Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:38

ЖК депутаттары ипотекалык компанияга 200 млн доллар берүүгө каршы чыгышты


Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн бири. Жалал-Абад, Кыргызстан.
Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн бири. Жалал-Абад, Кыргызстан.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин 10-марттагы жыйынында айрым депутаттар Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) Түштүк Кореядан алынып жаткан 200 млн доллар акчаны берүүгө каршы чыгышты.

Депутат Элдар Сулайманов МИКке турак жай курулуучу жерлер бекер берилип жатканын белгилеп, компанияны коммерциялык максатты көздөйт деп сынга алды.

"Бишкектеги Кара-Жыгач жаңы конушунда деле жеке курулуш компаниялары бүткөн батирлердин чарчы метрин 650-750 доллардан сатып жатышат. Бирок алар жерди сатып алышат, салык төлөшөт, долборлоо иштерин жүргүзүшөт. Силер жерди бекер аласыңар, бирок баа дээрлик бирдей".

Депутат Түштүк Кореядан алынып жаткан 200 млн доллардын жарымын - 100 млн долларын гана берүүнү, калганын Оштогу балдар ооруканасында онкологиялык оорулардан жабыркап жаткан балдарга которууну сунуштады.

МИК төрагасынын орун басары Нурлан Худайкулов депутаттын айткандарына макул болгон жок. Ал МИК коммерциялык максатты көздөбөсүн белгиледи.

"Биз Бишкектин Скрябин жана Маликов көчөлөрүндөгү батирлерди чарчы метрин 58 миң сомдон бердик. Ал эми үлүшчүлөргө 75 миң сомдон сатылды. "Ынтымак" парк тарапта үлүшчүлөргө 1 400 доллардан, жеңилдик менен кезекте тургандарга 750 доллардан берилди. Биздин ишибизге президент өзү көзөмөл кылат, батирлер убагында берилет", - деди Нурлан Худайкулов.

Элдар Сулаймановдун сөзүн кесиптеши Улан Примов да кубаттады. Ал да МИКке турак жай куруу үчүн мамлекет жерди бекер берип, коммуникацияларды акысыз тартып берип жатканын белгилеп, компанияны мамлекет башчыны уят кылбоого чакырды.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитети 10-мартта Түштүк Корея менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык кредиттер тууралуу келишимин ратификациялоо маселесин карады. Жыйынтыгында келишимдин ратификациялоо чечимине депутаттардын айткан сын-пикир, сунуштары киргизилиши зарылдыгы айтылып, комитеттин макулдугу берилди.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 3-марттагы жыйынында депутаттар Бишкекте берилип жаткан ипотекалык турак жайлардын чарчы метри 1400 долларга чейин бааланарын сынга алышкан.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Мамлекеттик ипотекалык компания курулуш иштери менен алектенбей турганын, себеби үйлөрдү өзү салса бара-бара банкрот болуп калуу коркунучу бар экенин айткан. Ушундан улам “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жана жеке компаниялар менен бир бааны коюп, курулушту толук бүтүргөнгө келишим түзүп, үйлөрдү салдырып жатканын белгилеген.

Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания салдырып жаткан үйлөрдүн бир чарчы метри Чүй облусу жана Бишкек шаарында 650 доллар, ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 700 доллар экенин билдирди. “Алыскы аймактарга курулуш материалдары Бишкектен ташылып жаткандыктан турак жайлардын бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак” деп түшүндүргөн.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG