Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Самарадагы мунай иштетүүчү завод дрон соккусуна кабылганы кабарланды


Новокуйбышев мунай иштетүүчү заводу. Архив
Новокуйбышев мунай иштетүүчү заводу. Архив

Самара облусундагы Новокуйбышев мунай иштетүүчү заводу пилотсуз учактын чабуулуна туш болгонун күбөлөр айтышты.

ASTRA телеграм-каналы жарылуу болгон маалда тартылган видеону жарыялады. Басылма ишкана “Роснефть” компаниясынын курамына кирерин белгилейт. Завод былтыр мартта да соккуга кабылып, ишин убактылуу токтоткон.

Эртең менен Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлиги шаарда сөз болгон завод жана вокзалдын жанында чоң өрт тутанганын, тилсиз жоо 1500 чарчы метр аянтты чалганын, имараттын чатыры урап түшкөнүн маалымдаган.

Украиналык медиа Новокуйбышев мунай иштетүүчү заводуна сокку урулганын жазып, ал аскердик учактарды күйүүчү май менен камсыздап турганын белгилешет.

Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.

Орусиянын бийлиги заводдун ыктымал чабуулга кабылганын комментарйилеген жок. Коргоо министрлиги Самара облусунда үч дрон жок кылынганын, бардыгы болуп орус аба мейкиндигинен 9 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.

"Пепел" телеграм-каналы Белгород облусунда дрон бир машинаны бутага алганын, эки киши жарадар болгонун кабарлады.

Украин куралдуу күчтөрү бул соккулар тууралуу маалыматты комментарийлеген жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG