АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (United States Agency for International Development - USAID) программаларынын 83% токтотту. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марко Рубио X социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Мамкатчы ондогон млрд доллар кеткен 5200 контракт жокко чыгарылганын айтты. “Алар Кошмо Штаттардын негизги улуттук кызыкчылыгына кызмат кылган эмес (айрым учурларда атүгүл зыян келтирген)", - деп жазды АКШнын башкы дипломаты.
Калган бир миңдей программа Мамлекеттик департаменттин башкаруусуна берилмекчи.
Февралда президент Дональд Трамптын администрациясы мамлекеттик чыгымдарды азайтуу максатында агенттикти жабуу аракетин көрүп жатканы маалымдалган.
Эл аралык гуманитардык уюмдар мындай кадам "айрым жерлерде апаатка жеткириши" ыктымал деп эскретишүүдө.
Мамлекеттик департамент өткөн айдын этегинде реформанын алгачкы баскычында 4100 грант токтотулганын, натыйжада 4,4 млрд доллар үнөмдөлгөнүн билдирген.
Маалыматка караганда, азык-түлүк программасын, ВИЧке, кургак учукка, безгекке каршы дары-дармекти каржылоо сакталып калды. Америкалык гранттарга өтө муктаж болгон Ливан, Гаити, Венесуэла, Куба өңдүү өлкөлөргө жардам берүү уланууда.
Көз карандысыз өкмөттүк агенттик 1961-жылы Конгресс тарабынан түзүлгөн. Эл аралык жардам берүү менен алектенген түзүм жыл сайын Конгресстен жакыр өлкөлөрдү каржылоо үчүн миллиарддаган доллар алчу.
АКШнын Конгресстик изилдөө кызматынын (CRS) акыркы баяндамасына ылайык, USAID 2023-жылы 130 өлкөдөгү программаларды колдоо үчүн 40 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн.
Бул уюм аркылуу эң көп жардам алган мамлекеттердин сап башында Украина, Эфиопия жана Иордания бар.
Ошондой эле Ооганстан да USAIDден ири каржы алган он өлкөнүн тизмесинде.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка таянсак, быйыл Кыргызстан үчүн USAIDден жалпысынан 39,6 миллион доллар суралганы жазылып турат.
Шерине