Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:47

Бишкек: Абактагылардын жакындары койгон талап, ЖАКтын жүйөсү


Тергөө абагынын алдындагы нааразылык

Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагынын алдына камактагылардын жакындары чогулуп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты тургун абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдирди.

Бишкек шаарынын тургуну Нарынбек Табалдиев жети айдан бери Бишкектеги №21 абакта отурган уулу себепсиз эле сабалганы тууралуу укканын айтууда. Ал өзүнө окшогон бир катар жарандар абактагы жакындарынын кабарын ала албай жатканын билдирди.

"Балдарды жанчып салыптыр"

"Балдарды жанчып салыптыр, түрмөдө ачкачылык дейт. Бул жердеги эже-байкелердин баары айтып жатат. Эч эле себепсиз, жөн эле уруп жатыптыр. Менин балам 19 жашта. 13-майдагы окуяны балдарга бөлүшүп чыккан. Ошон үчүн отурат жети айдан бери".

Дагы бир шаар тургуну Ишен Сүйүнбаев интернетке ар кандай маалыматтар тараганын айтып, анын чын-төгүнүн аныктай албай, бушайман болуп жатканын билдирди. Ал дагы абактагы уулунун абалына кабартыланып жатат:

“Бешинчи күнү атайын күчтөр кирип алып сабаптыр деген маалымат интернетке чыгып кетти. Анан алтынчы күнү адвокатты ээрчитип алып келсем, аны киргизбей койду. Мурда кире берчү эле, азыр алтынчы күнү кире албай калыптыр. Баламдан дайын жок, эмне болгону белгисиз. Сабаптыр деп эле айтып атат. Ошон үчүн келдим. Мында жаткан балдарда эмне күнөө? Көчөгө чыгып митинг кылбаса, ичинде мусапыр болуп жатат да”.

Мунун алдында бир катар басылмалар Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан.

24.kg медиасы камакта жаткандардын жакындарына шилтеме жасоо менен абакта жаткандардын айрымдары сабалганын, каршылык ошондон кийин башталганын кабарлаган. Бирок маалыматты кийин сайттан өчүрүп салган.

"Азаттыктын" социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына да абакта жаткандардын жакындары кайрылып, камактагы туугандарынын жайын тактап берүүнү өтүнүп жатышат.

"Маалымат чындыкка дал келбейт"

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абакта камалган адамдар жапырт ачкачылык кармаганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай каңшаар кайдан жана эмне себептен чыгып жатканы белгисиз экенин, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

"22-декабрга караган түнү Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде жана ТИЗОлорунда абактагылардын массалык ачкачылык акциясы башталганы тууралуу социалдык тармактарда жана коомдук сайттарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. ЖАКтын мекемелери күнүмдүк тартипке ылайык кадимкидей иш алып барууда. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандарды жана соттолгон жана тергөөдө камалгандардын жакындарын расмий маалымат булактарына гана таянууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат анда.

Акыйкатчы институту жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери абак жайларда жүргөнүн айтышып, кийинчерээк маалымат берерин маалымдашты.

“Азаттыктын” кабарчылары милицияга түшүнүк кат жазып чыкты

№21 абактын алдына чогулган адамдардан интервью алганы барган "Азаттыктын" кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператор Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери Бишкектин Октябрь ички иштер бөлүмүнө алып кетип, бир жарым сааттан кийин коё берди. Укук коргоо кызматкерлери чогулган адамдардын биринен алынган интервьюнун видеосун берүүнү талап кылышты. Бөлүмгө жеткирилген соң алар ушул эле талабын кайталап, адвокаттын кийлигишүүсүнөн кийин журналисттер окуя жөнүндө түшүнүк кат жазып берип, бөлүмдөн чыгышты.

Жаза аткаруу кызматындагы кадрдык алмашуу

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев 18-декабрда кызматынан кетип, Министрлер кабинетинин төрагасы анын ордуна Чыңгыз Кожошевди дайындаган.

Расмий маалыматка ылайык, Чыңгыз Кожошев 1985-жылы Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетинин “юриспруденция” адистигин аяктаган. 2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келаткан. Ага чейин Ички иштер министрлигинде (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген. Ал аталган кызматтарда кайсы жылдары иштегени тууралуу так маалымат жок.

2022-жылы Кыргызстандан күч менен чет өлкөгө чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчаларына Чыңгыз Кожошев буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы да болуп иштегенин жазды.

Бул тууралуу ЖАКтын жаңы төрагасы комментарий бере элек. Кызматтан кеткен Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп 2020-жылы октябрь айында дайындалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG