Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкектин борборундагы эски кабаттуу үйлөр бузулуп, жаңы үйлөр курулушу мүмкүн экенин жарыялады. Бул үчүн атайын документ иштелип жатат. Өкмөттүн бул долбоорунун жол-жобосу кандай болот, ал башка көйгөйгө жол ачпайбы?
Жогорку Кеңештин тармактык комитети интернет менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жана мазактоо үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Өкмөт айыптын көлөмүн азайтып, мыйзамдын аткарылышына Ички иштер министрлиги жоопкер болорун айтууда.
Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган Ноокаттын Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу мекемеге өз эрки менен барганда кармалганын, уруп-сабалганын айтып чыкты. Мындан улам өлкө башчыларына кайрылып, ага козголгон кылмыш ишинин акыйкат териштирилишин суранды.
Баку шаарында COP29 саммити cоңуна чыкты. Эки апталык жыйын эмне менен аяктады? Дүйнөдөгү кубаттуу мамлекеттер 2035-жылга чейин жылына 300 млрд доллар берип турууга макул болду. Бирок бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн нааразылыгын жаратып, айрымдар саммиттен эч кандай майнап чыккан жок деп баалашты.
Өткөн апта соңунда Москвага учуп барган бир нече балалуу аял Шереметьево аэропортунан артка кайтарылган. Аларды орусиялык чек арачылар "коопсуздук маселесинен" улам деген жүйө менен өлкөгө киргизбей койгон, айрымдарына диний маанидеги суроо узатып, текшерүүгө алышкан.
Израил жана Ливандагы "Хезболла" радикал уюму ок атууну токтотуу келишимине жакындап калды. Бул тууралуу расмий булактар жана маалымат агенттиктери билдирди. АКШ жана Франциянын арачылыгы менен түзүлгөн планды премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун коопсуздук кабинети жактырууга тийиш.
Медицина айдыңындагы жарык жылдыздардын бири хирург Эрнст Акрамов дүйнө салды. Бир келген өмүрдү медицинага арнап, эки доордо эчен бейтаптарды ажал оозунан алып калган айтылуу дарыгер жөнөкөй жашоо-турмуш кечирген.
Европарламенттин депутаты шайлоодо добуш сатып алууга шек саналып камалган оппозициячыл Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылды.
Расмий статистикага ылайык, октябрда бир жыл мурункуга салыштырмалуу азык-түлүктүн баалары 2,5% өстү. Бирок ал эмнеге андан көп кымбаттагандай сезилет? Деги инфляция кандай эсептелет?
Быйыл Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 10 чакырымдай жолуна асфальт төшөп, кеңейтүү пландалган. Бул иш башталганда жолду бойлой өскөн бак-дарактар кыйылган. Ачык маалыматтарды, спутниктен тартылган сүрөттөрдү, шаардагы камералардагы видеолорду колдонуп, кандай өзгөрүүлөр болгонун көрсөтөбүз.
Орусиянын Екатеринбург шаарында ооруканада өрт чыкканда бейтаптарды куткарган кыргызстандык "документтери туура эмес" деген негизде депортацияланганы жатат.
Дагы жүктөңүз