Германиянын 13 ири аэропортунда дүйшөмбү күнү 24 сааттык иш таштоо башталды. Кесиптик кошуун уюштурган акция Берлин, Штутгарт, Көлн, Мүнхен, Гамбург, Ганновер жана башка аэропортторунда өтүүдө. Бул тууралуу Deutsche Welle жазды.
Иш таштоону уюштурган Ver.di кесиптик кошуунунун маалыматына ылайык, 3400 авиакаттам аткарылбайт, анын кесепети 510 миң жүргүнчүгө тиймекчи. Синдикат эмгек акысын, оор жумуш үчүн кенемтенин өлчөмүн көтөрүүнү, кызматкерлерге кошумча эс алуу күндөрүн берүүнү талап кылууда.
Кесиптик кошуун 25 миңдей кишинин жумуш шартын жакшыртуу зарыл деп эсептейт.
Бир күн мурда Гамбургдун аэропортунда мурда жарыяланбаган иш таштоо уюштурулган. Аэропорттун басма сөз катчысы пасха алдындагы эс алуу алдындагы мындай чечимди “калыс эмес” деп атады.
Германиянын Авиа кыймыл кызматынын маалыматы боюнча, өлкө аэропортторунда күнүгө 6 миң учак учуп, конот. Мындан тышкары 3 миң учак аба мейкиндигин транзит катары колдонот.
Шерине