Москвада Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган 29 жаштагы ташкенттик Ахмаджон Курбоновдун үй-бүлөсү Өзбекстандын укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында акын, жазуучу, адабий сынчы жана котормочуларды даярдай турган эки жылдык жогорку адабий курс ачылды. Учурда анда адабиятка кызыккан ондон ашуун угуучу билим алып жатат.
Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагынын алдына камактагылардын жакындары чогулуп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты тургун абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдирди.
Украинанын Коргоо министрлиги Татарстанда "Шахед" дрондорунун тетиктерин ташып бараткан поезддер жок кылынганын 23-декабрда маалымдады. Бул кабарды көз карандысыз булактардан текшерүү азырынча мүмкүн эмес.
Мамлекеттик салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) бардык товарга эмес, беш гана түрүнө киргизүү керектигин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Амангелдиев муну анын жеке пикири катары сыпаттады.
Айжан, Рахима, Айкыз, Дарья жана башка кыз-келин жакын адамдарынын колунан ажал таап, жаңырган 2025-жылды көрбөй кетишти. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 10 айында эле 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% көп.
Aчыкка чыккан маалыматтарда Тажикстандын саясий элитасынын арасында Дубайдан кымбат турак жай сатып алуу өтө популярдуу экени айтылат. Президент Эмомали Рахмондун жээн небереси Перс булуңунун жээгинен 1,3 миллион долларга бааланган үч бөлмөлүү батир сатып алган.
21-декабрь Бүткүл дүйнөлүк баскетбол күнү. "Азаттык" бул ирет топ элеген кыздар тууралуу баяндайт.
Кыргызстанда социалдык ажырым күчөп баратат. Үч жыл мурун эле калктын эң бай катмары кедейлерден 5 эсе көп киреше тапчу. Учурда бул айырма 10 эседен ашты. Бул КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн арасында эң чоң ажырым. Кыргызстанда байлар байып, жакырлар ого бетер жакырланып кеттиби?
Бишкекте 20-декабрда үчүнчү Элдик курултай башталды. Эки күндүк курултайга 698 делегат катышууда. Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Андан тышкары, 30 делегат - чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар.
“Ашарчылардын” дагы бир тоосу кулады
Дагы жүктөңүз