24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. IQAIR сайтындагы көрсөткүч боюнча шаардын борбордук бөлүгү 458 индексти көрсөтсө, калаанын башка аймактары 600-760 индекске чейин жеткен.
Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания №47 түзөтүү колониясынын ордуна курган "Мурас" турак жай комплексинин ачылыш аземи өттү. Ага президент Жапаров өзү катышып, аталган комплекс жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналарын белгиледи.
Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде Чеченстандын баш калаасы Грозныйга бараткан учак кулады. Кырсыктан борттогу 67 кишинин 38и каза болду, 29у аман калып, ооруканага жеткирилген.
Өзбекстандык 29 жаштагы Ахмаджон Курбанов Орусиянын аскер күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу бөлүмүнүн начальниги Игорь Кириллов менен анын жардамчысы Илья Поликарповду өлтүрүүгө шек саналууда.
2024-жылы орусиялык социалдык түйүндөрдө Кытайга барып, урук клеткасынын донору болууга чакырган жарнама өтө көп. Ал үчүн бою 162 сантиметрдан өйдө, дени сак, чырайлуу кыздарга бир нече миң доллар убада кылынат. Бирок Кытайда коммерциялык донорлукка тыюу салынган.
Cалыктын айрым эрежелерин жумшартуу боюнча маселеден улам өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда эки ача пикир жаралды.
Израил ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө катышын моюнуна алды. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган радикал уюмдун саясий бюросунун жетекчиси быйыл 31-июлда Тегеранда жок кылынган.
Баткен облусунун жетекчилиги алмашты. Президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев кетип, анын ордуна Улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун директору Айбек Шаменов дайындалды.
Москвада Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Игорь Кирилловдун өлүмүнө шектелип кармалган 29 жаштагы ташкенттик Ахмаджон Курбоновдун үй-бүлөсү Өзбекстандын укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында акын, жазуучу, адабий сынчы жана котормочуларды даярдай турган эки жылдык жогорку адабий курс ачылды. Учурда анда адабиятка кызыккан ондон ашуун угуучу билим алып жатат.
Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагынын алдына камактагылардын жакындары чогулуп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты тургун абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдирди.
Дагы жүктөңүз