Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Коркунуч тууралуу эскертүү үндөрү бардык облустарда жаңырды. Украин бийлиги орус армиясынын жапырт чабуулуна өлкөнүн энергообъектилери дуушар болгонун билдирди.
2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко кайрылып, мурдагы президентти сыртынан соттоо үчүн колдонулган беренелерди “Баш мыйзамга каршы келет” деп таанууну өтүндү.
Ошентип, чейрек кылым башкарган Башар Асаддын режими кулап, өзү үй-бүлөсү менен Орусиядан башпаанек тапты. Дамаск оппозиция топторунун колуна өттү.
Быйыл күзүндө Казакстандын Талгар шаарында киши колдуу болгон Шерзат Полаттын жакындары административдик жоопкерчиликке тартылды. Маркумдун атасы Каржаубай Нурымов коомдук тартипти бузган деген негизде 15 суткага камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголду.
Кыргызстанда “Бишкек сити” эл аралык ишкердик борборун куруу үчүн түзүлгөн мамлекеттик дирекция жоюлуп, бул милдет Бишкек мэриясына жүктөлдү. Мурдараак шаарча калаа жакасындагы Орок айылынын жанына же “Аккула” ат майданынын ордуна түшөрү маалымдалган. Бирок долбоор азырынча ишке аша элек.
Президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Түркиядагы сириялык качкындар мекенине кайтууга бел байлады. Түрк бийлиги 3 миллионго жакын качкынды мекенине коопсуз жол менен жөнөтүүнү көздөй турганын, Сирия менен чек арадагы үч өткөрмө бекет 11 жылдан кийин кайра ачылганын белгиледи.
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала Бишкекке келип, кыргыз бийлиги менен жолугушууларды өткөрдү. Анда Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы талкууланды.
11-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда каралды.
Биринчи май райондук соту мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду “бейбаштык” жана “чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салганы белгилүү болду.
Орусия Украинага бастырып кирген эки жыл ичинде кыргызстандык мигранттар ар кандай жагдайда согушка тартылган бир нече учур ачыкка чыккан. Согушка кеткен жакынынын дайыны чыкпай жатканын айтып кайрылгандар бар.
Өзбекстанда эмдиги жылдан тарта аялдардын жатын моюнчасынын жана эмчек рагын аныктап, айыктырууну түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган атайын программа ишке кирет. Өлкөдө бул илдеттерден көз жумган кыз-келиндердин саны арбын. Аны дарылоо да көп каражатты талап кылат.
Европада жана Борбор Азияда косметикалык каражат жана лазердик жарым өткөргүчтөрдү өндүрөт деген аталышты жамынып, тыюу салынган заттарды Орусияга жиберген бүтүндөй бир тармак пайда болгон. Аны менен Украинада согуш башталганы санкцияларга кабылган орусиялык миллиардердин компаниясы иштейт.
Дагы жүктөңүз