5-мартта Вашингтон Киевге чалгын маалыматтарын берүүнү чектей турганын жарыялады. Ага чейин АКШ украиндерге аскердик жардамды убактылуу токтотору кабарланган.
Борбордук чалгын башкармалыгынын директору Жон Рэтклифф мындай чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын украин лидери Владимир Зеленскийдин тынчтык келишимин кабыл алууга даяр эместигине тынчсызданып жатканын улам кабыл алынганын айтты. Эки лидер февралдын этегинде Ак үйдө жолукканда кайым айтышуу менен эки жолго түшкөн.
Украина АКШнын чалгын маалыматтарын эмнеге пайдаланат?
АКШнын Киевге берген чалгын маалыматтарынын маңызы жана мааниси, көлөмү кандай экени так айтылбайт. Ошондой эле чалгын маалыматтары канчалык көлөмдө же кайсы тармактарда токтотулганы да белгисиз.
Коргонуу боюнча америкалык эки аткаминер Вашингтон коргонуу багытында украиндерге маалыматты бөлүшүп жатканын, бирок Орусиянын аскердик объектилерине чабуул коюу үчүн зарыл болгон чалгын маалыматтарын берүүнү "кыскартканын" CNN телеканалына 7-мартта айтышкан.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берген бир катар эксперттер менен саясатчылардын айтканына караганда, АКШ спутниктен жүргүзүлгөн байкоолорун, сигналдарды кармап, ар кайсы булактардан алынган маалыматты топтоп, орус армиясынын бөлүктөрүнүн жана оор техникасынын кайда жылып жүргөнүн, алдыдагы чабуулдары жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды Украинага берип турган.
Жогорку тактыктагы спутниктен тартылган сүрөттөрү менен бөлүшкөн АКШдагы Maxar компаниясы "Настоящее время" телеканалына эми украиналык кардарлар маалымат алууда чектөөгө дуушар болуп калганын билдирген.
"Maxar компаниясынын АКШ өкмөтү жана дүйнөнүн ар тарабындагы башка ондогон өнөктөштөр, союздаш өлкөлөр менен спутниктен тартылган сүрөттөрдү жана геомейкиндиктеги маалыматтарды бөлүшүү тууралуу келишимдери бар", - деди анын өкүлү журналисттерге.
Андай келишимдердин бири - АКШ өкмөтүнүн GEGD (маалымат жеткирүүнүн глобалдык кеңейтилген программасы GEOINT) программасы спутниктен тартылган сүрөттөрдү акы төлөп алууга жол берет. Кошмо Штаттар украиналык кардарларга убактылуу ал мүмкүнчүлүктү токтотту.
Экперттер белгилегендей, Украина алган чалгын маалыматтары аскерлерге атайын операцияларды, чабуулдарды пландоодо жана орустардын абадан жана жерден урула турган сокуулары тууралуу өз маалында эскертүүгө жол берет.
2022-жылы февралда Орусия басып киргенден тарта борбор калаа Киев баштаган украин шаарлары бир нече жолу аба чабуулдарына дуушар болду.
Жогорку Раданын улуттук коопсуздук, коргонуу жана чалгын комитетинин катчысы Роман Костенко АКШ "өтө маанилүү" маалыматты бербей калса украин армиясы менен карапайым калктын өмүрүнө "олуттуу коркунуч" жараларын айтты.
"Тышкы чалгындын жардамысыз душманга сокку ура алабызбы? Албетте, маселен, аэродором сыяктуу бизге белгилүү стационардык буталарга сокку урсак болот", - дейт мурдагы аскердик командир Костенко.
"Бирок реалдуу маалда ал жерде учактар бардыгын, Украинага чабуул коюу үчүн алар асманга көтөрүлүүгө даярданып жатканын АКШнын чалгын маалыматына таянабыз гана биле алабыз".
Украиндер АКШ берген дүйнөдөгү эң алдыңкы артиллериялык, тактикалык HIMARS жана ATACMS системаларынан сокуу уруу үчүн америкалыктардын маалыматына көз каранды.
"Азаттыкка" сүйлөгөн эксперттер Вашингтондун чалгын маалыматтарын берүүнү убактылуу токтоткону, анын ичинде HIMARS жана ATACMS системалары үчүн бутаны көрсөткөн маалыматтын жоктугунан улам иш жүзүндө украиндер майданда аларды орустарга каршы колдоно албай калганын белгилешти.
Алдыңкы системалар жана тыңчылык
Нью-Йоркто жашаган Руслан Левиев Кошмо Штаттардын чалгын тармагын "теңдешсиз" жана "алдына эч кимди чыгарбайт" деп сыпаттайт. Кошмо Штаттар чалгын спутниктеринин кеңири тармагына гана ээ эмес, бул тармакты алдыңкы технология менен жабдып, мүмкүнчүлүктөрүн артыруу үчүн олуттуу финансылык инвестиция жасарын белгилейт.
"Орусиянын бомбалоочу учактары чек арага келатканда америкалык чалгын аны ага чейин эле байкайт. [КошмоШаттар] алтургай тигил же бул бутага чабуул коюуну, учууларды пландаган Орусиянын Коргоо министрлигинин ички сүйлөшүүлөрүн тыңшай алат. Бул АКШ учактар асманга көтөрүлө электе эле чабуул тууралуу билет дегенди түшүндүрөт", - деди талдоочу.
Левиев Орусиянын согуштук чабуулдарын иликтеген Conflict Intelligence Team деп аталган көз карандысыз уюмдун негиздөөчүсү. Ал ошондой эле америкалыктар жеринде тыңчыларды жалдоо жагынан дагы алдына эч бир өлкөнү чыгарбаган "маанилүү артыкчылыкка" ээ экенин белгилейт.
"Орусиянын башкы штабында, Коргоо министрлигинде жана президенттик аппаратта отурган америкалык тыңчылар маанилүү чалгын маалыматтарын бери турушат", - дейт Левиев.
Ал америкалык чалгынчылардын Москванын "согуштук саясатына жооптуу аскер адамдары менен аткаминерлеринин электрондук кат-кабарына чейинки коммуникациясына да колу жетерин" айтат.
АКШнын чалгын маалыматы азайса Украина урушта эмне болот?
Саясатчылар жана эксперттер белгилегендей, Вашингтондун чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү күтүүсүздөн чектегени Киевдин аскердик аракеттерин мурункуга салыштырмалуу кыйын кырдаалга кептеди.
Бирок айрым украиндер Киев андай маанилүү маалыматты Батыштагы башка өнөктөштөрдөн алса же өз булактарына таянса болоруна ишенет.
Франция Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшөрүн билдирсе, британ медиасы Лондон дагы улантарын жазды. Бирок Британия АКШдан алган маалыматты бере албайт.
Украинанын Беларустагы мурунку элчиси Роман Бессмертный "АКШнын мекемелери берген ыкчам-тактикалык чалгындан башка бардык маалыматты эле украин армиясынын чабуулдары жана коргонуусу үчүн маанилүү деп санаган "туура эмес" экенин белгилейт.
«Франция, Германия, Британия, Италия жана Канада чалгын маалыматтарын топтоодо биргей эле мүмкүнчүлүккө ээ. Чалгын маалыматтарын алууда тартыштык жок жана көйгөй жаратпайт", — деди экс-элчи Бессмертный.
Киевдеги "Левиафан" талдоо тобунун эксперти Николай Мельник АКШнын чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү убактылуу токтоткону Киев үчүн "алаамат" эмес деп, Британия жана Франциянын чалгын структураларынын жардамына ишенет.
Анткен менен көпчүлүк эксперттер Батыштагы башка өнөктөштөрдүн жардамы АКШнын чалгын маалыматтарын сапаты жана көлөмү жагынан толтура албай турганын белгилешет.
"Биздин америкалык аскердик өнөктөштөр берген маалымат ар түрдүү болгондуктан, эми азыр ал токтогондо анын баасы биз үчүн канча турарын баалоо кыйын", - деди украиналык аскердик аналитик Сергей Бескрестнов.
"Биздин куралдуу күчтөр учурда колдо болгон ресурсту колдонууда жана ошону менен оокат кылышыбыз керек. Андан башка аргабыз жок", - дейт Бескрестнов.
Шерине