Шыкмаматовдун сунушу
Алмамбет Шыкмаматов 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде депутаттардын суроосуна жооп берип жатып беш гана товарга ЭТТК киргизилиши керектигин айтты. Ал Кыргызстанда сатылып жаткан товардын түрү 13 миндей экенин белгилеп, баарына ЭТТК алуу мүмкүн эмес деген жүйө келтирди.
"Ошондуктан, мен беш гана товарга: мунайзаттарга, спирт жана тамекиге, дары-дармек жана медициналык жабдууларга гана киргизилиши керек деп эсептейм. Булар бюджет түзүүчү товарлар", - деген Шыкмаматов бул жеке пикири экенин, ЭТТК саясатын Экономика жана коммерция министрлиги жүргүзүп жатканын белгиледи.
Комитет жыйынына катышкан экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов мекеме Шыкмаматовдун сунушун колдой турганын билдирди.
Комитет жыйынындагы кайым айтыш
Депутат Элвира Сурабалдиева “мындай демилгени Алмамбет Шыкмаматов кызматка жаңы дайындалган соң айтып жатса, демек президент менен макулдашылган” деп түшүнүп жатканын белгилеп, муну кубаттай турганын кеп кылды.
Мындан соң Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев сөз алып, Шыкмаматовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз тууралуу сөзү анын жеке пикири экенин, ал дагы талкууланышы керектигин айтты.
“Бул маселе дагы талкууланат. Адылбек Касымалиев өз программасы менен парламентке келгенде ишкерлер арасында ЭТТКны толтуруу жана жеке кабинетке кирүү көйгөйлүү маселе экенин айткан. Дал ушул эки маселени Алмамбет Насырканович кийинки жылдын биринчи кварталында чечиши керек. ЭТТК жок баары бир болбойт. Буга чейин Улугбек Зулпукарович ишкерлер ККМ же патент менен иштешине шарт түзүлсө деген сунуш айтып кетти. Бирок бул жерде андай иш жүрбөйт. Анткени, патент менен болгон күндө да ККМ керек. Ошондуктан, ККМ деген эмне, ЭТТК деген эмне экенин, маселени түшүнүп анан айтыш керек. Биздин саясат - ККМден кетпейбиз, ЭТТКны токтотпойбуз”, - деди Амангелдиев.
Буга Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жооп кайтарып, буга чейин ЭТТКны киргизүүдө тиешелүү анализ жок болгонун билдирди:
“Мен унчукпай эле отурайын десем, өздөрү тилден тартышат. Сөздүн төркүнү “бул түшүнбөй эле айта берет” деген болуп жатат. Андай эмес, мен жакында дал ушул ЭТТКга анализ жок, туура эмес киргени үчүн жоопкерчиликке тартчу адамдардын маселесин көтөрөм", - деди.
Көп өтпөй эле президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирүү таратып, Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго салыкты жеңилдетүү тапшырмасын бергенин жазды. Анда Садыр Жапаровдун базарлардагы көйгөйлөр тууралуу маалыматы бар экени жана "салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек" деген тапшырма бергени айтылган.
“Мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча акыркы толук маалымат бар.
Дал ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров жакында эле Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго ЭТТК боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган", - деп жазды Алагөзов.
Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиев өткөн жумада парламентте жаңы салык саясаты соңку учурда көп талкууланып жатканын белгилеп, алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (орусчасы ЭТТН), көзөмөл-кассалык машина (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын билдирген.
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кеткен. Мындай кадам салык маселесине байланыштуу болгонун президент Садыр Жапаров билдирген.
Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.
Министрлер кабинетинин жаңыдан дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиев салыктын жол-жоболору кайрадан каралып чыгарын айтканы менен жумшартуулар кандай өңүттө жүрөрү азырынча так жарыялана элек.
2025-жылдын бириктирилген (консолидацияланган) бюджетинин долбоору 700 млрд сом көлөмүндө бекитилген. Анын ичинен республикалык бюджет 429 млрд сомду түзөт. Жаңы жетекчи бекитилген бюджет толугу менен аткарыларына бир нече жолу ишендирип кетти.
Бюджеттин киреше бөлүгүнүн 84% салыктык чогултуулар түзөт. Андан кийинки 2026-2027-жылдары салыктын бюджеттин кирешесиндеги үлүшү улам 1-2% тепкичтен өсө берет. Мындай көрүнүш менен салыктын бюджеттеги орду дагы да көбөйбөсө, азая тургандай эмес.
Арийне, Адылбек Касымалиев салыктын түрү менен өлчөмүн көбөйтпөй, аны башкарууну жакшыртууга көп көңүл бурарын билдирди:
“Чындыгында акыркы убакта бул маселе абдан көтөрүлүп атат. Биз мына Данияр Жолдошевич менен да кеңешип, сүйлөштүк. Бир жумушчу тобун түзүп, ушу ЭТТК, ЭЭФ, ККМ маселелерин дагы бир сыйра карап чыгабыз. Биз булардан баш тартпайбыз. Бирок жөнөкөйлөтүү, жеңилдетүү маселесин толугу менен карап чыгабыз”.
Өкмөт башчы салыктагы жеңилдетүүлөр кайсы документтер менен жана кандай формада ишке ашарын тактаган жок. Экономика жана коммерция министрлиги менен Салык кызматы бул жааттагы конкреттүү иш-аракеттерин ачык билдирбей турат.
Депутат Марлен Маматалиев салык төлөөчүлөргө болгон басым жетер чегине жетип турганын, андыктан ишкерлерге жүк арта бербей, алардын санын көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл экенин айтты:
“Мына, эгерде апельсинди бизнес дей турган болсок, ушуну сыксаңыз, чыкса бир ушунча (стаканды көрсөтүп) чыгат да. Ушул сыяктуу эле биз толук түрдө фискалдаштырдык, көмүскө экономика менен күрөштүк. Бул жете турган жерине толук жетти. Андан ары сыга берсеңиз, элге өтүп кетет. Кийинкиде программаңызга багыт алсаңыз, ушулардын санын көбөйтүш керек. Анан, кайра эле барып, кайра салыкты сыгат элем, дагы басат элем дегенден алыс болсок деп тилеп кетет элем”.
"ЭТТК - ашыкча жүк"
Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформаларды ишке ашырып келет. Жаңы салык кодекси аркылуу жайылтылган көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштери ишкер чөйрөнү бир топ ары-бери копшоп турат. Салыктык башкаруунун татаалдашканы менен кошо салыктын жүгү да акырындап өсүп келет. Мындан улам базарларда бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Кыргызстандын жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева ишкерлерди электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы көп кыйнаарын, салыкка түз тиешеси жок болгондуктан, зарылдыгы жок экенин айтат:
“ЭТТК менен ЭЭФнын эч байланышы жок. Бири-бири менен шайкеш келтирүү өтө кыйын. Башкача айтканда, ЭТТК өзүнчө бөлөк система. Ал салыктар менен байланышта эмес. Анткени салык деген – бул электрондук эсеп-фактура. Кодекске ылайык, биз бүт салыктарды электрондук эсеп-фактура менен эсептейбиз. Демек, “ЭТТК эмне үчүн керек?” деген суроо коюлушу керек. Андан кийин жумшартуу тууралуу айтса болот. Анткени бизге сатып алуучулар өзүнүн унаасы менен келсе да, биз баары бир ал унааны көрсөтүшүбүз керек. Анүчүн унаанын паспортун, маалыматтарын сурап, аларды системага киргизиш керек. Система аларды кабыл алып, анан гана документти чыгарат. Тагыраагы, унаа келип, ушунун баарынан өткөнчө күтүшү керек болот. Бул дагы абдан татаал. Ушунун баарын жөнөкөйлөтүүнүн алкагында чечиш керек деп эсептейм”.
Ускенбаева аталган отчетторду тариздеп туруш карапайым ишкерлер үчүн кыйынчылыкты жаратып, кошумча адис жалдоого мажбур кыларын, ал ишкердиктин жүгүн ансайын оорлоторун кошумчалайт.
Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда салыктын 81% ашыгы ири компаниялардан түшөт. Бирок ишкердиктеги алардын үлүшү 0,6% гана. Ал эми жалпы ишкердиктеги саны 99% жакын болгон чакан ишканалардан жалпы салыктын 13% чогултулат. Ошол эле маалда чакан ишканалар эң көп жумуш орундарын түзөт.
"Салык төлөө ишкер үчүн жөнөкөй болсо"
Министрлер кабинети буга чейин курулуш компанияларына 12% кошумча нарк салыгын киргизүүгө катуу далалаттанган. Адистер менен эксперттер бул салык турак жай рыногундагы жүктү андан бетер оорлотуп, калктын капчыгына олуттуу сокку болуп тийерин эскертишкен. Коомдогу кызуу талкуудан соң президент ал демилгени четке кагып, ал боюнча мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр токтотулган. Ага чейин дары-дармектерди импорттоого кошумча нарк салыгын киргизип, кант камтылган суусундуктар менен күйүүчү майга акциз маркасын жайылткан. Бул өз кезегинде рынокто бир топ кымбатчылыкты жараткан.
Эл аралык ишкер кеңештин президенти Аскар Сыдыков Кыргызстандын ишкердикке түзгөн шарттары эл аралык рейтингдерде начар баа алып жатканын айтат. Эксперт өкмөт ишкерлердин бюрократия менен эмес, ишкердик менен көбүрөөк алек болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши зарыл экенин белгилейт:
“Дүйнөлүк банктын акыркы Business Ready (мурунку Doing Business) рейтингинде Кыргызстандын позициялары көп жакшы эмес. Рейтингдин ичинде салык төлөө жол-жоболору дагы бар. Ошолордо жол-жоболор кандай болушу керектигин, канчалык тез, канчалык оңой болушу керектигин жакшы көрсөтүп турат. Адамдар ар бир товардын түрүн, түсүн, өлчөмүн – баарын компьютерде отуруп терип отурбай, ошонун баарынын үстүнөн тез-тез иштеп турганга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Бул бир эле мисал. Бардык салык төлөө жол-жоболору ушундай тез-ылдам, эч кандай кынтыксыз, карапайым кишиге оңой болушу керек. Адамдар ал жол-жоболорго убактысын коротпой, чыныгы ишкердикке убактысын жумшашы керек”.
Декабрдын башында Улуттук коопсуздук комитети ири суммадагы акциздик маркалардагы көз боёмочулуктар аныкталганын жар салган. Бишкек шаарынын үч районунун салык башкармалыктарынын жана бир аймактык башкармалыктын башчылары коррупцияга шектеп кармалган. Көп өтпөй Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов да камакка алынган. Расмий маалыматка таянсак, ири өндүрүүчү ишканалар ичимдиктерди "Сосновка" өткөрмө пунктунан өткөрүп, анан ошол жерден эле кайра артка кайтты кылып тариздеп, бирок иш жүзүндө товарды кайтарбай эле түштүк облустарына алып барып сатып аткан.
Атайын кызмат башында бул көз боёмочулуктан улам келтирилген зыяндын көлөмүн 3 млрд сом деп атса, Камчыбек Ташиев 17-декабрдагы маалымат жыйынында анын суммасы 30 млрд долларга жеткенин билдирген. Ал мындай жол менен 1 млн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз таризделгенин, көз боёмочулук менен жүгүртүлгөн товардын жалпы көлөмү 400 млрд сомдон ашарын тактаган.
Иштин кесепети өкмөт башчы Акылбек Жапаровго чейин жетип, ал да ишенимдүү отурган кызматынан кол жууп отурат. Буга чейинки экономиканын дың бузуп өнүгүшү, бюджеттин көбөйүшү, бери дегенде миллиарддаган сандардын баш айланта чимирилиши Акылбек Жапаровду сактап кала алган жок. Анын “көмүскө экономиканы” жок кылабыз деп белсенген фискалдык реформалардагы ийгиликтери менен ишкерлерди куушура кыскан салык саясаты акыр түбү келип коррупциялык чыр менен аяктады.
Шерине