Орусиянын армиясы 8-марттын кечинде Донецк облусунун украин күчтөрү көзөмөлдөп турган аймагына жасаган соккусунан ондон көп адам жараат алды. Майрамдык маанай бул аймактарда ишемби таңда эле бузулган. Доброполье шаарында эле аба чабуулдардан 11 адамдын өмүрү кыйылды.
Маалыматка караганда, калаага баллистикалык жана башка ракеталардын түрлөрү, дрондор менен сокку урулган. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, сегиз көп кабаттуу үй талкаланып, 30дай транспортук каражатка зыян келтирилген. Набыт болгондордун арасында беш бала бар экени кабарланды.
"Орусия дээрлик күн сайын зулумдугу менен Москва үчүн эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрсөтүүдө. Алар согушту кантип токтотуу тууралуу ойлонбой эле, дүйнө аларга бул согушту улантууга уруксат берип турган маалда кантип көбүрөөк жерди басып алып, көбүрөөк зыян келтирүүнү ойлонуп жатышат", - деди украин президенти Владимир Зеленский 8-марттын кечинде жасаган видеокайрылуусунда.
Согушка чейин 28 миңдей киши жашаган Доброполье шаары фронт тилкесинен 22 чакырым алыстыкта, Покровск калаасына жакын жайгашкан. Покровскини бир нече жумадан бери орус күчтөрү өз көзөмөлүнө алуу аракетин көрүп келишет.
Ошол эле учурда, Украина да жооп кайтарып, 9-мартка караган түнү Орусиянын аймагына дрондор менен сокку урду. Чабуул Чувашия облусундагы өнөр жай объектисине жасалган, адам өлүмү катталган эмес. Бул аймак Украинанын чек арасынан 1 300 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Орусия Курскиде контрчабуулун күчөттү
Абадан чабуулун күчөткөндөн тышкары Орусия Курск облусунда украин армиясынын көзөмөлүнө өтүп кеткен үч айылын кайра кайтарып алганын жарыялады. Бул маалыматты Киев ырастай элек. Ошондой эле бышыктала элек маалыматтарга ылайык, облуста миңдеген украин аскерлери орус күчтөрүнүн курчоосунда калуу коркунучуна туш болду.
Бул соккулар жана фронттогу басым Киев үчүн дагы бир чоң сыноо болуп, келерки жумада Сауд Арабиясында АКШ менен Украина ортосунда өтө турган маанилүү сүйлөшүүлөрдү утурлай абалды татаалдаштырууда.
Бул жолугушууда Украинанын расмий өкүлдөрү америкалык кызматташтары менен үч жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту билдиргендей, (Institute For The Study of War) соңку эки күндө Орусия "Курск аймагында украин армиясына каршы көп багыттуу чабуулун күчөттү".
Украин армиясы менен байланышы бар, ачык булактан алынган маалыматтарга таянып иш жүргүзгөн DeepState платформасы билдиргендей, Курск облусундагы Суджа шаары Киевдин көзөмөлүндө калууда, бирок орус күчтөрү болушунча аны бошотуп алуу аракеттерин көрүп жатышат.
Фронттогу окуяларга тыкыр көз салган кремлчил аскердик блогерлердин маалыматына ылайык, Кремль кошумча аскерлерин жөнөтүп, украин армиясын сүрүп чыгарууга аракет кылууда.
Сауд Арабиясындагы сүйлөшүүлөр жакындаган сайын Москва Украина күчтөрүн Курскиден сүрүп чыгарууну стратегиясынын бир бөлүгү катары карап жаткандай.
2024-жылдын августунда миңдеген украин аскерлери Орусиянын батышындагы Курск облусунун болжол менен 1 300 чарчы чакырымын басып алган. Киев кийинчерээк бул операцияны келечектеги сүйлөшүүлөрдө соодалашуу үчүн позицияны чыңдоо жана орус аскерлерин Украинанын чыгыш фронтунан алыстатуу аракети катары мүнөздөгөн.
Андан бери орус күчтөрү Курск облусунун бир топ аймактарын кайра кайтарып алууга жетишти, бирок украин аскерлери дагы эле айрым аймактарды көзөмөлдөп турат.
Сауд Арабиясындагы АКШ-Украина жолугушуусу
Алдыдагы сүйлөшүүлөргө көңүл бурган Зеленский, Украина келерки жумада Кошмо Штаттардын өкүлдөрү менен тынчтык келишими боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүүгө толук даяр экенин билдирди.
"Украина бул согуштун алгачкы секундаларынан тарта эле тынчтыкты көздөп келет. Реалдуу сунуштар үстөлдүн үстүндө турат. Эң башкысы тез жана натыйжалуу аракет көрүү," – деп жазды ал X социалдык тармагында.
Украинанын президенти 10-мартта Сауд Арабиясына барып, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман менен жолуга турганын кошумчалады. Андан кийин, 11-мартта Украинанын дипломатиялык жана аскердик өкүлдөрүнүн делегациясы АКШнын сүйлөшүү тобу менен жолугушуу үчүн Эр-Риядда калары күтүлүүдө.
"Биз конструктивдүү диалог жүргүзүүгө толук даярбыз жана зарыл болгон чечимдер менен кадамдарды талкуулап, макулдашууга үмүттөнөбүз," – деп кошумчалады Зеленский.
Америкалык делегациянын курамында АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолц болору кабарланууда.
Сауд Арабиясындагы бул сүйлөшүүлөрду утурлай Киев менен Вашингтондун ортосунда бир нече жумага созулган катаал дипломатиялык аракеттер жүргөн. Андан тышкары февраль айында Эр-Риядда Америка-Орусия делегациялары жолуккан.
АКШ менен Украинанын мамилелери ошондон бери чыңалып, февралдын аягында Ак Үйдө Зеленский менен Трамп жана АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктаган.
Натыйжада, украин президенти Вашингтондон сейрек кездешүүчү кен байлыктар боюнча келишимге кол койбостон артка кайткан.
Көп өтпөй Трамптын администрациясы Украинага аскердик жардам жеткирүүнү жана чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүнү убактылуу токтотту.
Чалгын маалыматтарын берүүнүн токтошунун кесепетин толук аныктоо азырынча мүмкүн эмес. Бирок бул Украина үчүн фронтто оор абал жаратышы мүмкүн деген кооптонууларды күчөтүүдө.
Британия жана Франция сыяктуу Европа өлкөлөрү Украина менен чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүнү күчөттү. Ошентсе да алар АКШнын мүмкүнчүлүктөрүнүн ордун толук камыздай албай жатканы айтылууда.
5-мартта Майк Уолц Трамп аскердик жардамды токтотуу чечимин тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин кайра карап чыгышы мүмкүн экенин билдирди.
Сүйлөшүүлөргө саналуу күндөр калганда Трамп Москванын Украинага чабуулдарын күчөткөнүн сынга алып, Кремлге каршы санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин эскертти.
Ал ошол эле учурда Орусиянын президенти Владимир Путин "ар бир лидер жасай турган ишти кылып жатканын" айтты. Трамп 7-мартта Ак үйдө журналисттерге берген маегинде "Орусия менен иштешүү Украинага караганда оңой" экенин жана Путин "согушту токтотууну каалап жатканын" кошумчалады.
Американын Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттери Вашингтон Киевди сүйлөшүүлөрдөн четтетип, Москва үчүн ыңгайлуу шарттарды таңуулоого аракет кылышы мүмкүн деген кооптонууларды жаратты.
Шерине