Киев Орусиянын Волгоград облусундагы Мариновка аскердик аэродромуна жана күйүүчү май сакталган кампаларга сокку урулганын бышыктады. Тоңдун Туура-Суу айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келди. Ишкер Имамидин Ташовдун иши сотко өттү.
Ысык-Көлдүн Темир айылында селден кийинки тазалоо иштери жүрүүдө. Тургундар үйлөрдүн тегерек-чети, көчөлөр тазаланбай жатканын айтышты. Жергиликтүү бийлик миңге чукул куткаруучу, элдик кошуундар жана күч кызматкерлери ишке тартылганын билдирди.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев улуу кызы Саида Мирзиёеваны Каракалпакстан автоном республикасын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларын аткарууга жооптуу кылып дайындады.
21-августтун кечинде Ысык-Көл облусунун Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралды. Буга бийик тоодогу Зындан көлү жырылганы себеп болгон. Суу каптоо коркунучуна кабылган айыл тургундары коопсуз жакка чыгарылды.
Индия премьер-министри Нарендра Модинин Украинага сапары 23-августка пландалууда. Серепчилер бул сапарды ал өткөн айда Москвага барып, орус президенти Владимир Путин менен жолуккандан улам Киевде жана Батышта жаралган реакциядан кийинки дипломатиялык баланс аракети катары баалап жатышат.
Москва шаарына дрон чабуулуна кабылды. Орусия бул согуш башталгандан бери Москвага жасалган эң ири чабуул экенин билдирди. Ушул эле күнү Киевге Орусия тараптан аба чабуулу болуп, эскертүү жарыяланды. Ал арада Орусиянын Курск аймагында кармаш уланууда.
Жогорку сот Каныкей Аранованын кассациялык арызын четке кагып, аны абакта калтырды. Орус баш калаасы жапырт дрон чабуулуна кабылганын Москванын мэри билдирди. Кыргызстандагы “Мбанк” жана "Керемет банк" баштаган ири банктар Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту.
Курск облусунда украин аскерлеринин көзөмөлүндөгү райондордо ооруканалар, дүкөндөр иштебей турат. Киевдин өкүлү Михаил Подоляк Украина жергиликтүү калкка гуманитардык жардам жеткирип, эл аралык нормаларга ылайык коргоп жатканын айтты.
Кыргызстанда диний агартуу жаатында түзүлгөн “Ыйман” фондунун ишмердигине байланыштуу жаңжал чыкты. Фонддун ишмердигин текшерген аудит Түркиянын өкмөтү бөлгөн 5 миллион доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныктаган. Бул иш боюнча фонддун мурдагы эсепчиси камакка алынды.
Кыргызстанда Түркия “Ыйман” фондуна бөлгөн 5 млн доллардан ашык акчанын отчету жок экенин аныкталып, мурдагы эсепчи кармалды. АКШда Демократтар партиясынын атынан Камала Харрис президенттикке талапкер болуп расмий көрсөтүлөт. Мрох Пакистанда жана Швецияда катталды.
АКШнын Чикаго шаарында Демократиялык партиянын 3 күндүк улуттук курултайы башталды. Жыйында вице-президент Камала Харрис ноябрдагы шайлоого партиянын атынан талапкер болуп көргөзүлөт. Бир ай мурун талапкерликтен баш тарткан президент Жо Байденди чогулгандар жылуу тосуп алышты.
Кыргыз бийлиги маймыл чечек деп аталган мрох вирусу боюнча дүйнөдөгү кырдаалдан улам билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 14-августта глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Дагы жүктөңүз