Кыргызстанда Эгемендиктин 33 жылдыгы белгиленип жатат. «Азаттык» Эгемен Кыргызстандын каармандары - дарыгер Сыргак Турдалиев, акын Саид Султан жана активист Мубина Орумбаева менен баарлашып келди.
Украинанын Сумы шаары жумага караган түнү орус армиясынын соккусуна кабылды. Эки киши каза тапты, сегизи жараат алды.
Израил армиясынын Газадагы чабуулдарынан тышкары кечээтен бери Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги масштабдуу операциясы уланууда. Ондогон адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Израил бул операциясынын максаты террорчуларды жок кылуу экенин жарыялады.
Бишкек шаардык соту Аскат Жетигендин апелляциялык арызын карады. Ленин райсотунда 11 журналисттин иши уланды. Израил Газадан тышкары Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги масштабдуу операциясын улантып, ондогон адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Парижде Жайкы Паралимпиада оюндары расмий ачылды.
Телеграмдын түптөөчүсү Павел Дуровдун Францияда кармалышы сөз эркиндигин коргоону жана онлайн мазмунду тескөө зарылдыгын жактагандардын тирешин күчөттү. Дүйнөдөгү эң популярдуу платформалардын биринин ишмердиги канадй болот?
Израил армиясынын Газадагы чабуулу жана кечээтен бери Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги масштабдуу операциясы уланууда. Ондогон адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Израил бул операциясынын максаты террорчуларды жок кылуу экенин жарыялады.
27-августта коңшу Казакстандын өкмөтү атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өткөрүү боюнча токтомду бир добуштан кабыл алды.
Украинанын Кривой Рог шаарындагы мейманканага жасалган чабуулдан төрт киши набыт болуп, беш киши жараат алды. Шейшембиде президент Владимир Зеленский маалымат жыйын өткөрүп, анда согуштун "жеңиш планы" тууралуу сөз козгоду. Орусиянын Курск аймагындагы абал ошол пландын бир бөлүгү экени белгиленди.
Түркмөн бийлиги кыз-келиндердин бойдон алдыруусуна тыюу салмакчы. Дарыгерлер абортко каршы уланып жаткан кысым кыз-келиндердин өмүрүн коркунучка тушуктуруп жатканын эскертишүүдө. Анткени айласы кеткендер пландалбаган кош бойлуулукту токтотуунун кооптуу ыкмаларын колдоно башташты.
Ага-ини Исламбек жана Русланбек Матраимов 50 миң сомдон айып төлөп, эркиндикке чыкты. Украина кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылды. Орусиялык ырчылардын Бишкек сапары социалдык тармакта бир топ нааразылык жаратты. Орусияда мигранттардын балдарын “Юнармияга” жиберүү сунушталды.
Дагы жүктөңүз