Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сураганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
27-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы адвокат Самат Матцаковдун абак мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүн карады. Матцаковдун жактоочулары кийинки сотко тергөө тобунун башчысын чакырууну суранды. Судья бул өтүнүчтү канаттандырып, кийинки отурум 29-декабрга белгиленди.
Ооганстанда урушта жүргөн күйөөсүн издеп барган зайыптын эки жылдык өмүрү үзүлбөгөн үмүт менен өттү. Мунун баарын Санта (Зуурабү) Маметова даректүү баянында сүрөттөп берген. Кырчындай жигиттердин өмүрүн алган ооган согушун эстеген сайын Сантанын көзүнөн жаш куюлат.
Президент, парламент, өкмөт өзү да бир айдын ичинде эле салык реформасы боюнча риторикасын кескин өзгөрттү.
Кыргызстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө пенсия жыл сайын өсүп жатат. Бирок жашоочулар пенсия көбөйгөнү менен аны инфляция “жеп”, күнүмдүк тиричиликке да жетпей жатканын айтышууда.
27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзбекстандык аткаминерлерге кол салууга катыштыгы бар деп шек саналган чечен тектүү эки орус жараны издөөгө алынганына комментарий берип, жабыркагандарга сөөмөй кезеди.
Бир катар эксперттер белгилегендей, далилдер "Азербайжан аба жолдору" компаниясына караштуу жүргүнчү учак Чеченстанда эле "жер-аба" классындагы ракета менен аткыланган болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Андан соң гана учак Каспий деңизинин үстүнөн өтүп, Актау шаарынан анча алыс эмес жерде кулаган.
Жогорку Кеңеште “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.
Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учактан аман калгандардын абалы тууралуу маалымат берилди.
Өзбекстандык белгилүү бьюти-блогер жана косметолог Гүзал Махматкулова 12-декабрда 8-кабаттан кулап каза тапкан.
Дагы жүктөңүз