Газа тилкесинин бир нече шаарына, анын ичинен качкындар баш калкалаган жайларга жасалган Израил армиясынын аба соккуларынан 50дөн көп адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү медиктер билдирди. ЦАХАЛ 15-декабрдагы соккуларды ХАМАС радикал уюмуна каршы операция катары түшүндүрдү.
Тажикстандын Канибадам районунда дагы бир үрөй учурган киши өлтүрүү катталды. "Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, дүйшөмбүгө караган түнү Хисорак айылында төрт кишинин сөөгү табылган. Каза болгондордун экөө жубайлар, экөө эне-бала экени кабарланды.
Өткөн жумада Бишкекте онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти.
Кыргыз киносунун архивин сактап жүргөн фотосүрөтчү Александр Федоров 1996-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрдын жамаатынын чогуу түшкөн сүрөтүн тарткан.
9-15-декабрда дүйнө басылмаларына чыккан айрым баяндарга сереп.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин күнөөсүз адамды атайлап каматкан орган кызматкерлери жазаланары тууралуу эскертүүсүнөн кийин айрым активисттер өздөрү жапа чеккен окуяларды айтып чыгышты.
Учурда Грузияда эки президент - "Грузин кыялы" партиясынын мүчөсү, мурунку футболчу Михаил Кавелашвилини 14-декабрда парламенттеги «шайлоочулар коллегиясы» тандады. Ал эми кызматтагы президент, дасыккан саясатчы Саломе Зурабишвили жаңы парламенттик шайлоо өтмөйүнчө бийликтен кетпей турганын айтты.
Бишкектеги Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театры «ШИРЕ-ШЕРИ-НЕ» деп аталган спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Ролдорду майыптыгы бар 12 кыз-келин жараткан. 40 мүнөткө созулган спектаклде кыз-келиндер өздөрүнүн майыптыгы жана жынысы боюнча дискриминацияга кабылганы тууралуу баяндайт.
Декабрдын башында Германияда көп жылдан бери жашап, бизнес жүргүзгөн ишкерлер бир аянтчага чогулуп, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар Евробиримдиктеги экономикасы кубаттуу Германияда кантип бизнес долбоорлорду баштап, ийгиликтүү ишке ашырса болорун айтып беришти.
Кыргызстанда Абхазия, Армения жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунаалардын мыйзам бузуусун аныктоо үчүн текшерүү уланып, учурда 300дөн ашык машине айып жайына токтотулду.
Дагы жүктөңүз