Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:59

Паляныця: даамдуу украин токочу жана ажал бүрккөн дрон-ракетасы


Украиндердин “паляныця” деген наны почтоо маркасында. 2013.
Украиндердин “паляныця” деп аталган жана буудай ундан бышырылган улуттук наны Украинанын почтоосунун 2013-жылы чыгарылган маркасында чагылдырылган.

Жакында украин бийликтери жаңы согуш куралы – “Паляныця” аттуу дрон ракетасы өндүрүлүп чыгарыла баштагандыгын шардана кылышты. Бул “паляныця” сөзү дан жыттуу украин жергесинде “нан”, “токоч” маанисинде өзгөчө кастарланат. Тарыхчынын блогу.

Демократиялык Украина 2014-жылдын башынан тартып коңшу Орусиянын авторитардык режиминин баскынчылыгына кабылды. Кырым жарым аралын жана Донбасстын кыйла бөлүгүн каратып алган путиндик Кремль 2022-жылдын 24-февралынан тартып бул эгемен өлкөгө каршы ири өлчөмдөгү согушту жүргүзүүдө.

“Киевди 3–4 күндө эле каратып алабыз, карапайым украиндер бизди гүлдесте менен тосуп чыгышат” деп кыялданып, XXI кылымдын алгачкы чейрегинде “чагылгандай тез согуш” (“блицкриг”) жүргүзүү дымагында болгон путиндик режим эми согушту кантип өз пайдасына аяктаарын билбей, айласы куруй баштады.

Ошого карабастан, орусиялык баскынчылар Украинанын дээрлик бардык аймактарына дрондук жана ракеталык чабуулун жасап, Донбасс аймагында кан майданда бир аз да болсо жиреп келүү үчүн согуш аракеттерин улантууда.

Ал арада украин аскерлеринин тобу Орусиянын Курск облусуна сүңгүп кирип барды жана Орусиянын кыйла алыстагы аймактарындагы стратегиялык маанилүү мерчемдерди (маселен, Воронеждеги ок-дары кампасын) дрондор жана ракеталар аркылуу жардырууда. Курск облусундагы аскердик амалдарды расмий Киев коопсуздук үчүн маанилүү өткөөл чөйрөнү түзүү мүдөөсү менен байланыштырды.

Тасма. Украиндер өндүргөн “Паляныця” ракета-дрону. 2024.

Жаңы украин ракетасы

2024-жылы 24-августта Украинанын презденти Владимир Зеленский өз өлкөсүнүн аскердик өнөр жай ишканасында “Паляныця” ("Паляниця") аттуу жаңы жана кубаттуу дрондук ракета системасы өндүрүлө баштагандыгын алгачкы жолу шардана кылды.

“Орусия эки жарым жылдан бери жүрүп жаткан толук өлчөмдөгү согуш маалында Украинага каршы 10 миңге жакын ар кандай түрдөгү ракеталарды жана 33 миңден ашуун сандагы КАБды (учуучу аба бомбаларын) аткылады. Бул курал-жарактарды алып жүрүүчүлөргө — аскердик аба майдандарындагы орусиялык учактарга сокку уруу аркылуу шаарларыбызга жасалган чабуулдарды токтотууга болот. 24-августта биздин жаңы куралыбыз – душмандын чабуул коюу жөндөмүн ойрон кылуу үчүн өз күчүбүз менен өндүрүлүп чыккан алыскы аралыкка сокку уруучу украиндик "Паляныця" ракета-дрону – алгачкы жолу жана ийгиликтүү түрдө күжүрмөн чабуулда колдонулду”, – деди президент Зеленский.

Эгерде баскынчы орусиялыктар ырааттуу колдонуп жаткан ирандыктардын “Шахид” дрону саатына 200 чакырымдай гана уча алса, ал эми украиндик жаңы дрон-ракеталар саатына 400–500 чакырым уча ала тургандыгы жана аларды учурдагы радарга таянган орусиялык абадан коргонуу системасы оңой-олтоң атып түшүрө албастыгы жөнүндө интернетте байма-бай талкуу жүрүүдө.

Эми башка чет жерлерде сыяктуу эле, Орусиянын өзүндө да бул “паляныця” деген сөздү чечмелей башташты. Аны келекелеп “кулпунай” деп бурмалап которгонго чейин барышты.

Стамбулдагы патриарх Варфоломей Биринчи Киевде. 25.7.2008.
Ортодокс христиандардын Стамбулдагы патриархы Варфоломей Биринчи Украинага иш сапары менен келгенде нанды өптү. Киев шаары. 25.7.2008.

“Паляныця” – нандын түрү

Иш жүзүндө “паляныця” сөзү украиндер буудай ундан үстү кызылыраак кыртышка ээ болуп бышырган токочтун эле атын билдирет.

Дайыма украиндер сыйлуу конокторду дал ушул нанды жана ак тузду четтери саймаланган ак дасторкончого коюп көтөрүп алып тосуп чыгышат.

Украин фолклорунда бул нан менен байланыштуу кызыктуу уламыштар жана ишенимдер сакталып калган. Маселен, паляныця нанынын кесимин жебей койчу болсоңуз, анда кесирдик болуп калат да, жамандыкка кабылышыңыз мүмкүн. Бул нандын үзүмүн башка кишинин артында туруп жечү болсоңуз, анда ошол алдыдагы кишинин күч-кубаты сизге көчөт, деген да түшүнүк болгон.

Тасма. Украин балдарынын “Паляныця” аттуу ыры. 03.1.2023.

Украиндер христиан дооруна чейин ишенген көп кудайлардын бири – Коляда (бул сөз “дөңгөлөк” деп которулат) деген кудай Күндүн жаңы айлампасын (чарбалык жаңы жылды) баштаткан кудуретке ээ деп саналган. Коляда деген кудайга арналган майрамдык жөрөлгө кийинчерээк христиандык жана жаңы жылдык майрамдарга да ширелишип кеткен.

Ыйсанын туулган күнүнө арналган майрамда көчөлөрдө үйдөн үйгө түрө кыдырып, шаттык маанай тартуулаган колядачылар, маселен, мындайча ырдашкан:

Коляд, коляд, колядниця,

Смачна з медом паляниця...

(“Коляд, коляд, колядныця,

Бал менен даамдуу паляныця”).

Бул саптарда айтылган бал менен паляныця, фолклор таануучулардын айтымында, көөнө замандарда Күндүн салттык символдору катары каралган.

Айтылуу Николай Гоголдун чыгармаларында дагы украин наны коюлган дасторкон четиндеги майрамдык шаңдуу маанай сонун чагылдырылган эмеспи!

Айтмакчы, 2013-жылы Украина почтоосу бул нанга арнап атайын марка да чыгарган.

Украиндер "Коляда" жөрөлгөсүн жасоодо.
Украиндер "Коляда" жөрөлгөсүн жасоодо. Днепр аймагы.

“Паляныця” сөзүнүн түпкү мааниси

Украиндердин “паляныця” нанынын этимологиялык башаты тууралуу ар кыл пикирлер бар.

Айрымдар аны эски славянча “күйгүзүлгөн” деген сөздөн (б.а. “пали́ти” этишинен) келип чыккан, дешсе, башкалары орто кылымдардын эрте мезгилинде Чыгыш Европаны байырлаган чыгыш славян урууларынын биринен болгон “поляндар” (Poliany) этносунун аталышынан келип чыккан, деп санашат.

Даңазалуу украин чыгыш таануучусу, теги жагынан өзүн кырым татары деп санаган академик Агафангел Ефимович Крымский (кырым татарча: Ağatanğel Efim Qırımlı; 3(18).1.1871, Владимир-Волынск, падышалык Орусия – 20.7.1942, сталиндик ГУЛагда, Казакстандагы Кустанай абагынын ооруканасында өлгөн) “паляныця” сөзүн байыркы гректердин кудайларга багыштап бышырчу таттуу токочу болгон “пеланос” (πελανος; pelanos) сөзү менен байланыштырган. Чыгыш славяндарда жайылган ортодокс христиан дини гректердин ортодокс чиркөөсү менен тамырлаш болгон эмеспи.

Кандай болсо да, бул сөздү азыркы украинер өздөрүнүн төл сөзү катары санашат.

Ал түгүл эгемен Украинанын баскынчы путинчилерге каршы согушу маалында ушул сөз менен байланыштуу кызыктуу окуялар да орун алды.

Маселен, өзүн "украиндикмин" деп көрсөткүсү келген орусиялык жат кишилер жана болжолдуу тыңчылар “паляныця” сөзүн дурус айта албай, колго түшкөн учурлар да айтылып келет. Ошондой окуялардын бири, маселен, 2022-жылы май айында Ровно облусунда орун алганы маалымдалды.

Адатта, орустар “паляныця” сөзүндөгү “Ы” тыбышына жакын украин тыбышын ичкертип, ал эми жумшагыраак “Ц” (тз) тыбышын каткалаңыраак кылып айтышат экен.

Тыбыш айырмачылыгына байланыштуу бул окуяны кыргыз жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы ферганалык кыпчактарга “буудай” сөзүн айттырып, аларды башкалардан айырмалаган окуя менен дагы, Карахандар доорундагы диалект айырмачылыктары аркылуу ар кыл этносторду айырмалаган учурлар жөнүндөгү Махмуд Кашгари Барсканинин этнографиялык маалыматы менен дагы салыштырууга болот.

Дрон согушу: “Байрактардан” “Паляныцяга”

Эгемен Украина баскынчыларга каршы согуш маалында чет элдик жана жергиликтүү дрондорду арбын колдонууда.

Эгерде түркиялык “Байрактар” (Bayraktar TB2) аттуу орто аралыкка абадан сокку уруучу жана аралыктан башкарылуучу күжүрмөн аба унаасы өзүн Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагын толук кайтарып алуу үчүн согуш аракеттеринде (2020-жылы күзүндө) мыкты көрсөтсө, ал эми кеңирсиген Украинада бул согуш куралы аз, бирок саз колдонулуп, символдук мааниде да олуттуу огожо болду.

2021-жылы 9-апрелде Украинанын куралдуу күчтөрү “Байрактарды” Донбасста аскердик чалгындоо үчүн колдонушса, ал эми 2021-жылы октябрда Донецк облусунун Гранитное (Гранітне) кыштагынын жанында “Байрактар” алгачкы жолу орусиялыктардын жана жикчилердин аскердик мерчемине каршы бомба таштаган.

Орусиялык басма сөздө “Байрактардын” салымы атайылап азайтылып чагылдырылып жатса дагы, дал ушул системанын ракета-дрондору путиндик режим тарабынан Украинага каршы кеңири өлчөмдө улантылган согуш баскычы маалында үзүрдүү колдонулгандыгы, орусиялык танктарды, аскер унааларын, күйүүчү май сакталган жайларды, абадан коргонуу системасына тийешелүү буталарды, тик учактарды, көзөмөлдөгү аскер кайыктарын жана башкаларды кыйраткандыгы катталып калган.

Эми украиндик курал-жарак өндүрүүчүлөр алдыңкы технологияларга негизделген “Палыця” сыяктуу дрон-ракеталарга чейинки куралдарды өз алдынча өндүрө башташкандыгы эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн күрөшүп жаткан украин элинин зор ийгилиги катары бааланууда.

Ошентип, досторго нан катары сунушталган “поляныця” токочу эми баскынчы кастарга каршы от-жалын бүрккөн курал менен аты уйкаш болуп калды.

Ошондой болсо да украин эли түндүктөгү баскынчынын мизин майтаруу жана биротоло жеңүү үчүн эл аралык демократиялык коомчулуктун ар тараптуу көмөгүнө азыркы тапта дагы өзгөчө муктаж.

Орусиянын көп этностуу демократиячыл коомчулугу дагы ушул тапта эгемен Украинанын жеңишке жетишин тилеп жатат. Болочокто демократиячыл орусиялыктар дагы Киевде "поляныца" токочу менен жайдары кабыл алынаарында эч шек жок. Эмитеден эле айрым орусиялыктар согуш аракеттерине эгемен Украина тарабында катышууда.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG