Мамлекеттик салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) бардык товарга эмес, беш гана түрүнө киргизүү керектигин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев муну анын жеке пикири катары сыпаттады. Ал тапта президент Садыр Жапаров ЭТТКны ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырганы белгилүү болду.
Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагалыгына бекитилип жатканда, алдыда салыктын жол-жоболору жумшартыларын билдирген. Маселе ири алды электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга байланыштуу эле. Бирок аны чечүүгө келгенде өкмөттүн ичинде эки ача пикир жаралганы белгилүү болду.
Өкмөттө ажырым пикир жаралды
Парламенттик комитетте Салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов бул жааттагы процедура көп жаңылыштык менен кирип калганын, мамлекет тарабынан аша чабуу болуп кеткенин моюндады. Ал ЭТТКны 13000 аталыштагы товардын беш гана түрүнө калтырып, калганын жоюу туура болорун айтты. Буга мунай өнүмдөрү, спирт, тамеки, дары-дармек жана медициналык каражаттар кирерин белгиледи.
Анын айтканы коомдо дароо талкууга алынып кетти. Азырынча демилге экенине карабай, муну алдыда сөзсүз кабыл алына турган чечим катары түшүнүп жатышат. Комитеттин жыйынына кийинчерээк келип кошулган Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул сөздү Шыкмаматовдун жеке пикири деп сыпаттады жана маселе өкмөттүн ичинде талкууланып чечилерин билдирди.
“ЭТТК боюнча – бул Алмамбет Насыркановичтин жеке пикири. Бул маселе дагы талкууланат. Адылбек Алешевич өзүнүн программасы менен алдыңыздарга келгенде, “азыр ишкерлердин арасында эң бир көйгөйлүү маселе ЭТТК” деп айткан. ЭТТКны толтуруу, анан буга чейин жеке кабинетке кирүү боюнча дагы маселе коюлган. Эки маселени Алмамбет Насырканович биринчи чейректе чечиши керек. Биринчиден, жеке кабинетке кирүүнү жөнөкөйлөштүрүү, экинчиден, ЭТТК маселесин жөнөкөйлөштүрүү керек. ЭТТК жок баары бир болбойт. Ошон үчүн маселени түшүнүп, анан айтыш керек да негизи”.
Жетекчисинин мындай сөзүнөн кийин Алмамбет Шыкмаматов чарт жарылды. Ал ЭТТКны киргизүү Кыргызстанда кимдир бирөөлөрдүн популизми менен коштолгонун, ал үчүн алдыда жоопкерчилик тартчу адамдар да болорун билдирди.
“Негизи мен унчукпай эле отурайын дегем. Анан өздөрү тилимен тартып атат. “Түшүнбөйт” деп... Сөздүн төркүнү ошол да, туурабы? Баарыңар ушундай эле түшүндүңөр да? “Бул түшүнбөйт, айта берет” деп айтып атпайбы. Андай эмес, мен башкача да сунуш көтөрөм жакында. Ушул ЭТТК туура эмес, анализи жок киргизилгени үчүн керек болсо жоопко тартчу адамдарды аныктап берем жакында. Бу кандай? ЭТТК туура эмес экендигин мен бардык аянтчаларда далилдеп берем. Бардык жерде. Мына, силердин көзүңөрчө айтып атам. Келгиле, бир талкуу уюштургула, айтып берем. Ар бир мамлекеттикин жиликтеп берем. Казакстан кандай кылды, Орусия кандай кылды, Европа кандай кылды, Грузия кандай кылды? А бизде кандай болду? Ким жасады, кантип жасады? Популизм деген эмне? Кур аякка мактанабыз деген эмне? Экономика деген кантип өсөт? Салыкты өстүрсө эле, ал экономика өстү дегенди билдирбейт. Экономика деген – эл да байып, бюджет да байыганы. Элин ыйлактатып бюджетти өстүргөн – ал экономика эмес”.
Деген менен, Алмамбет Шыкмаматов өзү айткандай, мындай сунушту жеке демилгеси менен көтөрбөгөнү көп өтпөй эле белгилүү болду. Президенттик администрация өлкө башчы Садыр Жапаров мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовго салыктын жол-жобосун жеңилдетүү тапшырмасын бергенин маалымдады. Президент “ЭТТК боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү” тапшырган.
Бизнес бийликтин жаңы пикирине кубанып турат
Бизнес коомчулугу бул жааттагы окуяларды өтө сезимталдык менен кабылдап келет. Салык саясатынын жумшагыраак жана ишкердик үчүн жүгү азыраак болушу үчүн буга чейин өз сунуштарын тынымсыз берип келди. Бийлик башындагылардын пикири өзгөрүп жатышын Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасы да кубаттай турганын билдирүүдө.
“Мындай чаралар кичи жана орто бизнеске ашепке салык жүгүн жеңилдетип эле тим болбой, соода жаатындагы ишкерлерди туруктуу колдоону камсыз кылат жана көмүскө экономиканын өсүү тобокелдигин да азайтат. Соода-өнөр жай палатасы фискалдык саясаттын ийгиликтүү өнүгүшү бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө негизделиши керектигин белгилейт. Бул салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү эле эмес, рыноктун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын эсепке алууну да билдирет. Негизги көңүлдү ЭТТКны жайылтууда олуттуу кыйынчылыктарга тушуккан кичи жана орто бизнеске буруу зарыл. Биз президенттин ЭТТКны ири товардык партияларга карата колдонуу жөнүндө позициясын толук колдойбуз”, - деп жазылган Соода-өнөр жай палатасынын билдирүүсүндө.
Айрым эксперттер ЭТТКны тариздеп туруш карапайым ишкерлер үчүн кыйынчылыкты жаратып, кошумча адис жалдоого мажбур кыларын, ал ишкердиктин жүгүн ансайын оорлоторун белгилешет. Рыноктун эрежелери боюнча, бизнес кандай жүк болбосун аны акыркы керектөөчү менен тең бөлүшөт же, көп учурда, жүктү толугу менен анын карамагына өткөрүп берет. Бул товар менен кызмат көрсөтүүдөгү кошумча чыгымдарды жаратып, анын орду акыркы керектөөчүнүн капчыгынан толтуруларын билдирет.
Кыргызстандын жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы салыкка түз тиешеси жок болгондуктан, аны колдонуунун зарылдыгы жок экенин айтат:
“ЭТТК менен ЭЭФнын эч байланышы жок. Бири-бири менен шайкеш келтирүү өтө кыйын. Башкача айтканда, ЭТТК өзүнчө бөлөк система. Ал салыктар менен байланышта эмес. Анткени салык – бул электрондук эсеп-фактура. Кодекске ылайык, биз бүт салыктарды электрондук эсеп-фактура менен эсептейбиз. Демек, “ЭТТК эмне үчүн керек?” деген суроо коюлушу керек. Андан кийин жумшартуу тууралуу айтса болот”.
Куйрукту чорт кескен кескелдириктей...
Коомдогу көптөгөн оош-кыйыш талкуулардан кийин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз ишкерди ашыкча убарагерчиликке салган бюрократия эле эмес, жетекчилердин жемкордугуна шарт түзүп бере турган курал да болуп бере алары ачык болуп отурат. Улуттук коопсуздук комитети жакында ЭТТКны колдонууда ири көз боёмочулук болгонун, ага жогорку даражалуу салыкчылар да катышканын айтып чыкты. Ондогон миллиард сомду чапчыган кылмыш ишинин алкагында Салык кызматынын төрагасы, анын орун басары жана бир катар райондук жетекчилери кармалды. Иш аны менен чектелбей, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматынан кеткени белгилүү болду.
Буга чейинки талаш-талкуулар коштолуп келген өтө татаал салыктык реформалар Акылбек Жапаровдун жеке акыл-парасатына тыгыз байланыштуу болгондуктан, аны оюндан жыдытуу менен реформалардын логикалык уланышы да чорт кесилгендей болуп турат. Татаал схемалар менен чиеленишкен баш катырмаларга бай реформаларды башкалардан бир нече кадам алдыга ойлонгон Акылбек Жапаров өзү гана аягына чейин чыгара алмак. Аны жаманатты кылып кетиришкенден кийин, айла-амал жагынан ага тең келер, баштаган ишин кынтыксыз улантууга тиш салар кишинин табылары күмөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов мурунку өкмөт салык реформаларын терең анализдебей туруп, жаңылыш жолдор менен ишке ашыргандыктан, ал жааттагы санариптештирүүнүн дискредитацияланышына алып келгенин айтууда.
“Санариптештирүү бардыгына ыңгайлуу да. Бардыгына жакшы. Бул эртеңки күн. Аны сөзсүз кылыш керек. Бирок ура-ура менен кыска мөөнөттө бюджетти көбөйтөм деп бир эле максат коюп алган. Салык – бул өнүгүүнүн инструменти. Анан кийин бюджетти толтуруунун инструменти. Булар өнүгүүнү биринчи кезекке койбой, бюджетти толтурууну коюп алып, бүт бардыгы чатакка келгени ошондон болуп атат. Алдыда мындай боло бере турган болсо, орто бизнес жана кичи бизнес толугу менен жок болот. Бүт өндүрүштү, бардык жакты коллапска алып келет. Себеби бүгүнкү күндө эле көп бизнестер туңгуюкка кирип калган болчу. Ошондуктан азыр эми тигил жакта Шыкмаматов баш болгон жаңы күчтөр, жаңы көз караштар менен Акылбек Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда талаш болуп жатат деп ойлойм”.
Акылбек Жапаров баштаган кыргыз өкмөтү 2022-жылдан тарта өлкөдө кардиналдуу фискалдык реформаларды жүргүзө баштагандан бери ишкер чөйрөдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура, көзөмөл-кассалык машина өңдүү бир катар жол-жоболорго нааразылык айтылып келген. Көптөгөн митингдер, жыйындар өтүп, кайрылуулар жазылган.
“Салыктык башкарууну жакшыртуу аркылуу көмүскө экономиканы азайтып, жыйымдарды көбөйтөбүз” деген ураан менен алдыга умтулган өкмөт бул каршылыктарга көпкө чейин моюн сунбай келди.
Шерине