Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:09

Казакстан АЭС куруу чечимин жалпы элдик добушка салат


Санкт-Петербургдун жанындагы Ленинград атомдук электр станциясы
Санкт-Петербургдун жанындагы Ленинград атомдук электр станциясы

27-августта коңшу Казакстандын өкмөтү атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өткөрүү боюнча токтомду бир добуштан кабыл алды. 

Дүйнөнүн эң ири уран өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон Казакстан атомдук электр станциясын курууга бел байлады.

Өткөн аптада баш калаа Астанада өзөктүк энергияны өндүрүүнү баштоо керекпи же жокпу деген маселе боюнча 20 коомдук талкуунун акыркысы өттү. Анын форматы башка шаарларда болуп өткөн талкуулардан анча деле айырмаланган жок.

Расмий баяндамалар өзөктүк энергиянын болжолдуу пайдаларына гана арналып, суроо берүүнү каалагандарга эки гана мүнөт берилди. Андан кийин микрофон өчүрүлүп, сөзүн уланткан жергиликтүүлөр сыртка чыгарылды. Айрым активисттер иш-чарага жеткен да жок.

Өзөктүк куралга каршы пикирин айтып жүргөн активист Мейирхан Абдиманапов 19-августта Астанага бараткан жеринен кармалып, 129 миң теңге (270 доллар) айыпка жыгылган. Ал алты ай мурда уруксат берилбеген митингге катышканын жүйө кылып кармалган.

Бирок Абдиманапов мунун чыныгы себеби 16-августта Казакстандын эң ири шаарында өтө турган коомдук талкууга активдүү катышууга жол бербөө экенин айтып, долбоорду "атомдук электро станциянын жарнамасы" деп сындаган.

Андан соң 20-августта "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери Астанадагы "Радиссон" мейманканасында ызы-чуу менен коштолгон талкууга күбө болушкан.

"Эмне үчүн сөз эркиндиги жөнүндө айтып, ошол эле учурда элди киргизбей жатасыңар? Президент өзү бул маселенин коомдук талкууга чыгышын каалабады беле? Силердин бул аракеттериңерди кандай түшүнсөк болот?" - деп нааразы болду активист Нагижан Толеубаев күзөтчүлөр аны иш-чарага киргизбөөгө аракет кылышканда.

Катышуучуларды көзөмөлдөө аракеттерине карабастан, долбоорду колдогондор менен сындагандар айтышып, атүгүл жулмалашып кетишти.

Акыр-аягы жыйынга кирген Толеубаев АЭС курулуп калса, "келечек муун силерге наалат айтат" деди. Андан соң анын микрофонун жулуп алып, сыртка кууп чыгышты.

Ал эми президент Касым-Жомарт Токаев атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум качан өтөрүн расмий ачыктай элек.

Бирок эмне үчүн анын администрациясы бул талаштуу жолго түшүп жатат?

Энергетикалык ресурстардын тартыштыгы күчөп баратканы албетте биринчи себеп. Бирок дагы бир себеп, атомдук электр станциясын курууга өнөктөш катары каралып жаткан Орусия болушу мүмкүн.

Росатом биринчи өнөктөшпү?

Бийликчил серепчилер Казакстандын көпчүлүк шаарлары дагы деле көмүр менен жылытылып жатканын, эскилиги жеткен ЖЭБдерге караганда өзөктүк энергетика өндүрүштүн таза түрү экенин белгилешет.

Бирок 2011-жылы Жапониядагы Фукусима атомдук электр станциясында болгон кырсык жалпы эле бул тармакка байланыштуу тынчсызданууну жаратууда.

Советтер Союзунун тушунда 40 жыл бою Москванын жетекчилиги астында Казакстандын түндүк-чыгышында өзөктүк сыноолор үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген.

Бул сыноолордун адамга жана экологияга тийгизген терс таасирин бүгүнкү күндө да көрүүгө болот.

Астанадагы иш-чарада ыктымал кырсык чыккан учурда атомдук электр станциясынын коопсуздук көйгөйү да көтөрүлдү.

Орусия Украинага толук масштабдуу согуш баштаганда орус аскерлери Европадагы эң ири атомдук электр станциясы, Украинанын чыгышындагы Запорожье атомдук электр станциясын курчоого алып, басып алышкан.

Астана Украинадагы согуш тууралуу ачык позициясын билдирбегендиктен, орус саясатчылары жана серепчилери Казакстанга карата коркутууларын жаадырган, бирок ага салыштырмалуу өзөктүк объект куруу идеясы Орусияда кызуу талкууланган жок.

"Башка суверендүү мамлекеттин өзөктүк объектилерин мыйзамсыз басып алып, кооптондурууну жараткан өлкөнү өзөктүк чөйрөдө ишенимдүү өнөктөш катары кароого болбойт. Өзөктүк энергетика гиганты "Росатом" долбоорго катышпашы керек", - дейт эксперт Тогжан Касенова "Азаттыкка" берген маегинде.

Бирок өкмөт башка пикирде. 2023-жылы Токаев станция куруу боюнча референдум өткөрүлөрүн жарыялаганга чейин Казакстандын Энергетика министрлиги өзөктүк технологиялар менен камсыздоочулардын арасында орусиялык "Росатом", кытайлык CNNC, түштүк кореялык KHNP жана франциялык EDF компанияларынын атын атаган.

Былтыр казак бийлиги ыктымал атомдук электр станциясын куруу үчүн эл аралык консорциум түзүү идеясын көтөргөн. Бирок бул долбоордо "орус лидерлиги кажет эмес" деген скептиктерди алыстан издебеш керек.

Коңшу Өзбекстанда ошол кездеги энергетика министри Журабек Мирзамахмудов ноябрда расмий Ташкент бир эле Орусия эмес, башка өлкөлөрдүн "тажрыйбасын жана технологияларын" изилдеп жатканын, Өзбекстан атомдук электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан.

Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 27-май, 2024-жыл.
Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 27-май, 2024-жыл.

Май айында орус лидери Владимир Путин Борбор Азиядагы бул өлкөгө расмий сапары менен барганда, Ташкент менен Москва чакан атомдук электр станциясын (КЭС) куруу боюнча макулдашууга жетишкен.

Ал эми Кремл менен Ак ордо ансыз деле жогорку билим берүү тармагында жана өзөктүк чөйрөдө кызматташат.

Өткөн аптада Астанада атомдук энергетиканы колдогон жаштар менен Орусиянын Улуттук өзөктүк изилдөө университетинин Алматыдагы филиалынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу өткөн.

Аталган филиал 2022-жылы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин базасында, Токаев атомдук электр станциясын куруу планы жалпы элдик добуш берүүгө коюла турганын жарыялагандан бир жыл мурун ачылган.

Патриоттуулук сынагы

Көзгө урунарлык каршылыктарга карабай, казакстандыктар референдумда "ооба" деп добуш берерине шек жок.

Атомдук энергияны түшүндүрүү өнөктүгү үчүн мамлекеттик ресурстар колдонулат.

Ал эми станциянын курулушуна каршы нааразылык акцияларына чыккандар шаардык кеңеш аларга бир нече жолу уруксат бербей койгонуна нааразы.

Үлкен шаарчасында каралбай калган үйлөр.
Үлкен шаарчасында каралбай калган үйлөр.

Деген менен көптөгөн казакстандыктардын өзөктүк энергиянын пайдасына орчундуу аргументтери да бар.

2023-жылдын август айында долбоор боюнча биринчи коомдук талкуулар өткөрүлгөн Үлкен шаарчасынын балыкчылары өз чарбасынын келечегине тынчсызданып жатышса, айрымдары каралбай калган аймак үчүн жумуш орундары түзүлөрүн айтышкан.

Өлкө боюнча, өзгөчө алыскы облустарда электр энергиясынын жетишсиздиги барган сайын олуттуу көйгөйгө айланууда, анткени өлкөнүн түштүгүндө калк жыш жайгашкан аймактарда электр энергиясын көп керектөө аталган тармакка оор тийерин байма-бай айтып келишет.

Былтыр Казакстандын мамлекеттик "Самрук Энержи" компаниясы 2029-жылга чейин өлкөдөгү электр энергиясынын таңкыстыгы эки эсеге көбөйүп, 3 гигаваттка чейин жетет деп болжолдогон.

Казакстандын болочок атомдук электр станциясы кубаттуулугу боюнча Өзбекстандын 330 мегаваттык версиясынан бир топ чоң болот деп болжолдонууда.

Сентябрь айында Алматыда өзөктүк куралга каршы активисттер өткөргөн митингге чыккан аткаминерлер, электр жарыгы улам үзгүлтүккө учураган айылдыктарга өзөктүк энергиянын пайдасын оңой эле түшүндүрүүгө болорун кыйытышкан.

Алардын айтымында, өкмөт шамалдан жана күндөн электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү сыяктуу пайдалуу жана экологиялык жактан таза альтернативаларды коомчулукка сунуш кылуудан башка эч нерсе кылган жок.

27-августта энергетика министри Алмасадам Саткалиев өкмөттүн жыйынында жалпы элдик референдум өткөрүүгө президенттин токтому боюнча сунуш киргизип, бир добуштан кабыл алынды.

Алмасадам Саткалиев.
Алмасадам Саткалиев.

Буга чейин президент Токаев добуш берүү күзүндө өтөрүн билдирген. Бирок так датасы азырынча белгисиз.

"Көз карандысыз блогерлерди" жана ЖМКны өзөктүк пландарды сынга алып жатканы үчүн айыптаган Саткалиев казакстандыктардын атомдук энергетика боюнча позициясы "интеллект, патриоттуулук, адептүүлүктүн сынагы" экенин айткан.

"Эл аралык өнөктөштөр менен бирге ишке ашырыла турган долбоорлор Казакстанды уран өндүрүү боюнча дүйнөнүн лидери гана эмес, атом тармагы боюнча жогорку технологиялык чечимдерде да жаңы деңгээлге алып чыгат", - деп кошумчалаган министр.

XS
SM
MD
LG