Украина 31-июлга караган түнү Орусиянын катуу чабуулуна кабылганын, орус аскерлери бутага алган негизги аймак бул жолу борбор калаа Киев болгонун билдирди. Жыл башынан бери Киев мынчалык көп дрон учурулган соккуга кабыла элек болчу.
Казакстандын айрым аймактарында сот мектеп администрациясынын жоолукчан кыздарды сабакка киргизбей коюусун жана окуудан чыгаруусун мыйзамсыз деп тапты. Бирок соттон утуп чыккан ата-энелер менен мектептердин тиреши токтой элек.
АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания Иранда жок кылынды. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу анын өлүмү иликтенерин билдирди.
Венесуэлада азыркы президент Николас Мадуронун шайлоодо жеңгени жарыялангандан соң өлкөдө жапырт нааразылык тутанды. Добуш берүүнүн жыйынтыгына каршылыгын билдирген миңдеген адам көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты.
Оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүнө урулган соккудан израилдик 12 бала каза болгондон кийин Жакынкы Чыгышта абал ого бетер курчуду. Израиль ишемби күнкү чабуул үчүн ливандык Хезболла тобун айыптаса, Иран колдогон согушкерлер ага тиешеси жоктугун айтууда.
Орусияда Украинадагы согушка биринчи кезекте орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүү дагы бир ирет сунушталды. Буга чейин Коргоо министрлиги аскердик контракт түзүү үчүн берилген каражаттын өлчөмүн көтөргөн. Орусия борбор азиялыктарды согушка жиберүү үчүн тузагына кантип илип жатат?
Чүй облусунун Новопавловка айылында Совет мезгилинен калган акыркы ракеталык уулу отун жок кылынат.
Украинада Орусиянын соккуларынан дагы бир нече кишинин өмүрү кыйылды. Фронтто орус аскерлери украиндердин курал-жарак камсыздоосу үчүн маанилүү жолду бөгөттөө аракетин уланытп жатышат. Украина маселеси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да көтөрүлдү
Израилдин өкмөт башчысы АКШ Конгрессинин биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жатканда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты.
Дагы жүктөңүз