Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:11

Түркмөнстан: Абортко каршы кысым аялдардын өмүрүн тобокелге салат


Иллюстрациялык сүрө
Иллюстрациялык сүрө

Түркмөн бийлиги кыз-келиндердин бойдон алдыруусуна тыюу салмакчы. Дарыгерлер абортко каршы уланып жаткан кысым кыз-келиндердин өмүрүн коркунучка тушуктуруп жатканын эскертишүүдө. Анткени айласы кеткендер пландалбаган кош бойлуулукту токтотуунун кооптуу ыкмаларын колдоно башташты.

20-августта "Азаттыктын" түркмөн редакцияснын өлкөдөгү кабарчылары аялдарга аборт жасаган медиктерге бийлик эскертүү берип атканын кабарлашты.

Дүйнөнүн эң жабык өлкөсүндө иштеген догдурлар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн аты-жөнүн жашырган шартта гана маектешүүгө макул болушкан. "Өлкөнүн Саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министрлигинин, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мындай эскертүүлөрүнөн кийин дарыгерлер абортко келген аялдарды карабай жатышат. Жада калса аларды кабыл да алышпайт", - деди атын атагысы келбеген дарыгер.

Tүркмөнбашы шаарынын көп тармактуу ооруканасы.
Tүркмөнбашы шаарынын көп тармактуу ооруканасы.

Бир катар медицина кызматкерлеринин айтымында, учурда түйүлдүк өспөй калган же жүрөгү сокпой калган учурда гана аборт жасоого уруксат берилет.

Түркмөнстанда 2022-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, бойдон алдырууга кош бойлуулуктун алгачкы беш жумасында гана уруксат берилген. Бул жагдай аялдардын пландалбаган кош бойлуулукту токтотуу мүмкүнчүлүгүн чектейт.

"Азыр мыйзамда каралган мөөнөт да эске алынбайт", - дейт саламаттык сактоо тармагынын дагы бир кызматкери.

Аталган мыйзам дарыгерлердин кооптонуусун жаратты. Алар беш жумалык мөөнөт өтө кыска экенин, анткени көптөгөн аялдар ошол учурда боюнда бар экенин билбей калышы мүмкүн экенин айтышат.

Мыйзам 2015-жылы май айында кабыл алынып, бирок жети жылдан кийин гана жарыяланып, күчүнө кирген.

Ал эми pасмий Ашхабад азырынча бул чектөөлөрдүн себеби боюнча так түшүндүрмө бере элек.

Кооптуу ыкмалар

Чектөөлөр мыйзамсыз бойдон алдыруулардын, паракорлуктун жана кош бойлуулукту токтотууга аракет кылган аялдардын кооптуу аракеттеринин көбөйүшүнө алып келди.

"Бойдон алдырууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан кыздар калий перманганаты, башкача айтканда марганцовка кошулган сууга бир нече саат отуруп, боюнан түшүрүшөт. Бул ден соолук үчүн өтө кооптуу. Мындан тышкары, кыз-келиндер атайылап этек кирин келтирген дарыларды көп өлчөмдө ичишет, бул дагы ден соолукка зыян", - дейт түркмөн дарыгер.

Ал аборт үчүн атайын дарылар бар экенин, алардын ар бири 400-500 манат (болжол менен 140 доллар) турарын, бирок аларды табуу өтө кыйын экенин жана дарыгерлер аларды "ишенимдүү адамдарга" гана сатарын белгилейт.

Бул Түркмөнстандагы орточо айлык акыдан алда канча көп.

"Гинекологдор мамлекеттен алган бул дарылардын колдонуу көрсөтмөсүн эске алып, кимге, кандай бергенин жазышы керек. Текшерүү учурунда доктурлардан канча дары жана кимге колдонулганы суралат", - деди дарыгер.

Түркмөн кыз-келиндер. Ашхабад шаары. 2018-жыл.
Түркмөн кыз-келиндер. Ашхабад шаары. 2018-жыл.

Түркмөнстандын Ашхабад жана Балкан вилаяттарынын медицина кызматкерлери бийлик чараларды күчөткөнү менен, тымызын аборт жасаган дарыгерлер дагы деле бар экенин айтышат.

"Бул дарыгерлердин жогорку кызматтагы адамдардын арасында сөзсүз тааныштары бар. Өтө жакын тааныштары алып келген кыз-келиндерге аборт кылышат. Алардын көбү 10-11-класстын окуучулары", - дейт атын атагысы келбеген балкандык дарыгер.

"Азаттыктын" кабарчылары менен маектешкен дарыгерлер аборттун баасына да токтолушту. Алардын айтымында, баш калаа Ашхабадда жашыруун бойдон алдыруу 500 доллардан 1000 долларга чейин болсо, турмушка чыга элек кыздар үчүн төлөм андан да жогору.

Түркмөнбашы жана Балканабад шаарларында бул баа кош бойлуулуктун жумасына же айына жараша өзгөрөт.

"Эгер кош бойлуулук эки айга чейин болсо, абортко 5 миң манатка (1 400 доллар тегерегинде) жакын акча кетет. Ал эми үч ай же андан ашкан кош бойлуу аял келсе, 50 миң манаттан (14 миң доллардан ашык) алышат", - дейт балкандык доктур.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөнүн Саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министрлигинен жогорудагы жагдай боюнча комментарий ала алган жок.

Көбүнчө жакырлар жабыркайт

Ал эми эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстан өкмөтүн аялдардын укуктарын, анын ичинен кош бойлуулукту токтотуу боюнча чечим кабыл алуу укугун чектеп жатат деп сындап келишет.

Түркмөнстандагы прогрессивдүү демилгелерди колдогон, америкалык "Прогрес" фонду Түркмөнстанда жакыр аялдар эң көп жапа чегерин белгилейт. Фонд Түркмөнстанда аялдардын коопсуз бойдон алдыруучу жана андан кийинки социалдык кызматтарга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырат.

"Жыгылдык" базары, Ашхабад шаары. 2013-жыл, 18-май
"Жыгылдык" базары, Ашхабад шаары. 2013-жыл, 18-май

Бейөкмөт уюм ошондой эле бойго бүтүрбөөчү каражаттарды жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча маалыматты айрыкча айыл жергесине жайылтуу зарылчылыгын баса белгилейт.

Уюмдун маалыматы боюнча, Түркмөнстанда төрөт жашындагы аялдардын 47% гана заманбап контрацепция алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, серепчилер түркмөнстандык медицина кызматкерлеринин арасында сексуалдык жана тукум улоо саламаттыгы, аялдардын укуктары боюнча адистердин жетишсиз экендигине тынчсызданышат.

"Коомдук саламаттыкты сактоо" мыйзамы мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде гана бойдон алдырууга уруксат берет. Бирок 2022-жылдагы расмий статистикага ылайык, Түркмөнстанда аборт жасай ала турган 95 клиника жана атайын лицензиясы бар 76 гинеколог гана иштейт.

Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мамлекеттик ооруканалардан тышкары бойдон алдырган дарыгерлер эки жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат. Мыйзамда аборт жасаган адамдын лицензиясы жок болсо, эки жылга чейин эркинен ажыратуу да каралган.

XS
SM
MD
LG