Өзбекстандын Кадастр агенттиги кытайлык жарандар Ташкентте "жер тилкелерин жапырт алып жатат" деген маалыматты төгүнгө чыгарды.
Акыркы күндөрдө социалдык тармактардын өзбек сегментинде баш калаада «Кытайдын жарандары көбөйгөнү», жергиликтүү «аткаминерлер кытайлыктарга жер сатып баштады» деген маалыматтар тараган.
Агенттик Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, чет элдик жарандар, юридикалык жактар, чет өлкөлүк инвесторлор катышкан компаниялар жер тилкелерин ижарага гана ала аларын эске салды.
Кытай тышкы соода жүгүртүү жагынан Өзбекстандын эң активдүү өнөктөшү болуп калды. Мындан тышкары Бээжин өзбек экономикасына салган тикелей инвестициялар жана кредиттер боюнча биринчи орунда турат.
Буга чейин «Азаттык Азия» сөзгө тарткан эксперттер Бээжиндин экономикалык таасиринин өсүшүнүн терс кесепеттери, Кытай менен тең салмактуу саясат жүргүзүү зарылдыгын эскертишкен.
Шерине