Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:37

Батыш жээк: Израилдин операциясы ондогон кишинин өмүрүн алды


Израил аскерлери Газа секторунда.
Израил аскерлери Газа секторунда.

Израил армиясынын Газадагы чабуулу жана кечээтен бери Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги масштабдуу операциясы уланууда. Ондогон адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Израил бул операциясынын максаты террорчуларды жок кылуу экенин жарыялады.

Газадагы дээрлик он бир айдан берки согуш жергиликтүү бийлик кабарлагандай, 40 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

Газадагы согуш 40 миңден ашуун адамдын өмүрүн алганы кабарланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:18 0:00

Газа секторунун Газа шаары. 29-августтун таңында бул жерде Израилдин чабуулдарынан сегиз жайкын тургундун өмүрү үзүлгөнүн, арасында балдар да бар экенин палестин жарандык коргонуу мекемеси билдирди. Ал-Римал районундагы бул үйдө израилдик соккудан кийин өрт чыккан. Кошуна тургундардын айтымында, жогорку кабаттагы бир үй-бүлөдөн кичине кызды гана куткарып калуу мүмкүн болду, калгандарына улам күчөгөн жалындын айынан жете албай калышты.

Куткаруучулар бул жер ракеталык аткылоого кабылганын билдиришти:

"Бул жерге Израилдин учактары кеминде эки ракета ыргытышты. Жарандык коргонуу топтору өрттү өчүрүп, аман калгандарын куткарып жетишүүгө аракет кылууда. Куткаруучулар аз, чамабыз чектелүү болгондуктан ыкчам иштеп жетише албай жатабыз. Үчүнчү кабатта адамдар камалып калышты. Өрттү өчүрүүгө суу жетишсиз болууда. Кудуктан суу тарттырып келели десек же автоунаабыз, же генераторубуз жок, электр энергиясы өчкөн. Он айдан бери жарандык коргонуу мекемебиз тийиштүү каражаттар менен камсыздалбай келе жатат", - деди куткаруучу Ибрагим Абу ал-Риш.

Газада эвакуация болгон эл
Газада эвакуация болгон эл

Каза болгондордун сөөгү жана жараат алгандар ал-Ахли ал-Араби ооруканасына жеткирилди.

Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиндер отурукташкан Женин шаары. Кечээтен бери Женинде жана жанындагы Тулкарм шаарында Израил армиясынын жүздөгөн жөө аскер кызматкерлеринен тышкары тик учак, учкучсуз учак жана танк катышкан кеңири масштабдагы рейди жүрүүдө. Аскерлердин оор техникасын шаардын ээн турган көчөлөрүнөн бүгүн да көрүүгө болот.


Рейтер маалымат агенттиги жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин билдирүүсүнө таянып, 28-августтагы чабуулдардан бул жерде кеминде 12 палестин тургуну каза болгонун кабарлады. Ал эми 29-августтагы маалымат боюнча, Тулкарм шаарында мечитте жашынып отурган беш киши жок кылынды. Израил алардын бири Нур-Шамс качкындар лагериндеги согушкерлер тобунун башчысы Абу Шужаа деген ат менен белгилүү Мухаммад Жаббер деген киши экенин билдирди.

“Ислам жихады” террорчул тобунун Тулкарм шаарындагы бөлүгү Жаббердин өлүмү үчүн жооп катары израилдик жөө аскерлерге каршы буктурма жана башка да чабуулдар уюштурулуп жатканын жарыялады.

Газа. Хан-Юнис шаары. Август, 2024-жыл
Газа. Хан-Юнис шаары. Август, 2024-жыл


Израил бул жактагы операциясы маалында террорчуларды жок кылып жатканын айтууда:

«Израил армиясы Женинде жана Тулкармда контртеррордук операция баштады. Биз куралчан террорчуларды абадан жана жерден бутага алып, жолдорго коюлган жардыргычтарды тазалап, өтө көп сандагы курал-жаракты алып жатабыз. Женин шаарында бизге коркунуч келтирген куралчан үч террорчу авиа сокку менен жок кылынды. Издөөдө жүргөн кылмышка шектүү кишилерди колго түшүрүүдөбүз. Курал-жарак, М-16 мылтыктары, ок-дары жана кошумча аскердик жабдык катылган жерлерди таптык», - деди Израилдин өкмөт кеңсесинин өкүлү Дэвид Мансер.

Палестин администрациясы Израилдин Газадан тышкары Батыш жээктеги масштабдуу операциясы «өтө коркунучтуу жана кооптуу» кесепеттерге алып келиши ыктымал экенин эскертти. Палестин администрациясынын башчысы Махмуд Аббас Сауд Арабиясына сапарын токтотуп, Батыш жээкке кайтып барды.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац бул операция Иран менен байланышкан террордук инфраструктураны жок кылуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирип, Тегеранды «Батыш жээкте Израилге каршы чыгыш террордук фронтун түзүүдө, аларды каржылап, аткезчилик жолу аркылуу курал-жарак менен камсыздоодо» деп айыптады.

Израил менен Газанын чек арасындагы жөөт аскерлери танктар менен. Август, 2024-жыл
Израил менен Газанын чек арасындагы жөөт аскерлери танктар менен. Август, 2024-жыл


Былтыр 7-октябрда АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланганХАМАС тобу Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

Согушту токтотуу боюнча АКШ, Катар жана Египет ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрдөн натыйжа боло элек.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес.

XS
SM
MD
LG