Фейсбуктун колдонуучусу Марипов эки айга камалды
Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен шек саналып, 7-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Тиелешүү токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-мартта чыгарган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн. 2024-жылы апрель камалып, сентябрда акталган. Акыркы күндөрү президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди айыптаган билдирүүлөрдү кылып жасап жаткан.
УКМК Максим Бакиев тууралуу кабарды четке какты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келди” деген маалыматты четке какты. Кыргызстандан чет өлкөгө күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров жеке булактарына шилтеме берип, “Максим Бакиев Кыргызстанга учуп келгенин, аны УКМКнын кызматкерлери коштоп жүргөнүн” Фейсбуктагы баракчасына жазган. Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен. Анын кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.
Өкмөт фейк маалымат тараткандарга айып пул салууну сунуштады
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражараттарында (ЖМК), социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ Жогорку Кеңешке 4-мартта түшкөн. Социалдык тармактарда коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын, мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузууга багытталган жалган маалыматтарды чыгарган адамга 20 миң сом, андай маалыматты жарыялаган юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу сунушталды. 10-февралда эле Кыргызстанда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам күчүнө кирген.
Өкмөт мамлекеттик башкарууну реформалоо башталганын билдирди
Министрлер кабинети Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну реформалоо башталганын билдирди. Ага ылайык юстиция министри Аяз Баетов 2025-жылдын 1-октябрына чейин Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору кызматын аркалоо менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштей турганы белгилүү болду. Бул чечим сөз болуп жаткан институтка мамлекеттик башкаруудагы реформаларды ишке ашырууга кеңири ыйгарым укуктарды берери айтылды. Өкмөт бири-бирин кайталаган жана натыйжасыз мамлекеттик органдарды аныктоо, мамлекеттик кызматтарды автоматташтырып, бюрократияны азайтуу, айрым кызматтарды жеке секторго берүү жана чыгымдарды кыскартуу планы бар экенин билдирди. Кыргызстанда ушул тапта 16 министрлик бар. Ошондой эле министрликтерге караштуу мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор иштейт.
Курск облусунда кармаштар жүрүп жатканы кабарланды
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембинин кечинде украин аскерлери Курскидеги бир нече айылдан сүрүп чыгарылганын билдирди. Буга чейин 8-марттан тарта мекеме дагы төрт айылдын орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн маалымдап келген. Мындан тышкары министрлик дрондор украин күчтөрүнүн автокербенине чабуул коюуда деген видеону жарыялап, алар Сужа шаарынан чегинүүдө деп жазган. Украиналык DeepState долбоору орус армиясы Курск облусундагы эки кыштакты кайтарып алганын бышыктады. Бирок украин куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы бул маалыматты тастыктай элек. Былтыр августта украин аскерлери Курск облусунун айрым райондорун ээлеп алып, операцияны өз аймагын коргоо максатында жүргүзгөнүн билдирген.
Орусиянын "тобокел тобуна" кирген кыргызстандыктар көбөйүүдө
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" билдиргендей, 1-мартка карата "кара тизмеге" 83 миң кыргыз жараны киргизилген. Өкүлчүлүктүн маалыматында, 2025-жылдын башынан бери тийиштүү документтерин мыйзамдаштырып, аталган тизмеден чыгып кеткен кыргызстандыктар да болду. Ошол эле учурда түрдүү себептер менен тизмеге кирген жарандар да көбөйүүдө. Миграция өкүлчүлүгү учурда Орусиядагы мекендештерге "тобокел тизмеден" чыгуунун жол-жобосун түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Өкүлчүлүктүн маалымдашынча, учурда Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда ("Сахарово") 57 кыргызстандык кармалып турат. Алардын ичинен бешөө - аялдар. Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2025-жылдын башына карата аталган тизмеде 72 миң кыргыз жараны бар экенин билдирген.
Германияда иш таштоодон улам миңдеген авиакаттам аткарылбай турат
Германиянын 13 ири аэропортунда дүйшөмбү күнү 24 сааттык иш таштоо башталды. Кесиптик кошуун уюштурган акция Берлин, Штутгарт, Көлн, Мүнхен, Гамбург, Ганновер жана башка аэропортторунда өтүүдө. Бул тууралуу Deutsche Welle жазды. Иш таштоону уюштурган Ver.di кесиптик кошуунунун маалыматына ылайык, 3400 авиакаттам аткарылбайт, анын кесепети 510 миң жүргүнчүгө тиймекчи. Синдикат эмгек акысын, оор жумуш үчүн кенемтенин өлчөмүн көтөрүүнү, кызматкерлерге кошумча эс алуу күндөрүн берүүнү талап кылууда. Кесиптик кошуун 25 миңдей кишинин жумуш шартын жакшыртуу зарыл деп эсептейт.
Өзбек бийлиги "кытайлык жарандар Ташкентте жер алып жатат" деген маалыматты төгүндөдү
Өзбекстандын Кадастр агенттиги кытайлык жарандар Ташкентте "жер тилкелерин жапырт алып жатат" деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Акыркы күндөрдө социалдык тармактардын өзбек сегментинде баш калаада «Кытайдын жарандары көбөйгөнү», жергиликтүү «аткаминерлер кытайлыктарга жер сатып баштады» деген маалыматтар тараган. Агенттик Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, чет элдик жарандар, юридикалык жактар, чет өлкөлүк инвесторлор катышкан компаниялар жер тилкелерин ижарага гана ала аларын эске салды. Кытай тышкы соода жүгүртүү жагынан Өзбекстандын эң активдүү өнөктөшү болуп калды.
Шерине