Кыргызстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө пенсия жыл сайын өсүп жатат. Бирок жашоочулар пенсия көбөйгөнү менен аны инфляция “жеп”, күнүмдүк тиричиликке да жетпей жатканын айтышууда.
27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзбекстандык аткаминерлерге кол салууга катыштыгы бар деп шек саналган чечен тектүү эки орус жараны издөөгө алынганына комментарий берип, жабыркагандарга сөөмөй кезеди.
Бир катар эксперттер белгилегендей, далилдер "Азербайжан аба жолдору" компаниясына караштуу жүргүнчү учак Чеченстанда эле "жер-аба" классындагы ракета менен аткыланган болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Андан соң гана учак Каспий деңизинин үстүнөн өтүп, Актау шаарынан анча алыс эмес жерде кулаган.
Жогорку Кеңеште “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.
Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учактан аман калгандардын абалы тууралуу маалымат берилди.
Өзбекстандык белгилүү бьюти-блогер жана косметолог Гүзал Махматкулова 12-декабрда 8-кабаттан кулап каза тапкан.
Кыргыз экономикасында көп талкууланбаган, бирок аны кыйла өзгөрткөн окуялар болуп жатат. Жыл соңунда беш маанилүү көрүнүштү талдап көрөлү.
Уюшкан кылмыштуу топтун “Женго” каймана аттуу мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады. Жаза аткаруу кызматы кабарды төгүндөдү.
24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. IQAIR сайтындагы көрсөткүч боюнча шаардын борбордук бөлүгү 458 индексти көрсөтсө, калаанын башка аймактары 600-760 индекске чейин жеткен.
Дагы жүктөңүз