкүн, деди Салык кызматы.
Акыйкатсыздык болбойбу?
Быйылкы жараян өлкө тарыхындагы эң ири салыктык амнистиялардын бири болмокчу. 2020-жылкы пандемияда өкмөт калктын 15 млрд сомдой карызын кечкен эле.
Садыр Жапаровдун жарлыгы бизнес үчүн күтүүсүз болду, дейт “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” юристи Бакытбек Сартмаметов. Анын айтымында, карыздарды кечүү менен мамлекет кичи жана орто бизнеске колдоо көрсөтүп, жүгүн бир топ жеңилдетет. Карыздардан бошотуу экономикалык активдүүлүккө түрткү берип, жалпы эле бизнеске оң таасирин тийгизет.
Ошентип, мамлекет салыгын төлөй албай келген же төлөгүсү келбеген жарандарга кол сунду. Бирок бул чечим мыйзамга баш ийип, милдеттерин убагында аткарып жүргөндөргө карата адилетсиздик эмеспи?
Кыргызстанда акыркы жылдары эле бир нече амнистия ишке ашты. Басып алынган жерлерге кызыл китептер берилип, мыйзамсыз жолдор менен топтолгон байлыктар легалдаштырылды. Быйыл армениялык жана абхазиялык номурлар менен кирген унааларга документтер берилгени жатат. Эми салыгын төлөбөгөндөр карыздардан кутулат.
Бийлик өкүлдөрү ар бир амнистиядан кийин бул акыркы жараян болгонун, мындан ары мыйзамдарды убагында аткаруу керектигин айтып келет. Президент Садыр Жапаров бул жолу да ушундай эскертүү берди.
“Салык төлөбөй жүрө берсек, кийин акыры кечип жиберет экен деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Салыкты өз убагында төлөө - бул ар бир жарандын ыйык милдети. Биз суктанган өнүккөн өлкөлөрдө салык ыйык. Төлөбөгөнү же жашырганы үчүн өтө катуу жазалашат. Ошондуктан бизде да салык ыйык болуш керек. Мындан ары салыктарды өз убагында төлөп туруңуздар”, - деп кайрылды өлкө башчысы.
Амнистия эң алгач бизнести колдоо максатында болуп жатат, ишкерлер мамлекет кечирет экен деген ойдо калат дегенден алысмын, дейт “Азаттыкка” берген маегинде “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” юристи Бакытбек Сартмаметов:
“Бирок салык төлөп келген ишкерлердин арасында нааразычылык сезимдер калышы мүмкүн. Ассоциация ишкерлерди ар дайым мыйзам талаасында иш алып барууга чакырып келген жана чакырып келет”.
Акыркы жылдары салык төлөө маданияты жогорулады, ишкерлерде мамлекет кечип коёт деген ой пайда болот деп ойлойбойм, дейт “Эл аралык ишкерлер кеңешинин” аткаруучу директорунун орун басары Жанабил Давлетбаев. Ал кайтарууга мүмкүн болбогон карыздар да көп экенине көңүл бурду:
“Төлөнбөгөн жана төлөнүшү мүмкүн болбой калган карыздар бар. Реалдуу акча болуп, өкмөт аны кечип салса, анда бул башка кеп болмок. Ошону үчүн муну жоготуу деп да эсептей албайбыз”.
Салык саясаты жумшардыбы?
Салык саясатын күчөтүп келген кыргыз бийлиги акыркы бир айда эле риторикасын кескин өзгөрттү.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров “салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек” десе, Салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “ишкерлердин үстүнөн минип албашыбыз керек” деп билдирди.
Негизги өзгөрүүлөрдүн бири - өкмөт эң көп талаш жараткан электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТК) боюнча талаптарды бир топ жеңилдетүүнү көздөп турат.
Былтыр ЭТТК 13 миңден ашык ар кандай товарга колдонула баштаган. Бизнес коомчулугу мындай талап кыйынчылыктарды жаратканын айткан. 14-январда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ЭТТК боюнча маселе дээрлик чечилгенин айтты.
“ЭТТК маселеси жоюлду десек болот. ЭТТК мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калат. Экинчиден, импорт менен алектенгендерге да калат. Анткени алар сырттан тонналаган товарларды ташып келет. Завод-фабрикалар да бар. ЭТТК менен аларды да көзөмөлдөш керек. Аларда ЭТТК толтуруп, бардык ишти аткарганга шарты бар”, -деди ал.
Мындан тышкары, жаңы жылды утурлай талаш жараткан айрым салыктар жокко чыгарылды. Мисалы, жаңы курулган үйлөргө 12% кошумча нарк салыгы, жеке мектептерге киреше салыгы салынбай турган болду. Унаа ээлери мүлк салыгынан бошотулду. Ооба, анын ордуна бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөй башташты, бирок өкмөт алгач эки төлөмдү тең калтырууну көздөгөн эле.
Шерине