Ар кыл талкууларга жем таштаган Өзгөн шаарын айланып өтүүчү кан жол 6-декабрда президент Садыр Жапаров баштаган жоон топ аткаминердин катышуусунда ачылды. Бул - Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү каттам. Андан өтүү үчүн жеңил унаалардан 200 сом, жүк ташуучу машинелерден 700 сом алынат.
2-7-декабрь аралыгында дүйнөлүк басылмаларда жарыяланган айрым баяндарга сереп.
Өкмөт курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын киргизгени жатат. Бул жеке турак жай рыногунда 25% чейин кымбаттоого түрткү болушу мүмкүн. Бирок президент Садыр Жапаров бул демилгеге каршы чыкты.
Кыргызстанда соңку жылдары кант диабетине чалдыккан адамдар көбөйүүдө. Адистердин айтымында, дарт жылдан жылга жашарып жатат. Кант диабети жана анын оор кесепеттери тууралуу "Сергек жашоо" подкастында сөз кылабыз.
Сегиз айдан бери камакта отурган ишкер Имамидин Ташов бүгүнкү сот отурумунун аягында өзүнө кол салып, моюнун белгисиз нерсе менен бир нече жолу тилип жиберди. Конвойлор канды токтотууга аракет кылган учурда ал жыгылып, кийин дарыгерлер ооруканага алып кетти.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сунуштаган коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.
Жогорку Кеңеш коомчулук менен журналисттердин сынына кабылган чуулгандуу интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа, мазактоо үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Академик Мамбет Мамакеевдин мыкты дарыгерлигинен кем калбаган керт башынан өткөндөрүн кызыктуу баяндап берчү өнөрү бар эле. Анын "Эсимде Батый энекем" эскерүү аңгемесинде жетишпеген оор турмуш, кыйын заманга туш келген бүтүндөй бир муундун өмүр-жолу баяндалган.
Жолдордогу тыгын менен транспорттук коллапс Бишкектин жана Казакстандын ири шаары Алматынын тургундарына, экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Эки шаар тең СССР убагында курулуп, автоунаанын мынчалык көптүгүнө ылайыкташкан эмес.
Бүтүндөй чөлкөмдү чыңалтып келген кыргыз-тажик чек арасы боюнча мунаса табылганын айрым серепчилер чоң окуя катары сыпатташууда. Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов мунун мааниси тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Дагы жүктөңүз