Украин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы акыркы бир сутка ичинде Донецк облусундагы Покровск шаарынын айлана-тегерегинде Орусиянын 98 чабуулунун мизи кайтарылганын билдирди.
Штабдын 19-январдагы маалыматына ылайык, орус күчтөрү бул багытта жыйырмага чукул конушка чабуул коюуга аракет кылган.
Андан тышкары акыркы бир суткада жалпы согуш тилкесинде 200гө жакын салгылашуу болду. Согуштук аракеттер Покровск аймагынан тышкары Харьков, Купянск, Лиман, Краматорск сыяктуу бир катар багыттарда, ошондой эле Орусиянын Курск облусунда да уланды.
Украин президенти Владимир Зеленский бир нече күн мурда поляк медиасына курган маегинде чыгыштагы фронт тилкесинде кырдаал оор экенин, аймакта орус күчтөрү менен техникасы көп топтолгонун жана украин аскерлери жетишсиз экенин айткан.
Согушту изилдөө институтунун (ISW) талдоосуна ылайык, орус күчтөрү Покровск шаарынын чыгыш жана батыш тарабындагы жолдорду бууп, калааны курчап алууга аракет кылууда.
Бирок украин армиясынын басма сөз кызматкери Виктор Трехубов Покровск шаарында кырдаал "туруктуу" экенин, калаада бир дагы орус аскери жок экенин 18-январда айтты.
Шерине