Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Өнөр жана саясат: “Гойда-ачылар” жана эгемендиктин наркы менен баркы


Иван Охлобыстин "Гойда-а!" деп өзү чакырык салган жана баскынчыл согушка үндөгөн жыйында. Кызыл Аянт, Маскөө. 30.9.2022.
Иван Охлобыстин "Гойда-а!" деп өзү чакырык салган жана баскынчыл согушка үндөгөн жыйында. Кызыл Аянт, Маскөө. 30.9.2022.

Орусиядагы режимдин эгемен Украинага каршы баскынчыл согушу ырайымсыздык менен улантылып жаткан маалда, кыргыз коомчулугу согушчан режимди жактаган айрым таанымал орус ырчыларын Бишкектеги эгемендик тоюндагы концертке чакыруу же келтирбөө тууралуу эки жаат болуп талкуу кылып жатат. Тарыхчынын блогу.

Албетте, бул блогдо жекече көз карашымды чагылдырып жатам. Бирок мындагы ойлорум коомдук таразага түшүү аркылуу кээ бир замандаштарымды ойлонууга чакырса, демек, максатыма жеттим деп санайм.

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги 31-августта – Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигинин 33 жылдыгында – Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жергиликтүү жана чет элдик музыка өнөрпоздору менен бирге айрым орусиялык ырчылар (анын ичинде Филипп Киркоров, Стас Михайлов ж.б.) ырдап чыга тургандыгын шардана кылган соң, кыргыз коомчулугунда кызуу талаш-тартыш башталды.

Аталган жана башка айрым чакырылган орусиялык ырчылар путиндик режимдин эгемен Украинага каршы баскынчыл согушун ачыктан ачык жактап чыгышканы маалым.

Ал түгүл Филип Киркоров, маселен, Чыгыш Украинанын Орусия убактылуу каратып алып жана көзөмөлдөп жаткан аймактарына барып, баскынчы жоокерлер үчүн концерт тартуулагандыгы белгилүү.

Айрым кыргызстандыктар “элчи менен ырчыга өлүм жок; алар саясаттан тышкары жана каалаган жерде ырдай алышат!” дегендей пикилерин айтууга үлгүрүштү.

Бул ырчылар катышуусу ыктымал болгон жай – Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигинин мааракесине арналган расмий майрамдык концерт жайы.

Эгерде кайсы бир акчасы көп “Амандалар” мындай ырчыларды жеке батирине чакырып, концерт уюштурса, анда – башка маселедир. Ошондо да мындай баскынчыл согушту жактаган ырчыларды өлкөбүзгө киргизүү маселеси кызуу талкуу бутасына айланаары бышык.

Мында сөздүн башкы маңызы – Кыргызстан сыяктуу эле эгемендигин 1991-жылы августта жарыялаган көз карандысыз Украинага каршы мыйзамсыз баскынчылыкты колдогон ырчыларды Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мамлекет башчы, депутаттар, министрлер жана элчилер да катышкан расмий концертте шаан-шөкөт менен кабыл алуу ыктымалдыгы жөнүндө болуп жатат да!

“Украина – бизден алыста, Чыгыш Европада жайгашкан да! Бизге орус-украин согушунун эч тийешеси жок эмеспи!” деп айтчулар четтен чыгат.

Бирок путиндик Орусиянын Мамлекеттик думасында жана Куралдуу күчтөрүндө Украинаны мындай кой, коңшу Казакстандын айрым жерлерин каратып алууга ачык үндөө жасагандар бар.

Эл аралык коомчулукта эгемен Украинага каршы бул путиндик баскынчылык – Евразиянын гана эмес, жалпы адамзаттын коопсуздугуна шек келтирген олуттуу кылмыш катары каралууда.

Демек, ушул баскынчыл согушту актаган-жактаган орусиялык ырчылар – путиндик режимден өздөрүнө жеке пайда көздөгөн мыкчегерлер.

Алла Пугачева менен Максим Галкин. 19.6.2024.
Бозгундагы жубайлар Максим Галкин менен Алла Пугачева эгемен Украинага каршы баскынчыл согушту айыпташкан. 19.6.2024.

Ал эми Максим Галкин, Алла Пугачева, Лия Ахеджакова, Борис Гребенщиков, Юрий Шевчук, Андрей Макаревич, Ксения Раппопорт жана башка орусиялык өнөрпоздор Кремлдин Украинага каршы баскынчыл согушун ачык айыптап чыгышканы белгилүү.

Демек, кыргызстандыктар иши кылып эле орусиялык ырчыларды Ала-Тоо аянтындагы сахнага жолотпоо керек, деп жатышкан жок.

Сөз – “гойда-ачы” ырчылар тууралуу гана кетип жатат.

Постсоветтик орусиялык актёр жана жазуучу Иван Охлобыстин 2022-жылдын 30-сентябрында согушчан орусиялыктардын концерт менен коштолгон жыйынында алгачкы жолу “гойда-а!” деген чакырыкты колдонгон. Анын оюнча, байыркы орустарда “гойда-а!” деген чакырык сөз болгон.

Албетте, чындыктын экинчи жарымы айтсак, бул түркчө сөз орто кылымдардагы кыпчактардын “Айда-а!” деген жортуулга үндөгөн чакырыгы (“Оро-о!” – “Ур-аа!” сөзүнүн маанилеши) болгон жана аны Алтын Ордо мамлекетинин көп этностуу калайыгы (анын ичинде чыгыш славян жана фин-угор этностору) да өздөштүрүшкөн.

Московия падышасы Иван Төртүнчү (Каардуу / Грозный; 1530–1584) деген өкүмдар менен анын жасоолдору (“опричник”) да “гойда-а!” чакырыгын колдонгондугу айтылат.

Иван Каардуунун энеси Елена Глинская (1510–1538) атасы жагынан Алтын Ордонун даңазалуу колбашчысы Мамайдын урпагы деп өздөрүн санаган липкалык (литвалык) ак сөөк татарлардан болгон.

Демек, “айда-а!” чакырыгы, түпкүрдөгү маанисин алганда, чыгыш слвяндарга каршы жортуулдарда жана Алтын Ордонун аймагындагы ички аскердик чараларда байма-бай колдонулган сөз болчу. Бул сөз Киевдик Рус менен Московиядан эркин болгон кыпчактардын жана кийинчерээк татар, ногой, кырым татар, башкыр, малкар, кумук жана башка түрк тилдүү калктардын жана “казак орус” деп аталып калган чыгыш украиндик чакан этностун (субэтностун) да чакырыгы болуп калган.

Эми, XXI кылымдын 20-жылдары, “гойда-ачылар” деп эгемен Украинага каршы согушту актаган айрым орусиялык шовинист ырчыларды жана аларды жандагандарды каймана ат менен атап калдык.

Ушул сааттарда, айрым “гойда-ачылар” Бишкекке келээри күтүлгө маалда, орусиялык шовинисттерди ачык колдоп, эгемен, демократиялуу Украинага каршы путиндик баскынчыл согушту жактап чыккан орусиялык ырчыларды Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгына арналган олуттуу окуяга – Бишкектеги жылдын башкы майрамына катыштыруу – өзгөчө олуттуу саясий катачылык болуп саналат, деп "Фейсбуктагы" башкы оюбузду кайрадан баса белгилегибиз келет.

Бул сыяктуу ырчыларга Кыргызстандын эгемендигинин деле баркы жок. анткени алар 1991-жылы 24-августта өзүн көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган, 1991-жылдагы мамлекеттик чек арасы бүт дүйнө жүзүндө расмий таанылган, ал эми 2024-жылы 23-июнда Европа Биримдигине мүчөлүккө талапкер өлкө катары Евробиримдиктен расмий макам алган демократиялуу, эгемен Украинаны (чыгыш славяндардын өлкөсү саналган жумуриятты) кадырлап-сыйлабагандан кийин, Ала-Тоодогу эгемен мамлекетибиздин баркын деле текейден арзан көрүшөөрү анык.

Алар Батыштын мурда майкаңдап жүргөн концерттик сахналарынан (айрымдары – Батыштагы мүлктөрүнөн да) кол жуушту. Эми алар жок дегенде мурда өздөрү эч жолобогон Бишкекке келип кетүүгө аргасыз.

Филипп Киркоров сыяктуу ырчыларга бир катар демократиялуу өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынган.

Кеч болуп кала элегинде алардын эгемендигибизге арналган расмий концертке катышуу мүмкүнчүлүгүн чечкиндүү түрдө четке кагуу керек.

Эгемендигибизди урматтоо – чет элдик ырчыларга жана жалпы саясатчыларга карата жогорку саясий табитти да талап кылат. (2013-жылы расмий Бишкек тарабынан шовинист Владимир Жириновскийге “персона нон грата” жарыяланган учур да эске түшүп кетти).

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG